Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:30

“Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюму Кыргызстанда өмүр бою эркинен ажыратылгандардын укуктарын иликтеди.

Былтыркы июнь коогасынан кийин өмүр бою түрмөгө кесилгендердин саны кескин көбөйгөн болчу.

Азыр мындай жаза менен 250дөй адам отурат. Өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн атайын абак жок.

Иликтөөгө ылайык, өмүрүнүн акырына чейин кесилгендердин теңинен көбү 20 жаштан 40 жашка чейинкилер. Көбү мурда кылмышка аралашпай, биринчи жолу түрмөгө кесилген экен. Басымдуу бөлүгү орто билимдүү, бала-чакалуу, үй-бүлөсү менен да катташып турат.

“Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун юристи Евгения Крапивинанын билдиришинче, өмүрүн түрмөдө кечирип жаткандардын көбү өздөрүн туура эмес соттолгон деп эсептешет:

- Сурамжылоого катышкандардын 88 пайызы сот системасына таптакыр ишенбей турганын көрсөтүшкөн. Анкетада соттун чечими менен макул эместигин айтышкан.

Иликтөө абактардагы шарттардын начардыгын көрсөткөн. Дарыгер Нурбүбү Курманова өмүр бою эркинен ажыратылгандардын ден соолугун текшерген экен. Анын айтымында, бул жаатта бир топ көйгөйлөр кездешти:

- Алардын арасында катуу оорулуулар бар. Абактарда медиктер жетишпейт. Мисалы, штат боюнча терапевт, дерматолог, хирург иштеши керек болсо алардын ордуна эки эле фельдшер бар. Ошондой эле дары-дармектер да жетишпейт.

Укук коргоочулар өмүр бою эркинен ажыратуу жазасын жумшартууну сунуштап жатышат. Жаза аткаруу кызматынын коомдук байкоо кеңешинин төрайымы Чолпон Өмүрканова кыргыз өкмөтүнө бир топ сунуштар берилип жатканын кеп салды:

- Мындай адамдар коомдон таптакыр четтеп калбашы үчүн алар менен баары бир иштешүү керек. Бир топ укук коргоочулар, уюмдар өмүр бою эркинен ажыратуунун ордуна мисалы 20 жыл, же 30 жылга эркинен ажыратуу менен алмаштыруу сунуштарды көтөрүп жатышат. Андан сырткары өмүр бою камакта отурган адамдарга 15, же 20 жылдан кийин кайра кайрылып, ишин кайра караттырганга укук берилсин деп жатабыз.

Адамдын үмүтү өчпөйт да. Эгерде ушундай сунуштар ишке ашса, бул Кыргызстанды жана түрмө тармагын дагы алдыга жылдырат. Алардын арасында сот чечимдерине нааразычылыктарды билдирип жаткандан кийин биз коом катары, жаран катары булардын кайрылууларын карап, көңүл бурушубуз керек.


Кыргызстанда өлүм жазасына 1998-жылы мораторий киргизилген. Өлкөдө өмүр бою эркинен ажыратылгандарга өзүнчө абак куруу каражаттын жоктугунан ишке ашпай жатат.

Былтыркы июнь коогасы боюнча айыпталган 38 адамга сот өмүрүнүн акырына чейин түрмөдө отургузуу тууралуу чечим чыгарган болчу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG