Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:59

“Ата Мекен” Юсуповдун укугун буздубу?


Абдулла Юсупов маалымат жыйынында. Бишкек, 27-январь, 2011.
Абдулла Юсупов маалымат жыйынында. Бишкек, 27-январь, 2011.

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы камактагы Абдулла Юсуповго кысым көрсөтүп жатканын айтып чыкты. Ал эми “Ата Мекендин” жетекчиси Өмүрбек Текебаев муну четке кагууда.

“Ата Мекен” фракциясы өткөн жылдын 30-декабрында журналисттер менен биргеликте Бишкектеги №1 СИЗОго барышкан. Ал сапарга “Мегаком” компаниясындагы мыйзамсыз иштер боюнча айыпталып, аталган абакта жаткан Раушан Рыкунованын кайрылуусу себеп болгон.

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева өзүн Абдулла Юсуповдун коомдук коргоочусумун деп тааныштырып, Текебаев баштаган депутаттардын дал ошол сапар учурунда Юсупов жаткан камерага баш багышын мыйзамсыз деп баалады:

- Киргенге укугу жок, юридикалык укугу жок. Мыйзамдык жактан алып караганда, алар соттолуп жаткан адамдан ошол күнү жолугууга макулдугун сураш керек болчу. Абактагы 2 метрлик бөлмө ошолордун (соттолуучулардын) бөлмөсү, алардын уруксатысыз киргенге акысы жок.

Үмөталиева “Ата Мекен” менен Юсупов кызыкчылыктары карама-каршы келген тараптар экенин белгилеп, Юсуповдун камерасын көрүп коюу ниети ага болгон басым деп сыпаттайт.

Ал эми “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев өздөрүнүн кадамдарына мындайча жүйөө келтирет:

- СИЗОнун жетекчилиги "Юсупов мурда башка жакта эле, азыр эл катары эле камерада отурат, көрүп койгула" дегенинен биз алар отурган камераны гана көрдүк. Жашоо-шартын гана көрдүк. Баары мыйзамдын чегинде, ГУИНдин жетекчилери, журналисттердин коштоосунда СИЗОнун кызматкерлери менен, арыз жазган Рыкунова менен жолуктук. Ал эми Юсупов жаткан камераны көрүп коюуну өз милдетибиз деп эсептедик. Анткени ал мурда өзгөчө камерада жатчу экен.

"Прецедент өнөктөштүк" коомдук уюмунун башчысы, юрист Нурбек Токтакуновдун айтымында, Акыйкатчыдан башка эч ким атайын уруксат болбосо соттолуучунун камерасына киргенге акысы жок.

- Туугандар же тааныштар, достор түрмөдөгү кишиге тергөөчү же соттон гана уруксат алып гана кире алышат. Уруксат болбосо кире алышпайт. Түрмө кызматкерлеринин киргизүүгө укугу жок. Омбудсмен гана абактагы жалпы жагдай менен таанышуу максатында кирсе болот.

Бул арада Токтайым Үмөталиева Юсуповдун жактоочулары “Ата Мекен” фракциясынын аракеттерине юридикалык баа берүүнү өтүнүп, прокуратурага кат даярдап жаткандыгын билдирди.

Абдулла Юсупов 2010-жылдын апрель окуяларындагы талап-тоноочулукка шектелип кармалган. Учурда анын иши боюнча соттук териштирүүлөр жүрүп жатат. Юсупов Жаза аткаруу кызматынын мурдагы жетекчиси Зарылбек Рысалиевдин тушунда абакта ээн-эркин жүргөнү айтылып келген. А тургай өмүр бою эркинен ажыратылып, башка камерада кармалган кылмышкер менен жайыл дасторкон үстүндө тамак ичип отурганы видеого тартылып, интернетке жайылган.

Бул видеонун айынан №1 СИЗОнун жетекчиси Марс Жусупбеков кызматтан кетти. Жакында эле "Азаттыкка" маегинде Жусупбеков Юсупов генерал Рысалиевдин көрсөтмөсүнүн негизинде башка бирөөлөр менен жолуктурулуп жүргөнүн, а тургай кадрдык маселелерге чейин киришкенин билдирген.

Абдулла Юсупов болсо "Ата Мекен" фракциясынын айрым депутаттарын 2010-жылдагы талап-тоноочулукка тиешеси бар деп айыптап келет.

XS
SM
MD
LG