Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:37

Августта күйүүчү майдын баасы арзандабайт


Бишкектеги май куюучу жайлардын бири.
Бишкектеги май куюучу жайлардын бири.

Дүйнөлүк рынокто кара майдын баасынын арзандоо тенденциясы байкала баштаган кезде Кыргызстанда күйүүчү, майлоочу майдын баасы кымбаттоо үстүндө болууда.

Улан 20 жылдан бери менчик автоунаасы менен жүргүнчү ташып, каражат табат. Ал май куюучу жайлардагы баанын көтөрүлгөндүгүнөн чөнтөгүмө күч келүүдө деп кейиди:

- Баалардын улам көтөрүлүп жатканы мага да таасирин тийгизүүдө. Мындайча айтканда, капчыкты кыйла жукартты. Анын үстүнө, коомдук транспорттун баалары кымбаттаса, элге эле кыйын да. Күйүүчү майдын баасын жөнгө салуу керек.

Акыркы эки күндө эле АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 70 тыйынга жогорулап, 44 сом 40 тыйынга чыкты. Өлкөнүн түштүгүндө болсо, бензиндин ушул эле түрү 46 сом 80 тыйындан сатылууда.

Бишкектеги май куюучу жайлардын биринде эмгектенген Улукбек айдоочулардын нааразылыгын күндө уга берип чарчаптыр. Анын айтымында, келген кардардын жарымы эле нааразылык билдирип кетет:

- Күйүүчү майдын баасынын өзгөрүшү бизден көз каранды эмес. Бааны биз көтөрбөйбүз. Ошентсе да, кардарлар эмне себептен деп бизден сурашат. Орусиядагы заводдун жарылуусу себеп болууда деп түшүндүрүп коебуз. Ага карабай, ушинтип эле баалар көтөрүлө береби деп, нааразылык билдиришет.

Нефтетрейдерлер бирикмесинин маалыматы боюнча күйүүчү майдын баасынын көтөрүлүшүн Орусиядагы Ачин мунайды кайра иштетүүчү заводундагы жарылуу, Казакстандан 500гө чукул вагон күйүүчү майдын келбей жатышы жана Кыргызстанда бензинге болгон акциз салыгынын жогорулашы шарттаган. Аталган бирикменин аткаруучу директору Улан Кулов август айында баалар дагы өзгөрөрүн билдирди:

- Август айында баалар дагы 3-7 пайызга кымбатташы күтүлүүдө. Бирок биз күз айларында баанын өсүшү токтоп, же төмөндөшүн күтүп жатабыз. Себеби, сентябрь, октябрь айларында күйүүчү майга болгон керектөөлөрдүн көлөмү кескин төмөндөйт. Ошондой эле мунайды кайра иштетүүчү заводдорду оңдоп-түзөө иштери аяктайт.

Монополияны жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысынын орун басары Кеңешбай Тайлаков баанын көтөрүлүшүнө тышкы факторлор таасир этип жатат дейт. Ага карабай агенттик бааны туруктуу кармап туруу максатында өз тарабынан бир катар чектөөлөрдү киргизди:

- Кыргызстанда күйүүчү май рыногунда дээрлик 50% ээлеп, "Газпром" монополист болуп эсептелет. Андан сырткары бир нече жеке компаниялар бар. Биз бааларды жөнгө салуу максатында, "Газпромго" чекене сатууда 12%, дүң сатууда 8% өтпөсүн деп пайдасына чектөө киргиздик.

Жыл башынан бери күйүүчү майдын баасы 17 пайызга же 6,6 сомго кымбаттады. Буга байланыштуу июль айынын аягында маршруттук каттамдардын айдоочулары жол акыны 15-20 сомго чейин көбөйтүүнү талап кылып, иш ташташкан.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG