Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:19

Парламент түрмөдөгү аялдарга жана өспүрүмдөргө мунапыс берүү боюнча мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Бул мыйзам кабыл алынып калса 800дөн ашык аял жана өспүрүмдүн жаза мөөнөтү кыскарып, айрымдагы эркиндикке чыгат.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешовдун айтымында, аталган мыйзам долбоору кабыл алынып калса, абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 800дөн ашык аял менен өспүрүм мунапыска илинет. Анын негизинде жеңил жаза өтөп жаткандар эркиндикке чыгып, оор кылмыш жасагандардын жаза мөөнөтү кыскарат.

- Кайсы аял кандай айып менен олтурат. Биз ошолордун баарын изилдедик. Өспүрүмдөрдү дагы карадык. Укукту сактап, аялдарга жеңилдиктерди беришибиз керек. Дагы бир максатыбыз: азыр түрмөдө адамдар аябай көп. Жаза өтөп жаткандарды чыгарып, абактарды кичине бошотуш керек.

Дастан Бекешов

Дастан Бекешов

Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Абдылдаеванын “Азаттыкка” билдиришинче, ушул тапта Кыргызстан боюнча жаза аткаруу мекемелеринде жалпысынан аял-эркек, өспүрүмдөрдү кошкондо 15 миңге чукул киши бар. Булар жабык абактарда, убактылуу тергөө абагында жаткандар жана жаза өтөө кызматында каттоого тургандар.

Бүгүнкү күндө аялдардын жабык абагында 400гө чукул кыз-келин жатат. Ошондой эле түрмөдө 25ке чукул өспүрүм жазасын өтөөдө. Элеонора Абдылдаева:

- Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, аялдар жана өспүрүмдөр оор жана өтө оор кылмыш жасаган учурда эркинен ажыратылып, жабык абакта жазасын өтөйт. Жеңил кылмыш кылган учурда аларга карата жазанын жеңилдетилген формалары колдонулат. Мисалы, жаш балалуу аялдар болсо, балдары чоңойгончо жазасын артка жылдыруу, жеңил кылмыш кылса убактылуу каттоого алынып, оңолуп кеткенине жараша кийинки иш-чаралар каралат. Мунапыс дегенде соттолгондордун баары эле 100 пайыз чыгып кетпейт. Айрымдарынын жаза мөөнөтү кыскарат. Чыга тургандар мыйзам чегинде аныкталат. Анткени улгайгандар, оорулуулар үчүн мыйзамдар бар эмеспи. Ошондой эле мунапыска өтө оор кылмыш кылгандар жана уюшкан кылмыш топтун мүчөлөрү илинбейт.

Элеонора Абдылдаеванын билдиришинче, мунапыс көпчүлүк учурда коомчулукка зыян алып келбеген, кылмышка баруу ниети жок эле кокустан кылмышка кириптер болуп калган, өз ара уруша кетип жок жерден жаракат келтирип алган адамдарга карата колдонулат.

"Чыксам балдарыма той берем"

Быйылкы мунапыс тууралуу жаңылык ушул тапта абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Тамарага эркиндикке чыгуу үмүтүн жандырды десек болот. Адам өлтүрүү беренеси боюнча айыпталып, 2008-жылдан бери абакта күн кечирип келе жаткан бул аял ак жеринен кесилип кеткенин айтат.

Аялдар абагында жаза өтөп жаткан аял байпак токуп отурат

Аялдар абагында жаза өтөп жаткан аял байпак токуп отурат

Кесиби журналист Тамара беш баласын багам деп ишкерлик кылып жүрүп, кокусунан кырсыкка кабылган. Буга чейинки эки жолку мунапыска илинип, жаза мөөнөтү кыскарган аял эми быйылкы мунапыстын арты менен балдарыма кошулам деген үмүттө болууда.

- Бул жактан чыгып эле балдарыма той берем. Балдарым ошол үйлөнүү тойлорун көргөн жок да. Жапжаш болуп, бири-бирин үйлөп, бири-бирин багып, көтөрүп келишти. Чыксам эле төрт балама той кылам. Бир чоң ресторанды алып туруп, анан кичүү баламды үйлөнтөм. Анан ыр жазуумду улантам.

Тамара абакта жазган ырларын да окуй кетти:

Караңгы өткөн кашайган жети жылымды,

Кайрыгым муңдуу катылып келген ырымды.

Ардактуу пендем аз-көппү жазып жүрөктөн,

Алдыңа койдум армандуу баян, сырымды.

Өмүрдүн өрттүү учурун берип азапка,

Өзүм да карып, карытып койдум кылымды...

Талдоочулар соңку 2-3 жыл аралыгында аялдар арасында кылмыштуулуктун саны өсүп баратканын белгилешет. Жыл сайын кылмышка барган кыз-келиндердин саны эки миңден ашат. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында аялдар аралашкан кылмыштардын саны жыл сайын 100-200гө чейин көбөйүүдө. Алардын көпчүлүгү шылуунчулук, маңзат сатуу, ташуу жана адам өлтүрүү беренелери менен кесилгендер.

Социолог Топчугүл Шайдуллаеванын айтымында, аялдардын кылмышка баруусунун себеби бул коомдогу баалуулуктардын өзгөрүшү, аялдардын коомдогу ролунун өзгөрүшү, үй-бүлөдөгү коргонуу аракети, рынок мамилесинде акча табам деп билип-билбей туура эмес жолдорго түшүп алуусу себеп.

Топчугүл Шайдуллаева

Топчугүл Шайдуллаева

Социолог түрмөгө түшкөн аялдар мунапыска илинип эркиндикке чыккан күндө да алардын коомдо кайра ордун табуусу кыйын болоорун, аларды реаблитациялоо механизмин иштеп чыгуу зарылдыгын айтууда.

- Коом айрыкча түрмөдөн чыккан аялзатын өзгөчө кабыл албайт. Керек болсо анын жакын туугандары, бала-бакырасы кабыл албай калган учурлар болот. Мына ушундай учурда алардын чыккандан кийин кадыресе турмушка аралашуунун ортосунда бир көпүрө боло турган институттар, уюмдар, механизмдер иштеш керек. Аларга жат көз караш болбош керек. Бизде “түрмөдөн чыккан” деген аябай эски көз караш бар да. Бул аялдарды коомдон түртүп коет. Анын айынан айрым аялдар кайра түрмөгө түшүп калат

Белгилей кетсек, былтыр Кыргызстанда мунапыс Адам укугу боюнча декларациянын 65 жылдыгына карата жарыяланган. Анда Кыргызcтандын түрмөлөрүндө жаткан 4,5 миңдей адам мунапыска илинген. Андан мурунку 2011-жылкы Эгемендиктин 20 жылдыгына карата жарыяланган мунапыста үч миңдей адам жеңилдик алган.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG