Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:57

Ахматбек Келдибеков: Жоготуудан башка эч нерсе тапкан жокпуз


Ахматбек Келдибеков парламентте сөз сүйлөөдө, 2010-жылдын 17-декабры.

Ахматбек Келдибеков парламентте сөз сүйлөөдө, 2010-жылдын 17-декабры.

ЖК төрагасы Ахматбек Келдибеков жыл тогошоор алдында “Азаттыкка” интервью берип, парламенттин алдыдагы милдеттери, басма сөз эркиндиги, коалициядагы кызматташтык тууралуу ойлору менен бөлүштү.

Жогорку Кеңеш адегенде кайсы иштерди аткарат?


- Парламент буюрса калыптанды. Эми алдыда биринчи көңүл бура турган маселе кайсы дейсиз?

- Өкмөт жаңы түптөлбөдүбү, эми бюджетти жакшы карап, бүтүрүп берсек деген ой турат. Бюджет турганда калган маселелердин бардыгы экинчи орунда десем жаңылышпайм. Себеби мугалимдердин айлыгы жана башка эл көтөрүп аткан социалдык маселелердин бардыгын бюджеттин негизинде чечүү керек болот.
Эгер экономикалык маселелерди чечип кетсек, анда саясий кырдаал да өз нугуна түшөт эле.

Анан өкмөт дагы, парламент дагы – бардыгы толук кандуу иштеш үчүн кабыл алынган Конституцияга башка бардык мыйзамдарды ылайыкташтырышыбыз керек болот. Андан кийинки маселе - өкмөттүн жаңы түзүмү. Өкмөт бир ай иштейби, эки ай иштейби, жаңы көз караштагы жаңы түзүмүн алып келиши керек. Биз аны да бүгүнкү шартка, бүгүнкү элдин талабына ылайыктап карап, бүтүрүп берсек алдыда турган чоң маселелерди чечебиз деген ой бар.
Ахматбек Келдибеков "Азаттыктын" кабарчысы Бурулкан Сарыгулованын суроолоруна жооп берүүдө,

- Антикризистик кандай мыйзамдар же программалар кабыл алынышы мүмкүн? Президент Отунбаева сиздин алдыңызда “Азаттыкка” берген маегинде парламент өкмөткө иштегенге ыңгайлуу мыйзамдарды жазып берсе деген да тилегин айтып кетти.

- Эми элдин турмушун оңдош үчүн, мамлекеттин бекемдигин жаратуу үчүн биз өкмөт сунуштаган мыйзамдарды ар дайым кароого даярбыз.

- Келерки жылда эң эле артыкчылыктуу багыттар, маселелер деп кайсыларды атайт элеңиз?

- Келерки жыл экономикалык маселелерди чечүүчү жыл болуш керек. Себеби ага адамдардын турмуш-тиричилиги түздөн-түз байланышкан. Эгер экономикалык маселелерди чечип кетсек, анда саясий кырдаал да өз нугуна түшөт эле.
Андан кийинкиси, Ош, Жалал-Абад окуяларын иликтеп, тактап, парламенттик комиссия саясий баа берүү боюнча ушуну алып чыгышы керек. Эң негизгиси, мамлекет тарабынан кандай чаралар көрүлүшү керек? Эмне себептен окуя болду? Түпкү тамырын, тамырлашып жаткан жерин жок кылмайынча болбойт. Жок кылганга аракет кылышыбыз керек. Бул дагы алгылыктуу маселелердин бири.

Андан тышкары жылдын этегинде президенттик шайлоо турат. Ушул шайлоону туура, таза, акыйкат өткөрүп алсак, кыргыз мамлекети өз алдынча мамлекет болгон 1990-жылдан бери маданияттуу түрдө мыйзамды биринен бирине өткөргөнгө үйрөнсө, ошондо саясий кырдаалды түздөп кетебиз деп ойлойм.

Парламенттик журналисттин укугу чектелеби?

- Сиз парламенттин журналисттер менен кызматташуусу боюнча жаңы жобо иштелип чыкты дедиңиз. Ошол жобо боюнча маалымат берип коёсузбу? Мен билбейт экемин.
...танапис учурунда депутаттын өзүн, кийимин оңдоо учурун же ыңгайсыз көрүнүштөгү абалын тартып алып, гезитке чыгарыш туура эмес деп ойлойм.

- Эми иштөө шарттарын ылайыкташтырып, тартибин түздөө деген болот. Буга журналисттер өздөрү да катышты. Ар бир жерде тартип болушу керек. Ар бир иш мыйзам ченеминде болушу керек. Ошон үчүн журналисттерге мен кайрылгым келет: маалыматты кыркуу, маалымат бербөө максаты жок. Ар бир сессия түз ободо берилет, журнал чыгаралы деп атабыз, тасмасы бар, мунун баарын журналисттер алып пайдаланса болот. Чектөө жаап-жашыруу максаты жок.
Жаңы парламенттин алгачкы жыйыны, 10- ноябрь.


- Сиз эки жолу журналисттер эскертүү алса каттоодон чыгарылат деген экенсиз, бул чектөө болбойбу? Бул журналисттер арасында түшүнбөстүктү жаратып атат.

- Эми бул жерде проблема деле болбош керек. Парламентте депутаттар иштеп жатканда аларды каалагандай келип тартуу же залдын ичинде эркин басып жүрүү регламентке туура келбейт. Депутаттын атына, ар-намысына сөз тийбеши үчүн төрага жооп берет деп регламентте жазылуу. Добуш берип атса чуркап барып сүрөткө тартуу, же эки депутаттын өздөрүнөн башка эч кимге билгизбей турган сөзүн угуу, танапис учурунда кээ бир депутаттар өзүн, кийимин оңдоо учурун же ыңгайсыз көрүнүштөгү учурун тартып алып, гезитке чыгарыш туура эмес деп ойлойм. Ал эми расмий келип интервью алганга эч ким тоскоолдук кылбайт.

Мен журналисттерди чакырат элем: бизде кайсы телеканалды же гезитти ачпаңыз, негативден башка эч нерсе жок. Жакшылыкты тилек кылыш керек деген элдик сөз бар. Жакшы муунду тарбиялаш үчүн элдин, депутаттардын, министрлердин жакшы жактарын көрсөтүш керек. Анан эптеп эле сенсация жасаш керек, гезит өтүш керек деген туура эмес.

Коомдук телеканалдын тадыры кандай болот?

Биз коомдук телеканал болушуна каршылыгыбыз жок. Бирок ошонун бардыгы мыйзам иретинде болсо. Бул бир, эки үч топ адамдын кызыкчылыгы үчүн жасала турган иш болбошу керек деген сөз.

- Азыр Коомдук телерадио компанияны кайра мамлекетке кайтаруу, анын байкоочу кеңешин таратуу маселеси айрым депутаттар тарабынан көтөрүлүп атат. Сиздин буга көз карашыңыз кандай?

Коомдук телеканалдын имараты


- Жободо кандай жазылса, ошол мыйзамды аткарышыбыз керек. Биз депутат болуп келгенге чейинки жеткен маалыматка таянсак: байкоочу кеңештин тандап алган талапкери өтпөсө, өткөрүшпөсө, байкоочу кеңеш парламенттен өтүшү керек. Талапкерлерден татыктуулар парламенттен өтсө ошондо татыктуу адамды шайлап алганга алардын кудурети жетет. Биз коомдук телеканал болушуна каршылыгыбыз жок, депутаттар деле ошону айтып атышат. Бирок ошонун бардыгы мыйзам иретинде болсо. Бул бир, эки үч топ адамдын кызыкчылыгы үчүн жасала турган иш болбошу керек деген сөз. Коомдук дегенден кийин чындыгында коомдук болушу керек. Депутаттардын койгон талабы ошондой.

- Жалал-Абадда 7-канал иштей баштады. Бул “Ата-Журт” партиясынын каналы деген маалымат бар. Муну азыр өзүңүз тастыктасаңыз керек. Эгер ошондой болсо ал партиянын ишмердүүлүгүнө багытталганбы?

- Эми ушундай канал ачылганы жөнүндө мен сизден биринчи жолу угуп атам. Кандай канал болбосун анын кандай иш алып барары жобосунда жазылуу болсо керек.

- “Ата-Журтка” тиешеси жокпу?

- “Ата-Журт” партиясынын менчик каналы жок. Бул биз жөнүндө жазылган “өрдөктөрдүн” бирөөсү болсо керек.

Бакиевдер, “Ата-Журт” жана коалиция

- Легитимдүү бийлик колуңузда турат, сиз Бакиевдерди алып келүүнүн кандай мыйзамдуу жактарын көрүп жатасыз азыр?

- Мен төрагалыкка шайланып атканда ушундай суроо түшкөндө айттым: Бакиев болобу, мурунку президент болобу, кийинки президент болобу, кандай гана жаран болбосун сот тастыктагандан кийин гана күнөөсүн тартыш керек. Анын бардыгына сот чекит коюшу керек.

- Буга чейин аларды кайтаруу жөнүндө прокуратура, башка органдар айтып келатышат...

"Ата-Журт" партиясынын парламентке келишине каршы нааразылык акция, 2010-жылдын 13-октябры.


- Прокуратуранын да, күч органдарынын да түздөн-түз милдети күнөөлүү болгон, качып кетип, күнөөдөн кутулгандарды алып келип, сот алдына тартыш алардын түздөн-түз милдети. Аларды эл алып келбеш керек. Эл ошон үчүн аларга салык төлөп, өз чөнтөгүнөн айлык берип атат.

- Шайлоонун убагында көп өөдө-ылдый окуялар болду. Сиздин дарегиңизге да көп сөздөр айтылды. Алардын ичинде Максим Бакиевдин үнү жазылган тасмада да сиздин атыңыз аталган экен. Ушуга байланыштуу элде ар кандай пикир сакталып калса керек. Буга сиз кандай жооп берет элеңиз?

- Эми саясатта кандай гана өөдө-ылдый, балит сөздөр айтылбасын, мен ага көңүл бурбайм. Себеп дегенде мен партиянын бирден-бир жетекчилеринин бири болуп шайлоого барганда ошол эле биздин атаандаштар, демократмын, эл үчүн кызмат кылам дегендер өздөрүнүн башынан өткөндү унутуп калышып, эки эсе балит иштер менен алектеништи. Кудай чындыкты каалайт, кыргыз эли үчүн кандай ийгиликтерди мен колумдан келишинче жаратканымды кайсы жерде иштебейин, мен ишим менен көрсөткөм. “Желтая пресса” дегенге, журналисттерге жагамбы-жакпаймбы, ал өздөрүнүн иши. Мен кайсы жерде иштебейин эл үчүн кызмат кылгам жана кыла берем.

- Апрель окуясынан кийин кылмыш иши козголгон бир топ депутаттар бар. Ушуларга байланыштуу башкы прокуратура сизге кандайдыр бир кайрылуу жолдодубу? Эгер жолдосо кандай чечим менен аякташы мүмкүн? Парламент аны кандай кабыл алышы мүмкүн?

Парламент төрагасын шайлоо, 2010-жылдын 17-декабры.


- Апрель окуясынан кийин козголгон иштерди бир четинен өздөрү жаап, келип кечирим сурап атышат. Ошолордун бирден-бир бөлүгү депутатыбыз Нурлан Сулаймановго байланыштуу. Эчтеке жоктугунун негизинде иштеринин бардыгы жабылды. Эгер иш жапканыбызга макул болбосоңуз сотко кайрылыңыз деген аныктаманы беришти.

Ошондуктан мен айтып коёюн, фракциянын жетекчиси катары бүт күч органдарына “Ата-Журт” партиясынын кайсы мүчөсүнө иш козголгондугун сурап кат жөнөткөм. Үчөөнөн келди. Мен аны учуру келгенде айтам, себеби, саясий куугунтуктоо менен, саясий көз караш менен козголгон иштердин дайын-дареги жок. Ал боюнча бизге расмий эч нерсе келген жок.

- “Ата-Журт” партиясы, мен билгенден, АКШ аба-аскерий күчтөрүнүн Кыргызстанда жайгашып турганына каршы эмеспи же мен жаңылып атамбы?

КСДП, “Республика”, “Ата-Журт” фракциялары менен чогуу коалиция түзүлгөнү – бул, элдин оюн, добушун сыйлоо. Кыргыз элиндеги тынчтыктын, биримдиктин белгиси.


- Кандай гана келишим болбосун, Америка мененби, башка чет өлкөлөр мененби, биринчиден, Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгы каралышы керек. Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгы өөдө турса биз андай келишимдерди карашыбыз керек.

- Сиз кандай деп ойлойсуз, АКШ менен Кыргызстандын бул келишими улуттук кызыкчылыкка дал келеби же каршы келеби?

- Мунун бардыгы комитеттерде каралып чыккандан кийин аныкталат.

- Дагы бир суроо: Социал-демократтар менен “Ата-Журттун” шериктештиги – бийликти сактап калуу максатыбы же чын эле биргелешип мамлекетке пайда келтирүү максатыбы?

Алмазбек Атамбаев менен Ахматбек Келдибеков, 2010-жылдын 17-декабры.


- Биринчиден, “Ата-Журт” партиясы тоскоолдуктарга карабастан шайлоодо биринчи орунга чыкты. Мага кээ бир жарандар суроо беришти, таза шайлоо болгон жок, ошон үчүн утуп алдыңар деп. Биздин колдо мектеп директорун койгонго да бийлик болгон жок, эч кандай административдик күч болгон жок. Жада калса ошол штаб жетектегендердин кээ бири камап, уруп, коркутууларга кабылса дагы эл дайыма калыс чечет экен, биз биринчи орунду алдык. Ошон үчүн бүгүн КСДП, “Республика”, “Ата-Журт” фракциялары менен чогуу коалиция түзүлгөнү – бул, элдин оюн, добушун сыйлоо. Кыргыз элиндеги тынчтыктын, биримдиктин белгиси деп ойлойм.

- Сиз келерки жылдан эмнени күтүп атасыз?

- Келерки жылдан кыргыз элинин бакубаттыгын, бөлүнбөстүгүн, акылмандыгын күтүп атам. Кыргыз элинен бири-бирин ызааттоону, сыйлоону күтүп атам. Ар бир бийликте турган адам кыргыз эли үчүн иштейт деп күтүп атам.

- Эл ичинде ар кандай имиштерди тарыхый фактылар тастыктаган учурлар көп болуп атат. Маселен, 2005, 2010-жылдардагыдай күч менен бийлик алмашуу болбойт деп элди тынчыта аласызбы?

Ахматбек Келдибеков "Азаттыктын" кабарчысы Бурулкан Сарыгулованын суроолоруна жооп берүүдө.


- Бул элдин сөзү эмес, бул – журналисттердин сөзү, айрым саясатчылардын сөзү. Бул – чагымчылардын сөзү. Эгер саясатчылар, журналисттер кошулуп, элди ынтымакка, биримдикке, жакшылыкка чакырса баары жакшы болот.

- Өтүп бараткан жылдан эмнени таптыңыз, эмнени жоготтуңуз?

- Бул кыргыз эли, мамлекети үчүн трагедиялуу жыл болду. Өтө чоң жоготууларга дуушар болдук. Апрель, июнь окуяларында эр-азаматтарыбыз аркы дүйнөгө шейит болуп кетишти. Тарых муну кечиреби-кечирбейби? Тарых көрсөтөт. Ага жол бергенге, ушуга жеткиргенге баарыбыз күнөөлүүбүз. Келаткан жылда ушундайга жол бербөө максатында иш алып барышыбыз керек. Өтүп кеткен жылда биз жоготуудан башка эч нерсе тапкан жокпуз.

- Жеке өзүңүзчү?

- Мен деле кыргыз элинин бир бөлүгүмүн.

Рахмат маегиңизге, ийгилик болсун!

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG