Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:44

Жогорку Кеңеш мунапыс мыйзамын кабыл алды


Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 65 жылдыгына карата Жогорку Кеңеш “Мунапыс жөнүндөгү” мыйзам долбоорун кабыл алды.

Бирок мунапыстын негизинде 3000 адам бошотулат дегени менен абакта отургандардын ичинен 200 гана адам эркиндикке чыгат, калгандары шартуу кесилгендер жана колония-поселенияда жаза өтөп жаткандар.

Кыргызстанда жалпысы 15 миңдей соттолуучу бар болсо, анын 10 миңге жакыны абакта отурат. “Мунапыс жөнүндөгү” мыйзам долбоор абактардын өзүндө да талкууга алынып жаткан кез.

“Мунапыска илинбей калат окшойм”

Өзүн телефон аркылуу “Азаттыкка” Элдияр деп тааныштырган жигит Жогорку Кеңеш кабыл алган “Мунапыс жөнүндөгү” мыйзам долбоору абактарда да талкууланып жатканын айтты.

Мунапыстын шарттары менен тааныш болгон Элдияр ал тизмеге кирип каларына ишенбейт. Анткени ал “карактоо” беренеси менен үч ирет соттолгон экен.

- Мыйзам долбоорунан кабарым бар. Бирок парламентте бир берене менен үч жолу соттолгондорго мыйзам тиешелүү болбойт деп айтып жатышат го. Мисалы, адам өлтүрүп же зордуктоо менен соттолсо бир жөн. Бирок бизге эмне үчүн мунапыс бербей турганын билбейм.

18-декабрда Жогорку Кеңеш кабыл алган “Мунапыс жөнүндөгү” мыйзам долбооруна ылайык, Кыргызстанда үч миңге жакын адам жазадан кутулат. Анын ичинде 200дөй адам жабык абактардан бошотулат. Мыйзам долбоорунун демилгечиси, Социал-демократтар фракциясынын депутаты Галина Скрипкина мыйзам кимдерге тиешелүү экенин түшүндүрүп берди.

- Биринчи жолу беш жылга чейинки мөөнөткө соттолгон, эрезеге жете электер, 60 жаштан өткөн эркектер, ошондой эле 55 жаштан өткөн аялдар, экиден кем эмес эрезеге жете элек баласы же мүмкүнчүлүгү чектелген балдары, же багуусунда I топтогу майып ата-энелери бар, үй-бүлөдө жападан жалгыз багуучу болуп саналган адамдар бул “Мунапыс жөнүндөгү" мыйзам боюнча бошоно алат.

Ошондой эле үч жашка чейинки курактагы балдары бар кыз-келиндер, кош бойлуу аялдар, I жана II топтогу майыптар, жаза мөөнөтү бир жылдан аз калгандар да бошотулат. Мындан тышкары, биринчи жолу чоң коркунуч келтирбеген кылмыштарды жана анча оор эмес кылмыштарды жасагандар коё берилет. Бирок эң башкы шарт - жогорудагылардын баары өтө оор кылмыштар менен соттолгондор болбошу керек. Өтө оор кылмыш менен кесилгендер үчүн бул мыйзам долбоору иштебейт.

Абактан 200 адам чыгат

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын атайын бөлүмүнүн башчысы Бакыт Термечиков 3 миң адам жаза мөөнөтүнөн бошотуларын айтты.

- Эгер бул мыйзамга президент кол коюп, күчүнө кирип кала турган болсо, ал абактагы 11 миң адамдын жаза мөөнөтүнө таасирин тийгизет. Башкача айтканда алардын жаза мөөнөттөрү кыскарышы мүмкүн. Анын ичинен 3 миңдей адамдын жаза мөөнөтү токтотулат. 3 миң адамдын 200дөйү түрмөлөрдөн чыгат. Калганы шарттуу түрдө соттолгондор жана башкалар.

Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 65 жылдыгына карата Жогорку Кеңештин “Мунапыс жөнүндөгү” мыйзамды кабыл алышын укук коргоочулар да кубатташты.

“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдирасулова өнүккөн өлкөлөрдө кандай кылмыш кылганына карабай, оңолуп, коомго коркунучу жоголгон ар бир соттолуучу мунапыска илинүү мүмкүнчүлүгү бар экенин мисал тартты.

- Мамлекет ошол жактан да кам көрүш керек. Ошондо түрмөдөн чыгып келген адамдар кайра абакка түшмөк эмес. Балким арасынан бирин-экин камалмак. Баары тең эле коом үчүн коркунуч келтирбейт деген ишеним болуш керек. Мисалы, азыр үч миң адам жазадан кутулса, коомдо алардын таасири кандай болот деп жатабыз? Менимче, эч нерсе болбойт, алар деле биздин арабызда жашап жүргөн эле кишилер.

Жаза аткаруу кызматы да жеңил жаза менен соттолгондордун бошотулушу криминалдык абалга терс таасирин тийгизбейт де ишендирүүдө. Кыргызстанда 15 миң соттолуучу бар. Анын 10 миңге жакыны абактарда отурушат. Акыркы жолу “Мунапыс жөнүндө” мыйзам 2011-жылы өлкө эгемендигинин жыйырма жылдыгына карата берилген болчу.

XS
SM
MD
LG