Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:46

Кыргызстанда абактан чыккандардын сексен пайызы кайра абакка түшөт. Муну байкоочулар абактан чыккандардын эркин турмушка көнбөй, бир жагынан коом ичинде аларды жерүү мамилесинен улам деп эсептешет. Ошондуктан укук коргоочулар камак жайларды жана Кылмыш кодексин гумандаштыруу зарыл экенин айтууда.

Укук коргоочулар абакта отургандарга мамлекеттин саясатын түп-тамырынан өзгөртүүгө чакырууда.

“Жарандар коррупцияга каршы” уюмунун лидери Төлөйкан Исмаилова түрмө жайларга арабызда эле жүргөн мекендештерибиз – ар бирибиздин айылдашыбыз, тууганбыз түшөөрүн эске салды. “Кала берсе азыр чоң саясаттагы лидерлер да абакта отурушкан”,-деди Исмаилова.

- Түрмөлөр башка коомдо жашабайт, ичибизде жашайт. Ишенбай Кадырбеков, Исмаил Исаков жана Феликс Кулов мырзалар да ошол жакта отурушкан. Ошондуктан түрмө деген социалдык институт болуш керек.

Степное айылында жайгашкан аялдардын жалгыз жаза өтөө жайы
Түрмөдөн чыккандар адатта кадыресе турмуштан алыстап, оңой менен көнө албайт же көптө барып ыңгайлашат. Ошондуктан алардын көбү жүдөп, кадыресе турмуштан ордун таба албай, кайра абакка түшүп калышы мүмкүн. Бул айлампага түшүрбөс үчүн абактан чыккан адамга калайыктын көз карашы да өзгөрүшү абзел, деп белгиледи Исмаилова.

- Скандинавия мамлекеттеринде түрмөдөгүлөр тил үйрөнүп, кесипке ээ болуп чыгышат. Бул жакка келгенден кийин коомго жарамдуу адам болуп, үйүнө жардам берет. Анан түрмөгө кирген балдарыбызды ого бетер мүңкүрөтүп, азапка салып коюп жатабыз. Аларга же өкмөттөн жардам жок, же коомдон да жардам жок болгондуктан кайра 80 пайызы түрмөгө кетип жатышат.

Кесипке үйрөтүү: жаркын келечек

Коомдо абакка түшүп чыккан адамды жерүү, кала берсе жектөө мамиле илгертен калыптанып калганын серепчилер айтып жүрүшөт. Ошондуктан бул стереотипти бир күндө бузуу кыйынга турса керек.

Эгер түрмөдөн адам кесипке ээ болуп чыкса, ал жөнжай турмушка оңой да, бат да аралашып кетээрин тажрыйбалар көрсөткөн. Өкмөттүн алдындагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын алдыдагы беш жылга сунуш кылган улуттук стратегиясы да абактагыларды кесипке ээ кылып чыгарууга басым жасайт экен. Жаза аткаруу кызмат башчысынын орун басары Калыбек Качкыналиев:

- Колониялардын, убактылуу кармоочу жайлардын ичинде булар кандай жумуштарды жасашы керек, аларга кандай шарттарды түзүп беребиз, мына ушулар жазылган.

Абакта отурган аялдын үстөлүндө турган оюнчуктар.
Бул стратегия Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен ишке ашырылмакчы. Евробиримдиктин өкүлү Том Месси да түрмөдөн адам жексур катары эмес, кадыресе адис адам болуп чыкса, анда максат орундалат эле деп айтууда.

- Биз бул долбоордун жыйынтыгын түрмөдөн чыккандар өлкөнүн толуккандуу жараны жана коомго пайдалуу адам болуп чыгышынан көрөт элек.

Азыр Кыргызстанда түрмөдө отургандардын жалпы эсеби он миңге чамалайт, ал эми өмүр бою абакка кесилгендердин саны 231 адам. 2005-жылы кесилгендер саны дээрлик 20 миңге жетип калган болчу. 2007-жылы Кыргызстанда өлүм жазасы мыйзам менен өмүр бою абакка отургузууга алмаштырылган. Бул оор кылмыш кылгандарга мамлекеттин гумандуу мамилеси катары сыпатталып жүрөт.

Эл аралык жана жергиликтүү адистер түрмө жайлары жана Кылмыш кодекси гумандуу нукка бурулганын, бирок бул жараян кыйынчылыктар менен коштолуп жатканын белгилеп келишет.

Тасмада: Абактагы үзүлбөгөн үмүттөр

18-февралда акыйкатчы Турсунбек Акун Чүй облусундагы Степное айылында жайгашкан аялдардын жалгыз жаза өтөө жайында болуп, ал жактагы аялдардын абалы менен таанышып чыкты. MiT

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG