Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:07

Кыргыз өкмөтү жаза аткаруу системасын жана абактарды реформалаганы жатат. Бул жаатта беш жылга белгиленген улуттук стратегиялык программа иштелип чыгып, талкууга коюлду.

Айрым укук коргоочулар кыргыз түрмөлөрүн оңдоо кыйын болорун айтышууда.

Улуттук стратегиялык программада 2011-жылдан 2015-жылга чейинки аткарылчу иш-чаралар көрсөтүлгөн экен.

Жаза аткаруу кызматынын төрага орун басары Калыбек Качкыналиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, анда жалпысынан 90дон ашык пункттан турган тапшырмалар бар. Алардын теңинен көбүн ишке ашырууга эл аралык донорлор жардам бергени жатат:

- Жалпысынан 4 миллиондой доллар жумшалат. Өкмөт да каражаттан азыноолак жардам берет. Негизинен мыйзамдарга өзгөртүү-толуктоо киргизилет.

Экинчиден, абакта жаткандардын укуктарын, турмуш-шартын жакшыртышыбыз керек.

Үчүнчүдөн, биздин кызматкерлердин абалын эч ким караган эмес. Биз бүгүнкү күндө кызматкерлерибиздин социалдык камсыздоосун жакшырталы деп жатабыз. Андан сырткары абакта жаткандарды кесипке үйрөтүш керек, иш бериш керек. Булардын баары стратегияда жазылган.


Кадыр Токоев Жаза аткаруу кызматынын ардагери, ал бул системаны союздун тушунда жетектеп турган экен.

Токоевдин айтымында, абактагыларды иш менен камсыз кылуу өтө маанилүү:

- Мурун түрмөдө отургандарга тарбияны иш аркылуу берчүбүз. Камакта жаткандарды иштетип, аларды адистикке үйрөтүп, бошоп чыккандан кийин өз алдынча чоң завод-фабрикаларга барып иштешчү. Мына жыйырма жылдан бери заводдордун баары талкаланган. Ушунун айынан абактагылар жумушсуз отурушат.

Шамил Атаханов
12-августта Жаза аткаруу системасынын кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешти. Бул иш-чарага катышкан вице-премьер-министр Шамил Атаханов жаза аткаруу кызматындагы жылыштар бар экенин белгилеп, бирок оркойгон кемчиликтерди дароо оңдоп жиберүү мүмкүн эмес деп айтты:

- Жазаны аткаруу - мамлекеттин өтө татаал функциясы. Жаза аткаруу системасында азыр реалдуу иштер, реалдуу жетишкендиктер бар. Толук оңдолуп калды деп айтууга болбойт. Бул системадагы ондогон жылдар бою тамтыркайы чыккан нерселерди, коррупцияны, уурдап-тоноону бир жылдын ичинде оңдой албайсың. Бул ондогон жылдар бою чогулган проблемалар.

Чынында кыргыз бийликтери буга чейин жаза аткаруу тармагында реформа жасалат деп айтып келишкен болчу. Бирок реформалар бул сыртын өзгөртүү менен гана чектелген деп сындап келишет. Маселен 2002-жылга чейин бул система Ички иштер министрлигинин карамагында болчу. 2002-жылы Адилет министрлигине өткөрүлүп берилген. Ал эми 2009-жылы Жаза аткаруу кызматы болуп өзүнчө органга айланган.

Азыр Жаза аткаруу кызматын жана түрмөлөрдү оңдоого “Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюму да кол кабыш кылып жатат. Аталган уюмдун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова реформа оңой-олтоң жүрбөйт деген пикирин айтты:

Степное айылында жайгашкан аялдардын жаза өтөө жайы
- Реформа болуш үчүн сөзсүз түрдө адам укугун камтыган, гумандуу жана акыйкат мыйзамдар болушу керек. Бүгүнкү күндө Кылмыш кодексинде адам укугуна каршы 62 берене бар. Эгерде адам мындай жолдон тайып, кырсыкка кокустан кабылып калса, ошол 62 берене жабык түрмөлөргө адамды кесип жибергенге мүмкүнчүлүк берет.

Түрмө - совет системасынын калдыгы. Керек болсо Караколдогу түрмө, же болбосо Оштогу Курманжан Датканын баласы жасатып кеткен түрмөгө 100 жылдан ашты. Ошон үчүн бүгүнкү күндө техникалык жактан да өзгөртүү керек. Аябай кейиткен нерсе - түрмөнүн ичинде иштеген кызматкерлердин маянасы абдан аз.


Ушул жылдын март айында Кыргызстандагы абактарда жапырт ачкачылык акциясы өткөн болчу. Түрмөдө жаткандар эң ириде жашоо-шартын жакшыртууну талап кылышкан.

Жаза аткаруу кызматынын Байкоо кеңеши 15-августтан тарта өлкөнүн бардык абактарындагы абалды иликтегени жатат.

Кыргызстанда азыр 10дон ашык түрмө, алты тергөө абагы бар. Анда 15 миңдей адам отурат. Каражаттын жоктугунан өмүрүн акырына чейин кесилгендерге өзүнчө түрмө салынбай турат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG