Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:21

Укук коргоочу уюмдардын соңку сурамжылоолору Кыргызстандагы убактылуу абактарда отурган ар бир экинчи адам зомбулукка кабыларын көрсөттү.

Эл аралык жана жергиликтүү бир катар укук коргоочу уюмдар быйыл жүргүзгөн акыркы сурамжылоолордо өлкөдөгү убактылуу абактарда отурган ар бир экинчи адам тартип коргоо кызматкерлеринин зомбулугуна кабылары белгилүү болгон.
Баяндамада ошондой эле камактагылардын саламаттыгы дээрлик сакталбастыгы белгиленген.

Иликтөөлөрдү "Фридом Хаус" уюму, "Сорос-Кыргызстан" фонду, Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын Байкоочу кеңеши, “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борбору баштаган бир нече уюм биригип жүргүзгөн.

Өткөн жылы жүргүзүлгөн изилдөөдө убактылуу камактагылардын ар бир үчүнчүсү тартип коргоо кызматкерлери тарабынан кыйноого алынганын айтса, быйыл суралган 260 адамдын ар бир экинчиси мындай зомбулукка кабылганын айткан.

“Эркиндик үнү” корунун координатору Элмира Эсенаманова:

- Негизинен убактылуу камакка алып келгенге чейин кыйнашат. Кыйноонун эң көп колдонулган түрү: кол менен уруу жана тебүү, андан кийин башына желим баштык кийгизүү. Сексуалдык жактан зомбулук, же коркутуу да көп болуп жатат.

Бейөкмөт уюмдарынын айтымында, маселе - милицияда. Кылмышка шектелгендер милиция кызматкерлери кармаганда зомбулук көрөт. Ошондой эле сот тармагындагы адилетсиздиктен жарандардын укугу тебеленүүдө.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов милицияга коюлган дооматка мындайча жооп кайтарды:

- Ошондой кыйноо фактылары болсо, келгиле, чогуу иштешели. Биздин байкоочу кеңеш, басма сөз каражаттары, укук коргоо уюмдары менен дагы бир жолу текшерип, милиция кызматкерлери зомбулук көрсөтүп жатса, биз аларды прокуратурага өткөрүп берүүгө даярбыз.

Анткен менен жаза аткаруу тармагына деле жарандардын доосу көп. Иниси өмүр бою эркинен ажыратылган Жазгүл Баялиева "Азаттык" менен ой бөлүштү:

- Инимдин келинчеги, баласы бар. Узак мөөнөттүү жолугушуу бир жылда эки жолу берилет. Үй-бүлөлөрдүн көбү ушундан да бузулуп жатса керек. Анан тамак алып кирип берүүгө да 1-2 айда бир эле жолу уруксат берилет. Ал жакта тамактануусу жакшы эмес.

Жаза өтөө мекемелеринин кызматкерлери камактагыларды жакындары менен жолугуштуруу шарты мурдагыга караганда кыйла жакшыргандыгын белгилеп келатышат.

Ал эми мамлекеттик Жаза аткаруу мекемелер башкармалыгынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Кенебаев Кыргызстандын жазалоо системасында эл аралык стандарттар эске алынганын кошумчалады:

- Мисалы, өлүм жазасына мораторий киргизип, өмүр бою эркинен ажыратуу – бул эл аралык коомчулуктун ишинин жыйынтыгы. Мамлекеттик жетекчилерибиз саясий эркин көрсөтүп, өлүм жазасын алып салды. Биз өнүгүп келаткан өлкө болгон үчүн ошол эл аралык эрежелерге ылайык жашашыбыз керек.

Каражат дале жетишсиз

Анткен менен камактагылардын саламаттыгына кам көрүү жан кейитерлик абалда. Быйыл былтыркыга караганда түрмөдөгүлөрдүн арасында муун оорулары менен ооругандардын саны 13 эсе, тамак сиңирүү органдары ооругандар 6 эсе өскөн. Мындан сырткары, психикасы, дем алуу органдары, кулак, көз, деги кандай оорунун түрү болсо баары бир нече эселеп жогорулаган.

Көз карандысыз дарыгер Нурбүбү Курманова 1700 сом алган түрмөдөгү дарыгерлер аскердик чин үчүн гана иштеши мүмкүн дейт.

- Дарыгерлер 40-50 пайызга жетпейт. Мисалы, №2 аялдар түрмөсүндө терапевттин ордуна гинеколог иштейт. Ал эми ал жерде өпкөсү, жүрөгү, кант диабети, нерв менен ооругандар көп.

Абактагылардын дары-дармегине жылына 117 миллион сом керек болсо, өкмөт анын 6 пайызын гана бөлөт.

Негизги маселе түрмөдөгүлөрдү социалдаштырууда турат. "Ал үчүн учурда бейөкмөт уюмдары гана иш алып барууда" дейт Жаза аткаруу мекемелер башкармалыгынын медициналык башкармалыгынын башчысы Акылбек Асанов.

- Түрмөдөн чыккандан кийин адамдын кандай болуп өзгөрүүсү жеке адамга байланыштуу. Мисалы, тергөө абагынан 2-3 айдан кийин чыккандардын айрымдарынын психикасы бузулуп калат. 15 жыл отуруп чыкса да өзүн сактап калгандар бар. Бирок тажрыйба көрсөтүп жаткандай, камалгандардын 95 пайызынын психикасы кайсы бир деңгээлде, аз же көп бузулуп чыгат.

“Жарандар коррупцияга каршы” уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованын маалыматында, учурда түрмөдө отургандардын 5 миңдейинин паспорту жок. "Демек бул жерде бирөөнү жазага тартууда дале болсо сот тарабынан мыйзам бузуу жана коррупция бар дегенди түшүндүрөт" дейт укук коргоочу.

Учурда Кыргызстанда жазага тартылгандардын саны болжол менен 10 миң. Өлкөдөгү эң оор жаза - өмүр бою эркинен ажыратуу. Өлүм жазасына 2007-жылы мораторий киргизилген.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG