Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:34

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы мындан ары оор кылмыш кылгандарды өзүнчө, мурдагы "погончондорду" өзүнчө бир абакка бөлгөнү жатат.

Укук коргоочулар да бул көрүнүштү кубатташууда, бирок ири каржылык колдоо болмоюнча демилге ишке ашарына ишенбей турушат. Өткөн айда 9 кылмышкер абак кызматкерлерин өлтүрүп качып кеткен окуя чоң талкуу жараткан болчу.

Чүйдүн Молдовановка аймагындагы №27 абак буга чейин кургак учук менен ооруган абактагы кылмышкерлер үчүн оорукана болчу. Жаза аткаруу кызматы учурда оорукананы №31 мекемеге көчүрүп, 27-абакты толугу менен түрмөгө айлантууда.

Бул абактын өзгөчөлүгү - мындан ары анда “погончон” кылмышкерлер кармалат. Башкача айтканда, милиция же башка күч органдарында иштеп жүрүп, кылмыш кылганы үчүн соттолгондор өзүнчө имаратта жазасын өтөп, башка кылмышкерлер менен аралашпайт.

Абактын жетекчиси Өмүрбек Кадыралиевдин айтымында, абактарда “погончондорго” мамиле одоно болуп, алардын өмүрү ар дайым коркунучта тургандыктан ушундай чечим маанилүү болуп турат.

- Атайын бир имаратты өзүнчө кайтарабыз. Бул жак “кызыл” аймак деп аталат. Биз алардын коопсуздугун ойлоп жатабыз. Себеби милиция кызматкери түрмөгө түшүп калса, ал жакта жылуу кабыл албайт, ар кандай шылдыңга алган учурлар бар. Ошондуктар “каралар” менен “кызылдарды” бөлүп жатабыз.

Өмүрбек Кадыралиев кошумчалагандай, №27 абакка ушул жылдын аягына чейин которула турчу кылмышкерлер алып келине баштайт. Бул абакта биринчи жолу оор кылмыш кылгандар дагы өзүнчө кармалат.

Өмүр бою кесилгендер өзүнчө кармалат

Мындан башка Чүйдүн Жаңы-Жер айылындагы №19 абактын жаңы имараты дагы жакынкы аралыкта ишин баштамакчы. Бул түрмөнүн өзгөчөлүгү жаңы имаратта оор кылмыш кылып өмүр бою кесилгендер гана кармалат.

ЖАМКнын башкармалыгынын башчысы Аскат Эгембердиевдин айтуусунда, мындай катаал шартта кылмышкерлерди кармоо абагы Кыргызстанда болгон эмес. Бирок курулушу 2007-жылы башталган абактын курулушу үч имараттан турат деп пландалса, арадан сегиз жыл өткөндөн кийин анын бири гана ушул мөөнөттө аяктоо алдында турат.

- Мамлекет тарабынан абактын имаратынын курулушуна 374 млн. сом каралган. Бүгүнкү күндө анын 217 млн. сому курулушка жумшалды. Абактын 1-корпусун жакынкы аралыкта аяктайлы деп турабыз, ал эми качан ишке берилет деген маалыматты айта албайбыз.

Укук коргоочулар абактарда кылмышкерлерди жазасынын түрүнө карата өз-өзүнчө бөлүп кармоо демилгесин колдошууда. Кыйноолорду алдын алуу борборунун жетекчисинин милдетин аткаруучу Нурдин Сулаймановдун пикиринде, оор кылмыш кылгандар менен тоок уурдагандар бир абакта жатканы туура эмес. Бирок мамлекет орчундуу маселеге качан гана абактарда күзөтчүлөр өлтүрүлүп, кылмышкерлер кача баштаганда киришип жатканын кошумчалады. Сулайманов абактарда реформа жүрүп жатканы менен мамлекет каржылык жагынан толук колдобой жатканын да айтып өттү.

- Жаза аткаруу кызматынын жетекчилери качан болбосун мамлекетке айтып, штат маселесин, акча көйгөйүн айтып келишет. Эмне үчүн сөзсүз күзөтчүлөр өлтүрүлүп, абактан тогуз кылмышкер качкандан кийин мамлекет кыймылдоого киришти деген суроо жаралат. Мамлекет саясий эрки жок экенин көрсөтүп жатат. Толук каржылап бүтүрбөсө дагы деле кылмышкерлер кача берет да.

Чындыгында эле 19-абакка мамлекет бюджеттен акча бөлүп жатканы менен №27 түрмө өз күчү менен имараттарды ремонттоп жатканы аныкталды.

12-октябрда Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан №50 жаза өтөө мекемесинен өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган жети жана тергөөдөгү эки адам качып чыккан. Алар төрт түрмө кызматкерин мыкаачылык менен өлтүрүп, качып кетишкен. Абактан качкан тогуз кишинин бешөө бир сааттан кийин кармалса, калган төртөө он күн аралыгында бири тирүү кармалып, үчөө өлтүрүлгөн.

Окуядан кийин жарандык коом абакта реформаны талап кылса, өкмөт бир катар түрмөлөрдүн жетекчилерин алмаштырган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG