Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:15

Телтаевдин өлүмү: тергөө жана күмөн ойлор


Иманкул Телтаев
Иманкул Телтаев

№50 түрмөнүн мурдагы башчысы Иманкул Телтаевдин өлүмү коомчулукта ар кыл пикирге жем таштады.

Иманкул Телтаев бүгүн №1 тергөө абагында асынып калган жеринен табылды. Алдын ала маалыматтар боюнча Телтаев өз өмүрүнө кол салган болушу мүмкүндүгү айтылууда. Маркумдун туугандары Телтаев өзүн-өзү өлтүрүшү мүмкүн эместигин айтып, ал кызыкчылыктар кармашынын курмандыгы болгонун боолгоп, акыйкаттуу тергөөнү талап кылышууда. Учурда окуя боюнча атайын тергөө тобу түзүлүп, иликтөө башталды.

Кайгылуу "жума"

Иманкул Телтаевдин асынып калган жеринен нөөмөттө турган кызматкер көрүп калган. Окуя эртең мененки саат жети жарымдарда болуп, көп өтпөй эле дарыгерлер анын өлгөнүн тастыктады. Саат онго чукул сөөк соттук медициналык экспертиза борборуна алып келинип, окуя боюнча атайын тергөө тобу түзүлгөнүн Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарова “Азаттыкка” билдирди.

- Азыркы учурда тергөө тобу, атайын прокуратура жана башкармалыктын өздүк коопсуздук кызматы иш боюнча иликтөөнү баштады. Окуя №1 СИЗОнун санитардык-медициналык бөлүмүндө орун алды.

Телтаевдин өлүмү боюнча премьер-министр Темир Сариев ЖАМКнын жетекчиси Алик Мамыркуловду кабыл алганын өкмөт башчынын маалымат катчысы Бакыт Асанов билдирди. Премьер окуя боюнча тыкыр иликтөө жүрүп, мурдагы жетекчинин өлүмүнө түрткөн себептер аныкталышы керектигин айтып өттү.

№50 түрмөнүн мурдагы башчысы Иманкул Телтаев кызматына шалаакы мамилеси, өткөн айда камактан тогуз киши качып кеткени жана абак кызматкерлеринин өлүмүнө жол бергени үчүн кызматтан алынган эле. Ал Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 11-ноябрь күнү бир айга тергөө абагына камалган.

Туугандары "асынып өлдү" дегенге ишенбейт

Ал ортодо маркумдун туугандары Телтаевди кызыкчылыктардын курмандыгы болгонун айтышып, өз жанын өзү кыйды дегенге көп ишенбей турушат. Уулу Улан Телтаевдин “Азаттыкка” айтып бергенине караганда 19-ноябрь кечинде атасы менен жолуккан учурда, ал өзүнүн акталып чыгаарына терең ишенип турганын билдирген.

Улан Телтаев
Улан Телтаев

- Мен атамдын асынып өлгөнүнө ишенбейм. Кечээ күнү саат 11:30дар чамасында жолукканбыз. Атам окуянын курмандыгы болуп калды. Ал тийиштүү кагаздар бар, аягына чейин чыдайм деп, боштондукка чыгаарына көзү жетип аткан.

Маркум Телтаевдин туугандары акыйкат иликтөөнү талап кылып, кызыкчылыктар кармашы болбошу үчүн ЖАМКнын жетекчиси убактылуу кызматтан четтеп турушу керек деген пикирлерин камтышты. Себеби, Иманкул Телтаев №50 түрмөдө жетекчи болуп турганда ушул жылдын май-июнь айларында бир нече жолу абакта видео камералар иштебей, кызматкерлерди көбөйтүү өңдүү каттар менен ЖАМКнын жетекчиси Алик Мамыркуловго кайрылган.

Атай Бейшенбек уулу
Атай Бейшенбек уулу

Бирок каттарга жооп келбей, акырында түрмөдөгү бардык күнөөнү маркум Телтаевге оодарып, СИЗОго камашканын тууганы Атай Бейшенбек уулу айтууда.

- Ушул жылда эле бир нече жолу ЖАМКнын башчысы Алик Мамыркуловго кат жөнөтүптүр. Анда камералар иштебей атат адистерди жөнөткүлө, кызматкерлерди физикалык даярдыктан өткөрөлү, коопсуздукту күчөтөлү деген каттар менде бар. Бирине да жооп келбей, эми аны өлтүрүп тынышты.

Телтаев негизги күбө беле?

Укук коргоочулар маркум Телтаевде көп маалыматтар болгондуктан, аны тынчытуу үчүн күчтөр бар болгонунан шектенишсе, ошол эле учурда Иманкул Телтаев мындан аркы абактагы өмүрүнөн коркуп, өз жанын кыйышы мүмкүн деген пикирлерин да айтышууда.

Телтаевдин сөөгү алгач ушул жерге алып келишкен.
Телтаевдин сөөгү алгач ушул жерге алып келишкен.

Абактардагы абалга байкоо салып келген укук коргоочу Токтайым Үмөталиева, көз карандысыз тергөө болмоюнча акыйкаттыкка жетүү кыйын деген пикирде. Анын баамында, учурдагы тергөөнү ЖАМКнын ички өкүлдөрү гана жүргүзүп жатканы туура көрүнүш эмес.

- Телтаев негизги күбөлөрдүн бири болчу. Ал 10-октябрда түрмөдөн качкандар боюнча негизги көрсөтмөлөрдү айтып бермек. Буга чейин төрт кызматкер каза болуп калганын билебиз. Демек ашыкча маалымат чыкпашы үчүн муну дагы тынчытышы мүмкүн. Эми УКМК же атайын прокуратура гана тергөөгө киришпесе, акыйкат иликтөө болбой эле кала берет.

54 жаштагы Иманкул Телтаевдин сөөгү Талас облусунун Шекер айылына коюлат. 33 жыл Жаза аткаруу тармагында эмгектенген полковниктин эки уул, бир кызы бар. Телтаев №50 абактын жетекчилигине 2014-жылдын декабрь айында дайындалып, ушул жылдын 10-октябрында кызматтан четтетилген.

Абактын мурдагы башчысы каза болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:02 0:00

XS
SM
MD
LG