Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:17

Эртелей эне болуу азабы


Иллюстрация
Иллюстрация

Ушул айдын башында Нарында 14 жаштагы кыз төрөп, коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Бирок бул жалгыз окуя эмес, секелек кыздар арасында кош бойлуу болуу жана төрөө фактысы жыл санап өсүп жатат. Расмий маалымат боюнча, 2015-жылы секелек кезде кош бойлуу болгондордун саны 1200гө жеткен.

Бала туруп балалуу болуунун себеби эмнеде? Адистер эртелеп эне болуу аялдардын ден соолугу менен улуттун генофондуна терс таасирин тийгизет деп коңгуроо кагат.

Евразиядагы мамлекеттердин ичинен 19 жашка чейин төрөгөндөрдүн саны боюнча Кыргызстан алдыңкы орунда турат.

Бейөкмөт уюмдардын изилдөөлөрүнө ылайык, эрте турмуш кургандар көбүнчө айыл жергесинде көп кездешет. Эрте балалуу болуу эненин саламаттыгы менен кошо наристенин да ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Мындай балдарга жетиштүү тарбия берилбей, психологиясы жабыркайт. Көпчүлүк учурда мындай энелер балдарына таштап кетишет.

Эртелей эне болуу азабы
please wait

No media source currently available

0:00 0:27:42 0:00

Психологдор мындай көйгөйгө көбүнесе ата-энесинин, жакындарынын мээриминен өксүгөн өспүрүмдөр туш болоорун айтышат.

Кылмыш кодексине ылайык, жашы жете элек өспүрүм менен жыныстык катнашка барган адам мыйзам алдында жоопко тартылышы керек. Бирок жоопко тартылбай калгандар басымдуулук кылат.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG