Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:12

Абактагы ачкачылыктын себеби эмнеде?


Бишкектин четиндеги 3-түрмө.
Бишкектин четиндеги 3-түрмө.

Кыргызстандын 7 абак жайында ачкачылык акциясы жүрүүдө. Түрмөлөрдөгү нааразылыктардын саясий себептери барбы?

Бул тема “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусунда сөз болуп, ага Акыйкатчы Турсунбек Акун жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын кеңешчиси, полковник Табылды Исаев катышты.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз.




“Азаттык”: Ушуну менен соттолгондор кыска убактын ичинде экинчи ирет ачкачылык жарыялап жатышат. Табылды мырза, түрмөдөгүлөр чын эле жашоо-шартын жакшыртууну талап кылып жатышабы, же башка да себептер шыкак болдубу?

Исаев: Чынын атканда Кыргыз мамлекети эгемен болгон 20 жылдан бери абак жайлар каралбай калган. Каралбай калганынын себеби – бөлүнгөн каражаттар жеткен эмес. Ал эми 13-декабрдан бери ачкачылык жарыялап жаткандар күтүүсүз болду, атайын уюшулган эмес. Себеби уюшкан кылмыштуу топтун айрым мүчөлөрү саясатка аралашып кеткен.


Жогорку Кеңештеги болуп жаткан окуяга алар дагы аралашып, териштирүү, кандайдыр бир жол менен жолтоо болуш үчүн абактагыларды көтөрдү. Бирок көбү өздөрү билбейт эмнеге ачкачылык жарыялап жатканын. Биз ар бир абактан териштирип сурадык, биринчиден жашоо-шарттарын оңдоп берүүнү, тамак-ашты жана медициналык жактан жардам берүүнү суранып жатышат.

“Азаттык”: Март айындагы ачкачылык акциясы учурунда абактагылар дээрлик ушундай эле жети пункттан турган талаптарын билдиришкен. Буларды териштирип чыгуу үчүн өкмөт комиссия түзгөн. Ошол комиссия ишин аягына чыгарбай таштап койгон үчүн кайрадан бул окуя көп өтпөй кайталанып жаткан жокпу?
Биздин саясатчылар уюшкан кылмыш топтор менен байланышып, анан “ууру тойгончо жеп, өлөрчө карганат” дегендей актанып,өздөрүнүн саясий аброюн сактап калыш үчүн түрмөлөрдү дүрбөтүп жатат...
Турсунбек Акун


Исаев: Чындыгында түрмөдө отургандардын туугандары, бей өкмөт уюм, тиешелүү мекемелердин өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүлүп, маселе каралган. Бул маселелер чечилген. Бирок бүгүнкү күндө мамлекеттин абакта отургандарга талап кылынган каражатты бөлгөнгө мүмкүнчүлүгү жок. Эгер каражат бөлүнсө, абактагы кээ бир маселелер оң жагына чечилет деп ойлойм.

“Азаттык: Турсунбек мырза, сиз абактагылар Келдибековдун спикерликтен кетишине нааразы деп айткан элеңиз. Муну кечээ Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Байзаков мырза да маалымат жыйынында билдирди. Түрмөлөрдү кыдырып жүрөсүз. Чындыгында ачкачылык жарыялоонун негизги себеби ушулбу?

Акун: Биздин кызматкерлер төрт түрмөгө барды, СИЗОдо 20дан ашуун адамдар менен жолуктук. СИЗОго жалаң эле Акыйкатчы институтунун кызматкерлери эмес, укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Сардар Багышбеков барды. Мисалы 31-түрмөдөн бизге балдар телефон чалып турушат. Алар Жогорку Кеңеште талкуу жүрүп жаткан учурда эле мага “Эгер Келдибеков отставкага кете турган болсо, ачкачылыкка чыгабыз деп жатышат криминалдык дүйнөнүн өкүлдөрү” деп чалып жатышкан. Анан Келдибеков кызматтан кеткенден кийин эле ачкачылыкты башташпадыбы. Ошондуктан айтууга негиз бар да. Азыр биздин балдар дагы текшерип атат, тергөө органдарына берип атабыз. Жөн эле сөз болбойт.

Ал эле эмес Жалал-Абаддагы 10-колонияда дагы Келдибековго байланыштуу талаптар коюлуп атат деген маалымат түштү. Муну облустагы өзүмдүн өкүлүм аркылуу текшерткени жатам.

“Азаттык”: Демек уюшкан кылмыштуу топтор Кыргызстандын саясий турмушуна таасир эткиси келип жатат деп коомчулукта айтылып аткан сөздөргө негиз барбы?


Акун: Абактагылар таасир эткенге аракет кылган жок. Абактагыларга биздин саясатчылар уюшкан кылмыш топтор менен байланышып, анан актанып “ууру тойгончо жеп, өлөрчө карганат” дегендей өздөрүнүн саясий аброюн сактап калыш үчүн түрмөлөрдү дүрбөтүп жатат. Ал эми түрмөдөгүлөрдө эмне күнөө?

Мен Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын бир топ жетекчилери менен иштештим. Чындыгында Байзаков иштеп атат. Ал түрмөгө сойкуларды киргизгенди кескин токтотту. Буга чейин сойкуларды киргизип, түрмөдөгү тиешелүү кишилер акчасын алып бизнес кылган. Бирок ушунча болду бир мисал айтып коёюн. Улан Мукашев дегенге жарандык никедеги аялы Майтыкова деген келген. Аны нике күбөлүгүңөр жок экен деп киргизбей коюп, жетекчи алып келди деп жолдо келатканда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери аны сойку деп ойлоп тийише баштайт. Аны Байзаков билгенден кийин кечирим сурап, кайра жеткирип коюшат. Ушуну уккандан кийин дагы абактагылар көтөрүлгөн деген дагы маалымат бар...

XS
SM
MD
LG