Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:23

Эл аралык тергөө тобу малайзиялык учак Орусиядан алып келинген ракета менен атылган деп жарыялады


Малайзия аба жолдоруна таандык MH17 учагы 2014-жылы 17-июлда Украинанын аба мейкиндигинде учуп бараткан кезде атып түшүрүлгөн.
Малайзия аба жолдоруна таандык MH17 учагы 2014-жылы 17-июлда Украинанын аба мейкиндигинде учуп бараткан кезде атып түшүрүлгөн.

Маалыматка караганда, учак БУК ракетасы менен Орусия колдогон жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактан атылган. 28-сентябрда Голландиянын башкы прокурору жана Эл аралык тергөө тобунун башчысы Фред Вестербеке учактын андан башка себептен кыйроосу мүмкүн эместигин иликтөө аныктаганын билдирди. Ал ошондой эле андан аркы иликтөөлөргө зыяны тийбеши үчүн Бириккен тергөө тобу өзүнүн бардык корутундуларын азыркы кезде толук жарыялабасын кошумчалады. Голландия полициясынын тергөөчүсү Вилберд Паулсен буларды билдирди:

- Тергөө базасына таянып, MH17 каттамы 2014-жылы 17-июлда БУК системасынын 9-М-83-38 сериядагы ракетасы менен атылган деген жыйынтыкка келдик. Ал Орусия Федерациясынын аймагынан алынып келинген жана атуудан кийин кайра чыгарылып кеткен.

Малайзиянын MH17 учагы 2014-жылы 17-июлда Украинанын аба мейкиндигинде учуп бараткан кезде атып түшүрүлгөн. Учактагы 298 жүргүнчү жана экипаж мүчөлөрү каза тапкан. Орусия жикчилдерге андай курал берди деген айыптоолорду четке кагып, учак Украина күчтөрү тарабынан атылган деп билдирип келет. (AiT)

XS
SM
MD
LG