Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:32

Учак апаатында жабыркагандарга акысыз укуктук жардам берилет


Мерт кеткендердин жакындары.
Мерт кеткендердин жакындары.

Кыргызстандын Адвокатурасы мекемеси жана Адвокаттардын окуу борбору авиакырсыкта жапа чеккендерге акысыз укуктук жардам берет. Бул тууралуу аталган борбордон билдиришти. Өлкөнүн алдыңкы адвокаттары бул демилгени колдошкон. Алар кырсыкта жабыркагандарды коргоо боюнча боюнча бардык тийиштүү кызматтарды көрсөтүүгө макул.

Апааттан 19 үй толугу менен кыйрап, бир катар турак жай талкаланган. Үйсүз калгандар өкмөттүн чечими менен Бишкектеги “Семетей” мейманканасында баш калкалап жатышат.

Расмий маалыматтарга караганда, 38 кишинин өмүрүн кыйган кырсык учурунда айылда 130 адам болгон. Мүрт кеткендердин 34ү кыргызстандыктар, төртөө экипаж мүчөлөрү. Баарынын тек-жайы такталган. Ондон ашуун киши жараат алган.

Жапа чеккен үй-бүлөлөргө президент 100 миң, парламент спикери 80 миң, өкмөт 70 миң сомдон берүүнү убада кылган.

Гонконг-Стамбул багытындагы “Боинг-747-400” жүк учагы 16-январда эртең менен “Манас” эл аралык аэропортуна жакын Дача конушуна кулаган. Расмий билдирүүдө учак май куюу жана экипажды алмаштыруу үчүн конгону жатканда кырсыкка кабылганы айтылат. Ошондой эле учак жүктү Бишкекке алып келатканы тууралуу маалыматтар да бар. (SE)

XS
SM
MD
LG