Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:16

Кара-Көлдө милиция жетекчилигине кылмыш иши козголду


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Кара-Көл шаардык Ички иштер бөлүмүнүн жетекчилигине кылмыш иши козголду. Буга милиция кызматкерлеринин шалаакылыгынан улам каттоого алынбай калган мыйзам бузуу негиз болду.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев “Азаттык” радиосуна билдиргендей, милиционерлер маңзат менен кармалган жаранды коё берип, ал ишти каттоого албай коюшкан

-Окуя июль айынын ортосунда болгон. Маңзат менен кармалган жаран бошотулуп, кылмыш иши белгисиз себеп менен каттоого алынган эмес. Муну Өздүк коопсуздук кызматынын өкүлдөрү аныктап, ачыкка чыгарышты.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси – “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу” боюнча иш козголду.

Милиционерлер маңзат менен кармап, кайра бошотуп жиберген адам изделүүдө. Ал окуя боюнча да кылмыш иши кайра жанданды. (SE)

XS
SM
MD
LG