Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:52

Абактарда ачкачылык уланууда


Бишкектеги 21-тергөө абагындагы бир айыпталуучу, 15-декабрь.
Бишкектеги 21-тергөө абагындагы бир айыпталуучу, 15-декабрь.

Өлкөдөгү жети абакта ачкачылык акциясы уланууда. Алар абактардагы кармоо шарттарын жакшыртууну талап кылып жатат.

Бирок Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы абактардагы ачкачылыкты уюшкан кылмыштуу топтордун төбөлдөрү уюштурду деген ишенимде. Ал ортодо ачкачылык кармаган соттолуучулардын жакындары Бишкекте нааразылык акциясын өткөрдү.


Абакка киргизилген тамак-аш да ээсине толук жетпейт


15-декабрь таң эртеден Бишкектеги №21 тергөө абагына аталган абакта кармалып жаткандардын жакындары чогулуп, нааразылык акциясын өткөрүштү. Алар абактагылардын кармоо шарттарын жакшыртуу боюнча талаптары адилеттүү деп, өз тилектештигин билдиришүүдө. Алардын айтымында тергөө абагындагы шарт адам чыдагыс абалга келип, анда камалгандар ачкачылык жарыялоого мажбур болушту.

Абактагылардын жакындары.
Абактагылардын жакындары.
№21 тергөө абагында уулу кармалып жатканын айткан бир эне буларды белгиледи:

- Бир керебетте экиден жатышат экен. Керебеттин үстүндөгү төшөнчүлөрү жука, эч кандай шарт жок. Милициялар көчөдөгү жакшынакай балдарды сабап туруп, моюнуна алдырып, бул жакка камап жатышат. Алар планын ушундайча толтуруп жатат, абактын ичи толтура жаш балдар.

Акцияга катышкандар абактагылардын жакындары берген тамак-аш менен аманаттарды түрмө кызматкерлери бербей, жолугууга келген туугандарына орой мамиле кылышканын да айтышты. Абакта камалгандар болсо ачкалыктан ар түрдүү дарттарга кабылып жатыптыр.

Абактагылардын жакындары
Абактагылардын жакындары
Тергөө абагында кармалып жаткан уулу үчүн жума сайын тамагын бышырып келген Анара Паязованын айтымында, киргизген тамагы уулуна көп учурда жетпей калат экен:

-Тамак толук берилбей жатыптыр. Берген нерселерибиз жетпей калып жатыптыр. Кайда калды десек, балаңа бергенбиз деп айтышат. А биз болсо болгонун карыздап, үстөк акча алсак да, балдарыбызга алып келип жатпайбызбы.


Абактагылар эмне дейт?


Түштөн кийин нааразылык акциясына чыккан кырк чакты адам менен Жазаларды аткаруу кызматынын төрага орун басары Калыбек Качкыналиев жолукту. Ал нааразы тараптын талаптарын уккан соң, алардан атайын топ түзүп, тергөө абагындагы шарт менен таанышып чыкты. Атайын топтун курамында “Азаттыктын” кабарчысы да кирди.

Тергөө абагындагы ачкачылык жарыялагандар кармоо шарттарынын күндөн-күнгө начарлаганын айтып, буга Жазаларды аткаруу мамлекттик кызматынын төрагасы Шейшенбек Байзаковду айыпташууда. Тергөө абагындагы камерадагылардын биринде жаткандарды сөзгө тарттык:

- Эч нерсе берилбейт. Бир кроватта экиден жатабыз. Камералардын айнеги жок, абдан суук, аба жок. Жатканга төшөнчү, эч нерсе жок. Мамлекет тарабынан бөлүнгөн нерсенин баары берилбейт. Эмне кыласың анан? Ошондуктан ачкачылык жарыялап жатабыз.

Абактагылардын үнүн бул жерден угуңуз



Ачкачылык жарыялагандар абактарды ушундай абалга алып келген Шейшенбек Байзаковдун кызматтан кетишин талап кылып жатканын билдирди. Алардын айтымында, абакта ден соолугунан ажырап, ооруп жаткандар абдан эле көп:

Тергөө абагындагылар
Тергөө абагындагылар

- Берилгенин тамактарды көрсөң, ит жебеген тамактар. 3 күндөн бери ачкачылык жарыялап жатабыз, андан бери дарыгерлер кызыгып да коюшкан жок. Алардын иши да жок. Бир эле дарыны бардык ооруларга бере беришет. Бир дарыны көрсөтүп, “жарымы өтүң үчүн, жарым бутуң үчүн, алмаштырып алба” деп келекелешет. Мөөнөтү бүткөн дарыларды беришет.


Кылмыштуу топтордун кылыгыбы?


Абактагылардын мындай сөздөрүнө түрмө жетекчилиги макул эмес. Жазаларды аткаруу кызматынын төрага орун басары Калыбек Качкыналиев абактарда тамак жетишпей жатканын суу кечпеген доомат катары баалоодо:

- Өкмөттөн 175 миллион сом каражат бөлүнгөн. Ошого жараша тамак-аш, төшөнчүлөр менен камсыз кылып жатабыз. Тамак жетишпейт деген туура эмес. Биздин кемчиликтерибиз бар, бирок анын баарын бир күндө оңдоп жиберүү туура эмес.

Качкыналиев ошол эле учурда ачкачылык жарыялоонун негизги себеби башкада экенин, алар кылмыштуу дүйнөнүн төбөлдөрүнүн шыкактоосу менен эле ушул кадамга барып жатканын айтат.

Канткен менен 13-декабрда башталган жети абактагы ачкачылык дагы эле уланууда.

Тасмада: тергөө абагында жаткандардын арыз-муңу


Абактардагы ачкачылык
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:53 0:00
Түз линк
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG