Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:39

Кыргыз ата-энелери балдарынын гуманитардык эмес, рыноктук кесип алуусуна көңүл бура баштады. Соңку жылдары кесиптик окуу жайларга сынак болуп, жогорку окуу жайларга тапшыргандардын саны салыштырмалуу азайды.

"Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: Жаштар, эмгек жана жумуштуулук министрлигине караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча агенттиктин бөлүм башчысы Алымкан Сатарова, билим берүү жаатында адис Асылбек Жооданбеков жана Нарындын тургуну Жумабек Касымов.

“Азаттык”:
Бир кезде сабактан артта калган балдардын орду ПТУда деген көз караш бар эле. Азыр ошол пикир жоюлду десек болобу?

Асылбек Жооданбеков: Ушундай көз караш жоюлуп баратат десек болот. Союз мезгилинде бардыгы партиянын, бийликтин көзөмөлүндө болчу. Натыйжада балдардын каякка окуй турганын ата-эне же мекемелер чеччү.

Барган сайын жогорку окуу жайлардын аброю төмөндөбөсө да реалдуу бааланып, орто кесиптик окуу жайлардын аброю жогорулап жатканы рыноктук талаптын негизинде болууда.

Мени кубанта турган негизги маселе – мурда дээрлик көпчүлүк учурда ата-эне эле балдарынын ордуна "сен бул жакка, сен тиги жакка" деп чечим чыгарып койчу. Бүгүнкү күндө жаштардын да маалыматтуулугу, билими, өзүн өзү таануусу өсүп, кесипти өздөрү тандап калды. Бул абдан сонун тенденция.

Алымкан Сатарова: Биздин кесиптик билим берүү тармагында 110 окуу жай бар. Рынок талабына ылайык бүгүнкү күндө курулуш, жеңил өнөр жай, айыл чарба, тейлөө жана энергетика тармагындагы адистиктерге суроо-талап жогору. Окуучуну кабыл алганда кызыгуусу бар, өзүнүн шык, жөндөмү байкалган балдарды алганга аракет кылабыз. Балдар деле өз кызыгуусу менен тапшырат. Азыр чындыгында жогорку окуу жайды бүтүп, жумушсуз жүргөндөр бар. Бизден бүткөндөрдүн 87% иш менен камсыз боло алат.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





Жумабек Касымов: Баланын жөндөмүнө караш керек экен. Албетте багыт да берип коюш керек. Мисалы, менин балам машинеге, аны айдаганга абдан кызыгат. 9-классты бүткөндө ушул бөлүмгө кир деп айттым. Өзүм да кесиптик техникалык окуу жайда окугам, ошонун артынан оокат кылып келатабыз.

Менин жогорку окуу жайга окутканга деле мүмкүнчүлүгүм бар. Кызым деле контракт төлөп, университетте окуп жатат. Азыркы ЖОЖдордун билим берүү деңгээлин көрүп жатабыз, акча берип бүтүрүшөт. Мен баламды мүмкүнчүлүгүм болуп туруп эле атайын кесиптик окуу жайга тапшырттым.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG