Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:34

Мурда жабык жай саналган абактардын айрым жагдайлары жумурай журтка дайын болууда.

Камак жайлардын өзүнүн ички мыйзамдары, башкаруу структуралары, түшүнүктөрү, кала берсе тили да бар. Кыргызстанда былтыр жыл соңунан бери түрмөлөрдө туташ козголоң чыгып, эми гана аягы сууп келаткансыйт. Өлкөдө кылмыш жасагандардын жоон тобу сотко чейин Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына келип түшөт. Бул уюкка кезинде белгилүү саясий жана коомдук ишмерлер да жатып чыккан. Маселен, Бакиев бийлигинин тушунда Исмаил Исаков, Ишенбай Кадырбеков, Эркин Бөлөкбаев, Уран Рыскулов, Сапар Аргынбаев жана башкалар аталган тергөө абагында болушканы белгилүү.

50 миң доллардын айынан сабашкан

Укук коргоочу Сапар Аргынбаев 2009-жылы 26-апрелде Чүйдүн Петровка айылындагы калайман тополоңду уюштурган деген айып менен адегенде Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө абагында, андан соң, Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган. Ал №1 СИЗОдо кармалып турганда, тагыраак айтканда, 2009-жылдын 24-августунда, түнкү саат экиде криминалдык топ аны кантип сындырууга аракет кылганын айтып берди:
Берүүнүн биринчи бөлүгүн бул жерден угуңуз



- Ошондо мен абдан таң калдым. 50 миң десе мен ойлоптурмун, 50 миң сом экен деп. “Ал деле кыйын, 15-20 миңди үйгө айтып, эптеп таптырып берейин” десем, “сен эмне деп жатасың, 50 миң “бакс”, “жашыл” менен” деди. Мен андай акча таба албасымды айттым. Шак эле матрацын ачты. Анда кылычка окшогон, тропикалык өсүмдүктөрдү кыйган аспаптарга окшогон канжар, монтировка, бир жагына мата оролгон арматура темир жатыптыр. “Сен жакшылыкча айтканды түшүнбөгөн чал турбайсыңбы?” - деп арматура менен монтировканы алып чыкты.

Мындай жүрөктүн үшүн алган окуяларды адатта кинолордон гана көрөт эмеспизби. Бирок Кыргызстанда коомдук ишмерлердин өз оозунан укканда башкача сезимде болоруң бышык. Сапар Аргынбаев көрсө тергөө абагынын ошол кездеги “кожоюну”, башкача айтканда “положенец” Максат Казакбаев дегендин “өзгөчө” камерасына салынган тура, ошондо ур-тепкиден Сапар мырзанын кабыргасы сынган экен.

- Сүлгүнү мойнума илип, экинчи колун ичиме киргизип алып, бурап кирди. Бир убакта эсимди жоготуп койдум. Ошондо койо беришип, отургучтан кулапмын. Кичине убакыт өткөндөн кийин “төлөйсүңбү же жокпу, 50 миң долларды табасыңбы?” - деп кайра бир урду. Ошондо “жок, таппайм, эмне кылсаңар кылгыла” дедим. Сүлгүнү мойнума салып алып кайра бурады, кайра эсимди жоготтум. Бир убакта ойгонсом, жерде экенмин. Алар болсо “турбайсыңбы” деп тээп жатышыптыр. Көрсө, эсимди жоготуп отургучтан кулап түшкөндө, бетим менен бетонго тийиптирмин.

Кедей деп 25 миң доллар салык салган

Сапар Аргынбаев менен бирге “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев, укук коргоочу Уран Рыскулов да камакка алынып, 2010-жылы апрель окуясынан кийин гана азаттыкка чыгышканы белгилүү.

№1 тергөө абагында отурган кезде кылмыштуу топтун өкүлдөрү, “каралардын” – “чёрныйлардын” тили менен айтканда “общактын” анабашчылары саясий ишмерлер Эркин Бөлөкбаев менен Сапар Аргынбаевден 50 миң доллар, ал эми Уран Рыскуловдон 25 миң доллар талап кылышкан экен.

- Жаңы барганда бир айга чейин бизге тийишкен жок. Бир айдан кийин атайын буйрутма келген окшойт, “мынча акча алып келесиң” дешти. Ал адамды “положенец” деп койот. Мен “өзүмдүн үйүм да, дүнүйөм да жок” деп айттым. Анан бизге үч күн убакыт берди. Бизди атайын камерага алып барып, кылмышкерлерге салып бергендердин арасында СИЗОнун кызматкерлери өздөрү да бар. Бөлөкбаев менен Аргынбаевден 50 миң доллар сураган, кедей дештиби, мага 25 миң доллар салышкан. Бычак менен коркутушкан, андан тышкары арматуралары бар экен. Үч күн убакыт берип, “акчаны чогултасың” деп жаныма бир баланы кошуп берип койду.


СИЗОдо криминалдык лөктөр азыр аты аталган саясий ишмерлерден акча өндүрүп жатканынан кабардар болгон укук коргоо уюмдары кыргыз бийлигине жана эл аралык коомчулукка кайрылгандан кийин гана алар “общактын” колу жетпеген СИЗОдогу атайын жабык камераларга которулуп, салыкты төлөбөй калышкан экен.

№1 тергөө абагына Бакиев бийлиги тушунда дагы бир белгилүү саясатчы, парламентте мурда депутат болгон, учурдагы Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Ишенбай Кадырбеков да салынган. Кадырбеков бул СИЗОдо толук бир жыл отурганы өзүнчө узун сөз. Мындан тышкары, Социал-демократтар фракциясынын депутаты, генерал Исмаил Исаков да ушул эле тергөө абагында аз убакыт болсо да отуруп кеткен. Бул адамдар тууралуу сөз кылуудан мурда башкалаанын чок ордосунда жайгашкан №1 тергөө абагы туурасында кененирек айта кетүү жөндүү болуп турат.

“Централка” - кылмыш дүйнөсүнүн “Кумтөрү”
Берүүнүн экинчи бөлүгүн бул жерден угуңуз



Эл оозунда бул абак номур биринчи СИЗО деп айтылат. Ал эми ырасмий алганда ал Жаза аткаруу кызматынын №21 мекемеси. Дүйнөлүк согуштун эң булоолуу 1942-жылы курулуп, үч кабаттуу имараттан турат. Эми анын эскилиги эбак жеткен деп айтып эч кимди таң калтыра албаспыз. Кайтаруу абдан күчтүү, ким болбосун катуу текшерип, үч темир каалгадан өткөрүшөт. Соттолгондордун көбү биринчи кабатта, ошондой эле бул кабатта иши тергелип жаткан аялдар да кармалат.

Сот иши жүрүп жаткан эркектердин көбү үчүнчү жана экинчи кабатка жайгаштырылган. Ал эми имараттын эң ылдыйкы кабатында, тагыраак айтсак жертөлөсүндө “закрывашка” деп аталган катуу кайтаруудагы камералар бар. Анда бул абактагы кылмыштуу топтон ыдык көргөн мамлекеттик кызматкерлер менен ишкерлерден тарта жөнжай адамдарга чейин кармалат. Имарат абдан эски болгону менен кыш чилдесинде деле камералар жетишерлик жылуу.

Бул тергөө абагын кылмыш дүйнөсүндөгүлөр “централка” деп аташат. Арийне, бул анын Бишкек шаарында же анын так ортосунда жайгашканынан гана эмес, анын себеби тереңде. Айрымдар бул тергөө абагын кылмыш дүйнөсүнүн “Ак үйү” деп атаса, кээ бири Кыргызстандын бюджети үчүн “Кумтөр” алтын кени кандай маанилүү болсо, кылмыш дүйнөсү үчүн да №1 СИЗО ошондой эле чоң мааниге ээ деп эсептешет. Иши кылса, “централканын” орду жана салмагы кылмыш дүйнөсүндө эбегейсиз экен.

Советбек Алымбек уулу 8 жарым жылдан бери Жаза аткаруу тутумунда эмгектенет. Ал №1 СИЗОдогу “общак” же болбосо, кылмыш дүйнөсүнүн жамааты туурасында мындайча түшүндүрмө берди.

- Бул жердеги “общак” сыртта жүргөн уюшкан кылмыш топторунун өкүлдөрү болот. Мисалы, алдамчылык, зордуктоо, маңзат сыяктуу оор беренелер бар. Анан булар жогорудагы беренелер менен түшкөндөргө өтө чоң суммада салык салат. Азыр мобилдик байланыш да бар эмеспи. Мисалы, сырттагы адамдарына чалып, үйлөрү болсо, аларды тартып алышат. Бул жердеги “общактын” негизги аткарган кызматы - ири “маслокраддарды” сындыруу.


Бул жерде “маслокраддар” деп акчалуу, дүнүйөлүү бай адамдар, же болбосо мамлекеттик чоң кызматтарда иштегендер айтылат.

Айыгышкан кармаш

Өткөн жылдын 16-январынан тарта Кыргызстандын көпчүлүк абактарында кыйла убакка чейин ызы-чуу басылбай, алды ачкачылыкка чейин жетти, тополоң дал ушул №1 СИЗОдон башталганы маалым. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын түшүндүргөнүнө караганда, 16-январь күнү таң эрте тинтүү жүргүзүп, буга чейин күндүр-түндүр ачык болуп келген “общактардын” камераларын жабышмак экен. Аталган мекеменин жетекчилери бул аракеттерин кылмыш дүйнөсүнө каршы күрөш катары да сыпатташууда.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Шейшенбек Байзаков да ушундай пикирин билдирди.

- Камералардын ачык турушу 2005-жылы башталган. Бакиевдин маалында бул жерге Маматалиев деген жетекчи болуп келип, камералардын баарын ачтырып салган. Ал эми ачык жүргөндөр “положенецтер”, “смотрящийлер”, “авторитеттер” болгон. Ошолор үчүн ачып коюшкан.

Ошол тинтүү башталганда камактагылар айыгышкан каршылык көрсөтүп, үчүнчү жана экинчи кабатта кармалып тургандар каалгаларды талкалап, 700дөй адам коридорго чыкканга үлгүргөнү буга чейин да көп айтылды. Тактап кете турган нерсе, бул жерде баш-аягы 1400 адам болсо, алардын 30-40тайы өзгөчө шарттарда жашашкан экен. Жумшак эмеректер киргизилген, көлдөлөң төшөктөрдө жатып, заманбап стилде шөкөттөлгөн камераларда “бай-манаптарча” күн кечирип келишкен. Анда отургандар каалашынча ары-бери каттап, башка каалаган камерасын ачтырып, отургандардан олчойгон акча талап кылып келгенин мурдагы жетекчилер жашырып жүргөн дейт СИЗОнун башчысы Марс Жусупбеков.

Өзү бул абакка өткөн жылдын декабрында жетекчи болуп дайындалган.

- Үч камераны такыр жабышчу эмес. Каалаган убагында кирип-чыгып, башка камераларды ачып алып, коркутушчу, акча талап кылышчу. Алар "ошол камераларды жаппагыла жана Дамир Сапарбековду алып кетпегиле" деп талап койгон.

Ал эми бул жердеги бир камера “мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаев кокус абакка түшүп калса деп, ошол үчүн дайындалып коюлган экен.

- Бул камера “мыйзамдагы ууру” делген Камчы Көлбаевге атайын даярдалган. Ичинде жумшак эмерек жана отургуч турган. Тинтүү учурунда анын баарын алып чыктык. Бул камеранын башка камералардан кандай айырмасы бар экенин көрүп жатасыздарбы?

Эң кызыгы буга түрмө жетекчилеринин уруксат берип, жардамдаш болуп келгенинде.

Себепсиз ур-тепкиге алышат

Анткен менен абакта кармалып тургандардын 16-январдагы окуя боюнча башка пикирлери бар. Алар Жаза аткаруу мекемесинин кызматкерлери кызматына таянып алып үстөмдүк кылып, кармалып тургандарды себепсиз эле ур-тепкиге алды деп чыгышты. Камактагылардын бири:

- Кирип эле сабай башташты. Айла кеткенде нааразычылык билдирип, кээ бир балдар өздөрүн кескилей баштады. Балдардын абалдары оор, жыгылып жатышат. Башынан жаракат алгандар көп. Эсин жоготуп жыгылып, көбү ооруп жатат.

Мына ушул жерден каралардын тили менен айтканда “положенец” деген ким, анын даражасы кандай деген суроого жооп издейли. Аны №1 СИЗОнун кызматкери Советбек Алымбек уулу чечмелеп берди.

- Сырттагы кылмыштуу топтор бул жакка түшкөн кайсы бир адамга ишенип, “положениени” беришет. Ал өзүнчө эле “кожоюн”, “начальник” болуп алат. Мындайча айтканда, “2-начальник” болуп калат. Абактын жетекчиси эч нерсе чечпей эле, үстөмдүк менен ошолор чечип калат. Ал эми начальник менен тил табышып алса, биргелешип чогуу иштей башташат.

Мисалы, мыйзам эмес, криминалдык авторитеттер үстөмдүк кылып жатканын көрүп турасың. Каалаган адамын жумуштан алып салат. Мен өзүмдүн иш тажрыйбамда ушундайга кабылгам. Бир нерсени талашып, пикирлер келишпей, мен мыйзамды сүйлөсөм, ал өзүнүкүн далилдеп, мени жумуштан алып салган. Башка абакка которулуп кетүүгө аргасыз болгом. Мындайча айтканда, менин жумушумду, карьерамды бир эле “зек” чечип койгон.


Бир сөз менен айтканда, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы бул тергөө абагында кылмыш жамаатынын - “общактын” аракетине тыюу салынганына ишендирүүдө. Бирок башкалар ал пикирлерге кошулбайт. Түрмөлөрдү толук тартипке келтирүү үчүн дагы көп убакыт жана эмгек сарпталарын айтышууда.

Негизинен №1 тергөө абагы үч милдетти аткарат. Биринчиси, мында кылмышка шектүү деп камакка алынып, иши тергелип жаткандар отурат. Булар камактагылардын 80 пайыздайын түзөт. Күнөөсү далилденбей акталып чыккандар да аз эмес. Ошондуктан, Жаза аткаруу кызматы камактагыларды уруп-сабоого акысы жоктугун укук коргоочулар дайыма эске салып келатышат.

Мындай ою менен акыйкатчы Турсунбек Акун да бөлүштү.

- 16-январда кирип келип эле сабаган башаламандык болбош керек болчу. 6 адам катуу жаракат алып, 116 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү. Алар бизди Байзаков сабасын деп ал жерде отурган жок да. Алар өздөрүнүн тергөө иштерин өткөрүп, соттолсо жаза мөөнөтөйүн өтөйүн деп отурушат.

Экинчиден, бул тергөө абагында түрмөгө кесилгендер жана өмүр бою эркинен ажыратылгандар жазасын өтөшөт. Үчүнчүдөн, соттун чечими чыгып, жазасын өтөөгө кетип жаткандар ушул жерден башка түрмөлөргө бөлүштүрүлөт. Бирок бул абактын өзгөчө шарты: кармалып тургандардын бардыгы, мейли иши тергелип жаткандар болсун, мейли соттолгондор болсун, жабык камераларда гана отурууга тийиш.

Борбор калаага коркунуч туудурган жай

Бул СИЗОну кыдырып жүрүп, бир көргөндө эле камактагыларга өтө аз гана шарттар түзүлгөнүн байкоого болот. Бишкектин төшүндө, атап айтканда, Ибраимов жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан бул эски имаратта кылмышка шектүүлөрдүн кармалып турушу коомдук коопсуздукка дайыма коркунуч туудурарын айтып жүрүшөт. Анткени буга чейин абактын кайтаруучуларын өлтүрүп качып кеткен окуялар болгон. Былтыркы тополоң эле айлана-тегеректегилерди эмес, бүт Бишкекти солкулдаткандай болду.

Бирок Ош шаарындагы СИЗО андан да эски. Ал 19-кылымдын акырында Курманжан Датка энебиздин уулу Камчыбек курган имаратта жайгашкан. Бир сөз менен айтканда, Кыргызстандагы абактардын баары эскилиги жетип бүткөн, алар бара-бара тарыхый эстелик болуп калчудай.

Жогоруда айткандай, бул тергөө абагында 1400 адам кармалууда, ал эми өзү 1325 адамга ылайыкталган. Отургандардын 900дөн ашыгы иши тергелип же соту жүрүп жаткандар. Алардын 80и кыз-келин, бири эмчектеги баласы менен отурат. Ал эми 146 адамга сот чечими чыгып, жазасын ушул абакта өтөшүүдө. Мындан тышкары, бул тергөө абагында кылмыш топторунун колу жетпеген, катуу кайтарылган камералар да бар. Аларга оор беренелер менен түшкөндөр, же мамлекеттик кызматкерлер суранып отура алышат. Ушул тапта бул “закрывашка” деп аталган камераларда 50 чакты адам отурат дешти.

Кадырбеков: Тирүү калуу мүмкүнчүлүгү жок эле

Жогоруда айткандай, экс-депутат, Архитектура жана курулуш агенттигинин мурдагы төрагасы, учурдагы Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Ишенбай Кадырбеков аталган СИЗОдо 2008-жылдын апрелинен 2009-жылдын апрель айына чейин толук бир жыл отуруп, ага кызматынан кыянат пайдаланды деген айып тагышкан. Кадырбеков өзү ошол кезде саясий куугунтук болгон деп санайт. Ал тергөө абагындагы “общактын” олчойгон салыгына туш болуп, үй мүлкүн, ири өлчөмдөгү акчасын тарттырып жиберген экен.

- Ал жерде жатканда баары болду. Урган учурлар да болду. Бардык оокаттарды, акчалай да, кызымдын үйүн да, батирлерди жана машиналарды да тартып алышкан. Бүт болгон нерселердин баарын тартып алышкан. Ал кезде Жаза аткаруу тутуму Юстиция министрлигине карачу. Ал жактан комиссия келип текшергенде, денемдин баары көк ала болчу. Бирок ал кезде шарт башка эле, билип турасың бийлик менен кылмышкерлердин бир команда экенин. Эгерде комиссияга сабалганыңды айтсаң, алар угуп, жазып кетишет. Бирок мен болсо түнү менен кайра эле камакта калам. Ал жерде адамдын тирүү калууга мүмкүнчүлүгү жок болот. Ал жердин өзүнүн саясаты болот, алар менен бийлик тыгыз мамиледе болчу.


Ушул эле тергөө абагында саясий куугунтук менен мурдагы коргоо министри, генерал Исмаил Исаков да болгон. Бирок ал бул абакта аз гана убакыт отурган жана өзүнүн айтуусуна караганда, кысымдарга кабылган эмес.

Мамлекеттик кызматта иштегендер, ишкерлер же паракорчулук, салыкты жашыруу сыяктуу беренелер менен түшкөндөр “общактын” бөтөнчө назарында болот. Алар кылмыш иши боюнча айыпталып жаткан сумманын 10 пайызын “уурулардын” орток казынасына төгүп берүүгө милдеттүү. “Ворлордун” орток бюджетин толтуруунун башка да амалдары бар. Ал салыкты даражасына карабай, абакта отургандардын баары төгөт. Бир сөз менен айтканда, кылмыш дүйнөсүнүн казынасынын басымдуу бөлүгү ушул абактагы “общактын” күчү менен жазылбаган мыйзамдары аркылуу толтурулат.

Дагы бир баса белгилеп кетүүчү жагдай, №1 СИЗОдогулардын жарымы биринчи жолу соттолуп жаткандар. Андыктан “общак” мүмкүн болушунча аларды көбүрөөк “саап” калууга далалаттанат.

Акыйкатчы Турсунбек Акун да №1 СИЗОну кылмыш дүйнөсүндө өзгөчө орду бар деп сыпаттады.

- Бүт криминалдардын очогу ошол жерде. Кыргызстандагы бардык абактар ошол жерден башкарылып, көрсөтмөнүн баары ошол жерден таралат. Ошол жерден сындырылып, тонолот.

Акыркы кездеги “положенец”

Акыйкатчынын да, Жаза аткаруу кызматынын да айтымында, акыркы мезгилде №1 СИЗОдо Дамир Сапарбеков аттуу адам “положенец” болуп келген. Дагы бир жоромол боюнча, абактагылар Сапарбековду жана аны менен чогуу 17 адамды Ысык-Ата районунун Алга айылындагы 50-абакка которулганына каршы болуп ачкачылыкка барган имиш. Бирок Дамир Сапарбековдун адвокаты ал уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү дегенди четке какты. Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча Сапарбеков буга чейин 5 ирет соттолгон.

Абактагы кылмыш дүйнөсүнүн төбөлдөрү отурган камера.

Абактагы кылмыш дүйнөсүнүн төбөлдөрү отурган камера.

Өткөн жылы Кыргызстандын абактарында 7 адам киши колдуу каза тапкан экен. Тартип коргоо органдарынын маалыматы боюнча, Сапарбеков да 2011-жылдын 1-майында №1 тергөө абагында киши колдуу болуп каза болгон Айдарбек Шамурзаевдин өлүмүнө тиешеси бар деп шектелип жатат.

Маркумдун жубайы Махабат Карагулова жолдошу чыгаарына эки күн калганда өлтүрүлгөнүн айтат:

- СИЗОнун контролерлору берген көрсөтмөдө түн ичинде саат 12лер чамасында “положенец” Дамир өзүнүн жанындагы Малик, Яша, Азамат, Адилет, Артур, Арсен, Эркин жана башка балдар менен темир эшиктерди ачып келишкен деп жазылган. Коридордо ары-бери басып жүрүшүп, бир маалда 358-камераны ачып бер деп суранышты. Мен ачпайм деп, аркы жакта турган улук контролерду чакырдым, ал Дамир менен ары басып, сүйлөштү. Андан кийин макулдугун берип, ачып кой дегенден кийин мен ачтым деп жазган.

Каза тапкан Шамурзаев мыйзамсыз курал алып жүргөн деген шек менен камакка алынып, бирок күнөөсү далилденген эмес. Аны актаган соттун чечими чыгып, абактан бошооруна эки күн калганда өлтүрүлгөн экен. Бирок Айдарбек Шамурзаев башка бир кылмыш тобунун мүчөсү болгон деген да маалыматтар бар. Ал эми 14-февралда Шамурзаевдин өлүмүнө шектүү катары дагы бир адам - №1 СИЗОнун мурдагы жетекчиси Илмир Аллаяров камакка алынганы маалым болду.

Ушул жерде айта кетүүчү жагдай, айрым маалыматтарда Камчы Көлбаев менен Азиз Батукаев Кыргызстандагы “мыйзамдагы ууру” титулун алып жүргөн адамдар катары саналып, бири-бирине сөөк өчтү душман болуп келатышат. Азиз Батукаев ушул тапта Нарындагы абакта жазасын өтөп жатат. Ошондуктан бул абак өткөн айда дээрлик бардык түрмөлөрдө болгон нааразылык акцияларды колдоого алган эмес. Ал эми Камчы Көлбаевге тартип коргоо органдары тарабынан издөө жарыяланган, учурда анын Бириккен Араб Эмираттарында жүргөндүгү айтылып келатат.

Өмүр бою соттолгондор

№1 СИЗОдо өмүр бою соттолгондор да отурат. Кыргызстан боюнча өмүр бою эркинен ажыратылгандардын саны 258 адам болсо, алардын 64ү ушул үч кабаттуу тергөө абагынын биринчи кабатында. Алардын бирине баш бакканыбызда, камерадан ысык илеп бетке уруп, аны менен кошо каңырсыган жыт да мурунду өрдөдү. Ар бир камерада экиден адам кармалат экен, ичи ысык болгондуктан, анда отургандар жеңил футболкачан жүрөт.

Өмүр бою соттолгондордун бири - Максат 32 жашта. Отурганына алты жыл болгон. Кудайдан үмүтүн үзбөй, намаз окуп жатканын, күнөөсүз кесилип кеткенин айтты.

- Мен бир адамдын айдоочусу болчум. Өлтүргөндөр болсо башкалар болгон. Бирок мени уюштуруучу жана өлтүрүүчү кылып, баарын мойнума илип коюшту. Биринчи өлүм жазасына кескен болчу. Кийин кайра өмүр бою эркинен ажыратууга алмаштырышкан. Бишкек шаардык Свердлов райсоту кескен.

Ал эми улуту өзбек Акрамжандын отурганына 14 жылдын жүзү болуптур. Ал террорчулукка катышы бар деп өмүр бою соттолгон. Өзү Кытайдан жараны экендигин, Кыргызстанга конокко келгенде кармап, күнөөсү жок эле соттоп жибергенине даттанды. Анын айтышынча, орус тилин түшүнбөйт, бирок сот орус тилинде өтүп, тилмеч да берилген эмес. Ал адилеттиктен күдөр үзбөйт.

- Отурганыма 14 жыл болду, террорист деп соттолгом. Кыргызстан менин тарыхый мекеним. Бул жакка конокко келгенде кармап, мени мыйзамсыз соттоп жиберишти. Орус тилин түшүнбөйм, бирок тергөө, сот иштери баары орусча жүргөн. Сабыр кылып, Алладан тилеп жатабыз. Акаевдин, Бакиевдин режими суранычыбызды аткарбай кетти. Отунбаевадан да күттүк, ал да акыркы ишин бүтүрбөй, Атамбаевге өткөрүп берди. Эми Алладан сабыр кылып, чындык болсун дейбиз. Биз төрт киши соттолдук. Эркиндикте жүргөндө алардын бирин да көргөн эмесмин. Мени мыйзамсыз соттоп жиберишти.

Кыргызстанда жалпысынан 32 абак бар. Алардын 15и жатак колония, 12си кадимки түрмөлөр. Мындан тышкары, 7 тергөө абагы бар. Тергөө абактарында иши сотто каралып жаткандар отурса, жатак колонияга соттолгондор жумасына бир ирет келип, катталып коюп кете берүү укугуна ээ. Кыргызстан боюнча жаза өтөп жаткандардын саны ушу тапта 14 миңге жакын, алардын ичинен 8 миңдейи түрмөлөрдө отурат. Мамлекет ар бир соттолуучуга тамак-ашына деп күнүнө 78 сом, ал эми кургак учук менен ооругандарга 138 сом бөлөт. Абактагылардын тамак-ашы начар дегенге кошулса да, кошулбаса да болот. Балким, 78 сом бир күнгө аздык кылар. Ал эми армиядагы аскерлерге деле 90 сомдун тегерегинде, карылар үйүндө жашагандарга болжол менен 60 сомго жетпеген каржы бөлүнөрүн айтышууда.

Абакта жаткан бойдон көз жумгандар да арбын. Өткөн жылы Кыргызстанда 70 адам абактан каза тапкан, алардын жетөө киши колдуу болсо, калганы кургак учуктан жана ВИЧ илдетинен көз жумган.

Жаза аткаруу кызматынын алдындагы медициналык-санитардык бөлүмдүн башчысы Акылбек Асанов ВИЧтен каза тапкандар арбып баратканын маалымдады.

- Эгер карап көрсөк, кургак учук менен ооруп каза тапкандардын саны кыскарып баратат. Ошол эле кезде ВИЧ менен ооруп, каза тапкандардын саны көбөйүүдө.

Түрмө жөн адамды кылмышкер кылат

Талдоочулар Кылмыш кодекси жана Жаза-аткаруу кодекси өзгөрүүгө муктаж экендигин, аны гумандаштыруу зарылдыгын белгилешүүдө. Алардын оюнча, түрмө адамдарды түз жолго салуу ордуна, тетирисинче бул жарыкчылыктан жалаң жамандыкты күткөн адам кылып чыгарат. “Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилованын айтымында, түрмөдөгүлөрдүн саны өлкөдөгү калктын санына эсептегенде абдан көптүк кылат. “Ошондой эле күнөөсүз соттолуп кеткендер да арбын” дейт укук коргоочу.

Бишкектеги 47-түрмө.

Бишкектеги 47-түрмө.

- Колдон келсе, азыр жакшы адвокаттарды, сотторду алып, керек болсо түрмөнүн ичинде сот жүргүзүшүбүз керек. Ошондо түрмөнүн 50 пайызы өзү эле кетет. Анткени жакыр жана күнөөсүз, укуктары тепселген адамдардын бюрократиядан улам үнү жетпей жатат. №1 СИЗОго барганда кээ бир балдар “акыйкатчы да, укук коргоочулар да, башкалары да келип жатат, бирок каттарыбызды, айткандарыбызды эч ким укпай жатат” деп ыйлап жатышты.

Мындай ойго №1 СИЗОдо отуруп, түрмөнүн тиричилиги менен аз да болсо тааныш болуп калган Уран Рыскулов да кошулат. Ал тергөө абагындагылардын көбү түрмөгө жок жерден эле отурат деп эсептейт.

- Күнөөсү бар-жогуна карабай, биринчи эки айга камакка алган тажрыйбаны токтотушубуз керек. Мисалы, №1 СИЗОдо жаткан 1300 баланын миңин чыбык менен жамбашка чаап эле чыгарып жиберсе болот.

Мамлекет бир кылмышкерди багуу үчүн айына жок эле дегенде 2,5 миң сом коротот. Бир жылда бул 20 миңден ашат экен. Ошондуктан тоок, казан аяк, уюлдук телефон, дегеле 5-6 миң сомдук зыян келтирип кармалган кылмышкерди соттоонун зарылчылыгы барбы деген да суроо кабыргадан коюлууда.

Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев бир топ мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип жатканын айтты.

- Мисалы, бир адам 3 миң сомдук телефонду уурдап алса, ал мыйзам боюнча 3 миң сом айып пул же 3 жылга эркинен ажыратылат. Биз ал баланы эркинен ажыратып, биринчиден, келечегине балта чаап жатабыз. Экинчиден, бекер багабыз. Үчүнчүдөн, ал түрмөнүн таасиринде калат. Эгер биз “дознанияны” киргизе турган болсок, үч миң сомдук келтирген зыянын төлөп берет, мамлекетке тишелүү айып пулун төлөйт. Бирок ал бала соттолбойт. Экинчиден, жабырлануучу тарап телефонун алат. Үчүнчүдөн, бекер аны багып, өкмөткө да зыян келбейт. Ошондой эле баланын келечеги да аман болот.

Рысалиев ошол эле кезде уюшкан кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү үчүн жазаны күчөтүү керектигин сунуштоодо.

- Алар он жылга кесилип түрмөгө түштүбү, он жыл толук отуруш керек. Ал адамдарга мунапыс, мөөнөтүнөн мурда бошотуу дегендер колдонулбаш керек. Ошондой эле жатак абакка которуп койот, ал да колдонулбаш керек.

“Атактуу” Молдовановкада...

Чүйдүн Молдовановка айылында жайгашкан №1 түзөтүү абагында учурда миңге жакын адам кармалып турат. Эрнис Алымов бул абактын башкы ашпозчусу.

- Каракчылык жана адам өлтүрүүгө аракет кылган деп соттолгом. Отурганыма үч жыл болду, 2020-жылы бошойм. Бул жердин шарты жакшы эле, курсак ток. Кыштын суугунда от жагып, жылуу эле. Ачкачылык болгондо тамак ичпей, ачка жүрдүк, ачкачылыкты колдоп. Ооруларга гана тамак жасап жаттык, башка эч ким тамак ичкен жок. Бош учурда эс алабыз, телевизор көрөбүз.

Бул түзөтүү колониясында союз мезгилинде өндүрүш шакылдап иштеп турчу. Бир тарабы литейный цех болгон, андан тышкары тракторлордун шаймандарын да чыгарышчу. Бошонуп кетип жатып, ал жерде иштеп тапкан акысына машина сатып алгандар да болгон экен. Азыр анын жыты да жок. Болгону жайкысын гана иштөөгө ылайыкташкан кыш завод калган. Бирок жай мезгилинде ал жерде эң көп болгондо 90 кишиге чейин гана иштей алат.

Молдовановкадагы бул абактын жетекчи орун басары, майор Азамат Адашпаев соттолгондордун көбү иш дегенде эки көзү төрт дейт:

- Бүгүнкү күндө ал өндүрүштөрдүн баары жок. Ал эми соттолгондордун баарынын тең эле иштесек деген каалоолору бар. Бул жерде жөн эле жата берсе кылмыштуулук да көп болот. Алар бир нерсе менен алектенип, убактылары чектелүү болуп турса, түрмөдө кылмыш да азаймак.

Жаза-аткаруу мыйзамына ылайык, соттолуучулар жылына эки кыска жана эки узак мөөнөттүү жолугушуу алууга акылуу. Кыска жолугушуулар күндүзгү убакка белгиленип, төрт саатка чейин созулат. Узак мөөнөттүү жолугушуулар үч күн. Бирок узак мөөнөттүү жолугушууларды ата-энелери, бир туугандары, мындан сырткары нике күбөлүгү бар жубайлар гана ала алышат. Мындай жолугушуулар телевизор, жумшак эмеректер менен жабдылган атайын бөлмөлөрдө өтөт.

Алмаз алыстан колуктусу келип, үч күнгө жолугушуу алган экен.

- Келинчегим келип, үч күнгө жолугушуу алгам. Бул жерде шарттар абдан жакшы түзүлгөн. Бир жылда төрт жолу келип-кетип турат. Меники алыстан, Ош облусунан келет. Нике күбөлүгүбүз бар.

№1 колонияда мечит бар. Мындан тышкары, православ чикөөсүнө да бөлмө бөлүнүп берилген. Намазга жыгылгандардын саны күн санап өсүп жаткандыгын аталган мекеменин жетекчи орун басары Азамат Адашпаев белгиледи:

- Азыр мечитке баргандардын саны көбөйө баштады. Учурда 50дөй адам беш маал намаз окуйт. Жума намазга баргандардын саны 200-250 адам. Соттолгондордун арасынан өздөрүнүн имамы бар.

Үйүндө алты баласы күткөн айым

Кыргызстанда аялдардын эки абагы бар. Алардын бири Бишкектин түндүгүндөгү Степное айылында. Бул Жаза аткаруу кызматына караштуу №2 түзөтүү колониясы деп аталат. Ушу тапта мында 300дөй аял бар. Алардын 150ү тикмечилик менен алектенет. Мындан тышкары, нан завод да иштейт. Ал нан менен өздөрүнөн тышкары 19 колонияны да камсыздашат.

Бул жерде кармалып тургандардын ичинен 10 аялдын баласы бар. Алардын бири, атын атагысы келбеген айым жакында бошонорун айтты.

- Кантта кармалып турганда төрөгөм. Бул жакка кызым үч ай болгондо келдим. Азыр кызым 2 жаш 7 ай. Жакында комиссиянын чечими менен бошонуп чыкканы жатам, эки жума калды. Бул жерде 2009-жылдан бери турам. Кызыма болсо кааласам манты, кааласам пельмен, плов жасап берем. Бул жерде сүт берет, каша, буламык да жасап берем. Эми чыксам үйгө барам. Өзүмдүн 6 кыз, бир уулум бар.

Аялдар түрмөсүндө отургандардын эң жашы он алтыда, улуусу 81 жашта. 81 жаштагы бул айым карылар үйүндө жашап жатып, адам өлтүргөндүгү үчүн кесилген экен.

Кыргызстандын түрмөлөрүндө акыл-эси кем адамдар да бар, алардын саны бүгүнкү күндө 40тай киши. Бул адамдар түрмөнүн ичиндеги коопсуздукка коркунучтуу, түрмө кызматкерлерине кол салышы мүмкүн деген кооптонуу менен №3 абакта обочо кармалып турат.

Бул материалдын үстүндө иштеп жатып, жүрүм-туруму жакшы деп, абактан мөөнөтүнөн мурда бошоп жаткандарды да кезиктирдик. Ылайым, ошол адамдар кайра темир тордун артына кайрылып келишпесин.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG