Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:45

Сергей Лавров НАТОну сындады


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.

Черногорияны Барак Обаманын президенттик мөөнөтү аяктаганча НАТОго киргизүү үчүн акылсыз аракеттер жасалууда. Мындай пикирин бүгүн Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Германияда Европа коопсуздук жана келишим уюмунун жыйынынын алкагында билдирди:

- НАТО “биз жаңы мүчөлөрдү кабыл алунуу уланта беребиз” деп айтып жатат. Черногорияны бул альянска киргизүү үчүн ыкчам аракеттер көрүлүп жатат. Бирок эч ким Черногория элинин пикирин сураган жок. Мындай маселеде коомчулук менен эсептешиш керек деп ойлойм.

Октябрь айында Черногорияда 21 киши, анын ичинде Орусиянын эки жана Сербиянын үч жараны төңкөрүш уюштуруу аракетине шектелип кармалышкан. Атайын кызматтардын билдирүүсүнө караганда алар НАТОго кирүүнү колдогон өкмөттү таркатуу аракетин көрүшкөн.

Аскерий альянс Черногорияны мүчө болууга 2015-жылдын декабрь айында чакырган. Ал эми быйыл майда эки тарап ортосунда протоколго кол коюлган. НАТОго мүчөлүккө кирүү процесси 2017-жылдын жаз айларына чейин ратификацияланышы керек.

XS
SM
MD
LG