Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:35

Менчикти курал менен коргоого уруксат берилди


Мыйзам долбоорунун авторлору - “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов баштаган бир нече депутат.

Мыйзам долбоорунун авторлору - “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов баштаган бир нече депутат.

Жарандарга өзүнүн үйүнө же жеке менчигине мыйзамсыз кирип, коркунуч жараткан тарапка карата курал колдонуу мүмкүнчүлүгүн берген мыйзам долбооруна президент Алмазбек Атамбаев кол койду.

Мыйзам долбоорунун авторлору - “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов баштаган бир нече депутат. Алардын билдиришинче, Кыргызстанда соңку кездери мамлекеттик менчик талаптагыдай коргоого алынганы менен жарандардын жеке менчигин коргоо жагына жакшы көңүл бурулбай келүүдө. Бул жагдай аталган мыйзам долбоорун сунуштоого түрткү берген.

Демилгечилердин баамында, ар бир жаран өз менчигин өз өмүрүндөй коргоого укуктуу.

Феликс Кулов

Феликс Кулов

- Үйгө чоочун бирөө кирип келип, балким бир нерсени көтөрүп кетейин дейт. Же аялын зордуктаганы жатат, же балдары коркунучка кабылды дейли. Мындай учурда эмнеге унчукпай карап турушу керек? Биз ага “кел, менин үйүмө кирип, каалаганыңды кыла бер” дешибиз керекпи? 20 киши кирсе эмне болот? Демек куралың болсо ат, кыскасы, үйүңдү корго. Ушундай принцип болуш керек. Азыр мамлекеттик менчик гана жакшы корголуп жатат. Бирок эмнеге жарандардын жеке менчигин коргой албайбыз? Кээде ошол адамдын менчиги анын жалгыз киреше булагы, жашоосу болуп саналат. Эгер ал менчигин жоготсо, анда ал жашоосун жоготот. Совет мезгилинде эч нерсеси жок калса мамлекет жардам берчү. Азыр эч ким жардам бере албайт да. Сен эч ким болбой, катардан чыгып каласың. Ошондуктан адам өз менчигин өз өмүрүндөй коргоого укугу бар,- деп билдирген Жогорку Кеңештин депутаты Феликс Кулов.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, маркум Жыргалбек Сурабалдиевдин кызы, жеке ишкер Эльвира Сурабалдиева 2005-жылдагы ыңкылаптан кийин талап-тоноочулардын кол салуусуна туш болуп, бирок аларга карата эч кандай каршылык көрсөтө албаганын эскерет. ​

- Анда мен 23 жаштагы жаш кыз элем. Ата-энем менен чогуу турчумун. Ал күнү үйдө жалгыз болуп калгам. Кечинде куралданган 10 чакты киши кирип келип, үйүбүздү талап-тоноп, атамды издеп, анан мага кол салган болчу. Ошондо үйдөгү атамдын мергенчилик мылтыгы колумда бар эле. Бирок аны мен колдонсом, бир кырсык болуп кетсе, мени жоопкерчиликке тартат беле, жокпу, билбейм. Менимче, бул мыйзам ишке кирсе, бирөөнүн жеке мүлкүнө, оокатына көз арткандар ойлонуп калаар. Мисалы, бизнесмен, ишкерлерге байланыштуу окуяларды угуп эле жүрбөйбүзбү. Кылмышкерлер көбүнчө үйдө эркек жок болгондо, аял киши балдары менен олтурганда келет. Ошондо үйүңдө куралы болсо, аны пайдаланганды билсе, кол салам дегендер тиешелүү жооп болорун билип, ойлонуп калышат го дейм.

Элвира Сурабалдиева

Элвира Сурабалдиева

Ошол эле учурда айрым депутаттар Кыргызстанда курал колдонуу маданияты Батыш өлкөлөрүндөгүдөй калыптана электигин айтып, бул мыйзамга чочулоо менен карап турган чагы.

Парламент депутаты Турат Мадылбековдун пикиринде, Кыргызстанда мергенчиби, же бизнесмен, майда чиновник болобу, колдорунда курал бар экендиги жашыруун сыр эмес. Бирок ал курал чын эле коргонуу максатында колдонулганын далилдөөнүн өзү да кыйынчылыкка турат дейт депутат.

- Эми бул мыйзамга кол коюлган соң укук коргоо органдары катуу көзөмөл жүргүзүшү керек. Курал-жарактарды берип жатканда аны пайдалануу жоболорун туура түшүндүрүп, аны алып жаткан адамдын психикалык ал-абалы тыкыр текшерилиши керек. Болбосо бизде арак ичип алып, бирөөнү атып кирсе кандай болот? Менин кооптонгонум ошол. Бир аз өзүбүз тартипке келип туруп, анан барып уруксат берсек деген ой болгон. Куралды кайсы учурда пайдаланат, кайсы учурда пайдаланбашы керектигин жарандарга туура түшүндүрүп, жеткирүү керек. Эртеңки күнү куралды пайдаланам деп туруп, өзүнүн үй-бүлөсүн атып алса эмне болот? Куралга этият мамиле жасашыбыз керек деген пикирдемин.

Туратбек Мадылбеков

Туратбек Мадылбеков

Кыргызстандын Кылмыш кодексинин азыркы “Аргасыз коргонуу” деген 36-беренесине ылайык, үйдүн кожоюну коркунуч жараткан бирөө жарымдан коргонууга укугу бар, бирок ошол эле учурда ал чектен чыгып кетпеши керек. Мисалы, үйгө терезеден же дарбазадан секирип түшкөн ууру-кескиге карата күч колдонуу үчүн үйдүн кожоюну анын колунда куралы бар-жогун аныкташы керек. Эгер көбүрөөк күч колдонуп, ууруну жабыркатып же өлтүрүп алса, менчик ээси кайрадан өзүнө реалдуу коркунуч болгонун далилдеп берүүгө туура келет. Мындан улам коомчулукта уурудан коргоном деген жаран кайра күнөөкөр болуп, ал эми ууру тескерисинче жабырлануучуга айланган мисалдар жок эмес.

Юрист Эрик Ирискулбеков азыркы жаңы мыйзам долбоорун жакшы жышаана катары эсептейт. Анын айтымында, бул мыйзам жабырлануучу менен кол салуучунун мүмкүнчүлүгүн теңдеп жатат, анткени мурда мындай тең салмак болгон эмес.

- Эгер сага бирөө кол салды дейли. Бирок анын жанында куралы жок болгону менен анын сага кыянаттык кылып, бир залал келтирүү ою болушу мүмкүн. Бирок муну далилдөө мүмкүн эмес. Бул учурда сен өзүңдү коргойм деп жатып, аны өлтүрүп алсаң, анда сени соттоп киришет. Бул жаңы мыйзам ошондой жагдайга жол бербейт. Менимче, бул өзгөртүүлөр адамдын өзүн жана мүлкүн өз мүмкүнчүлүгү менен коргоого шарт түзөт. Бирок ошол эле учурда куралды пайдалануу маселеси так каралышы керек. 2005-жылкы март, 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин көптөгөн жарандар мамлекет аларды дайыма эле коргой албастыгын түшүндү. Ошондуктан соңку кездери айрымдар куралдын ар кандай түрлөрүн ала башташты. Мындан улам куралды пайдалануу маданиятын, жоопкерчилигин дагы мыйзам менен так жөнгө салуу зарыл. Бирок жалпысынан алганда азыркы жаңы норма кылмышкерлерди кылмышка бараардан мурда ойлонууга түртөт деп ойлойм.

Мыйзамда жарандарга өз менчигин коргоодо курал колдонууга уруксат берүү шарты менен бирге айрым чектөөлөр бар. Ага ылайык, боюнда бар аялга же жаш балага карата үй ээси тараптан курал колдонууга тыюу салынат. Аталган мыйзам долбоорун буга чейин Жогорку Сот, Ички иштер министрлиги дагы колдоп келген. Алар мындай тажрыйба Батыш мамлекеттеринде кадыресе көрүнүш экенин белгилеп, муну өлкөдө кылмыштуулукка бөгөт боло турган бир жол катары баалашкан.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG