Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:35

Москва мамлекеттик университетинин профессору, эл аралык бир нече сыйлыктардын ээси, англис тили боюнча мыкты адистердин бири катары таанылган мекендешибиз Марклен Коңурбаев «Журтташтар» түрмөгүнө маек берди. Окумуштуу бул жаатта кыргыздарга көмөк көрсөтүүчү борбор да ачарын кабарлады.

Марклен Коңурбаев: Москва мамлекеттик университетинин филология факультетинде чет тилдери, лингвистика жана риторика боюнча сабак берем. Мен борбордо, мурдагы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында, 1964-жылы төрөлгөм. Бирок өмүрүмдүн көбү Орусияда өттү десем болот. 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинен Москвага которулгам. Окууну бүткөндө Оштогу педагогикалык институттун филология факультетине жиберишти. Ал жакта бир жыл иштегенден кийин кайра Москвага чакырышты. 1988-жылы Москва мамлекеттик университетинде илимий ишимди жактадым, ошондон бери иштейм. Кандидаттык диссертациямды мыкты лингвист, профессор Ольга Рахманованын жетекчилигинде жактадым. Ал Москвадагы ошол кездеги ак сөөк окумуштуулардын эң акыркыларынан болсо керек. Ошондой чоң окумуштуу менен иштегеним үчүн өзүмдү бактылуу сезем. Анткени Москвада каларым үч уктасам түшүмө кирген эмес. Аспирантураны бүтсөм эле Кыргызстанга кайтам дечүмүн. Жетекчим Рахманованын сунушу менен МГУда иштеп калдым.

Орусияга келген мигрант эч кимге кереги жок, жергиликтүүлөр кылгысы келбеген, карьералык тепкичи жок, айлыгы аз иштерге эле кире алат деген түшүнүк бар. Ушундан улам Орусияга багыт алган мекендештериме биринчи айта турган кеңешим: максатты бийик коюңуздар.

«Азаттык»: Кыргызстанга тез-тез келип турасызбы?

Марклен Коңурбаев: Жылына жок дегенде бир жолу барам. Үч-төрт жолу каттаган күндөр болгон. Жамандык, жакшылык деген болот эмеспи. Барган сайын улуулар менен учурашып, көзү өтүп кеткендерге куран окуйбуз. Москвада иштеп, жашасам да, мекеним менен байланышты үзгөн жокмун. Элибиздин каада-салттарын чанбадым. Мен үчүн диний ишеним абдан маанилүү. Беш маал намаз окуудан жазбайм. Эки ирет Меккеге барып, ажылык милдетимди өтөгөм. Кыргыз болуу, мусулмандык менин өздүгүмдүн айрылгыс бир бөлүгү. Бир кесиптин ээси болуп эле өз тамырыңды, улуттук өзгөчөлүгүңдү жоготуп койгондун өзү жаман да. Андыктан мен өз тамырымды, ички сезимдеримди жоготуп албаганга, кыргыздын салттарын карманганга аракет кылам. Өткөнүңдү, өз тамырыңды унутуп коюудан өткөн коркунуч жок.

«Азаттык»: Социалдык тармактарда сиздин англис тилиндеги видео-сабактарыңыз абдан кеңири жайылып, элдин кызыгуусун жаратууда. Алардын ичинен айрыкча бизнес англис тили боюнча дарстарыңызда берген кеңештериңиз популярдуу. Азыркы тапта Орусияга иш издеп барып жаткан мекендештериңизге кандай кеңеш берет элеңиз?

Марклен Коңурбаев

Марклен Коңурбаев

Марклен Коңурбаев: Орусияга иш издеп келген ар бир адам дароо эле атаандаштык деңгээли өтө жогору жумуш базарына тушугат. Келечеги кең, айлыгы мыкты, шарттары жакшы жумуш орундары бош эмес. Анткени орустун жогорку окуу жайлары жылына абдан көп бүтүрүүчүлөрдү чыгарып, алардан иш артуусу өтө кыйын. Андыктан Орусияга келген мигрант эч кимге кереги жок, жергиликтүүлөр кылгысы келбеген, карьералык тепкичи жок, айлыгы аз иштерге эле кире алат деген түшүнүк бар. Менин оюмча, мындай жумуштар адамдын өсүүсүнө, жакшы жашоо-шартка уңгу боло албайт. Кир, чаң, суукта иштейт. Ушундан улам Орусияга багыт алган мекендештериме биринчи айта турган кеңешим: максатты бийик коюңуздар. Маселен, башкаруу жаатында же балким эсеп-кысап багытында кичине билим алса, ошону өркүндөтүп, бир кеңсеге офис-менеджер же эсепчи болууга мүмкүнчүлүк бар. Орусияга келерден мурда кандайдыр бир курстардан өтүшсө, балким эсепчилик, же кеңсе башкаруучулук деген сыяктуу. Орусия Федерациясынын мыйзамдары менен таанышса жакшы болмок. Мындай кызматтар көчө шыпырып, пол жууганга караганда таза, ыңгайлуу анан акчасы да жакшы эмеспи. Маселен мен азыр кесиптештерим, кыргызстандык мекендештерим менен бирге Москвага жаңы келген мигранттарга кесип тандоо жаатында көмөк көрсөтүүчү борбор ачканы турабыз. Ал борбордон мигрант кеңеш алса болот, кошумча курстарды окуй алат.

Миграциялык саясат азыркы учурда Кыргызстандын өнүгүү багытындагы олуттуу, курч тема болуп турат. Азыр аралыктан эле кыргызстандыктарды кеңеш берип, багыт бере турган окуу жайларды түзүү заманы келди. Болочок мигрант Кыргызстандан чыга электе эле, үйүндө отуруп, кеңеш алган деңгээлге жетиши керек.

«Азаттык»: Орусиянын эмгек биржасында атаандаштыкка туруштук бере алгыдай заманбап мигрантты жаратуу үчүн Кыргызстанда кандайдыр бир мамлекеттик саясат болуш керекпи?

Марклен Коңурбаев: Меним оюмча, эң башкысы мамлекеттин бул жерде кыла турган чоң жумушу Орусия же дагы бир башка өлкөгө эмгек көчмөндөрүн жиберип, же аларды даярдап, окутуп жаткан компания же фирмаларга уруксатты токтоосуз берип турушу керек. Ал компаниялар орто даражадагы маяналуу жумуштарга шайкеш келген адистерди кыска мөөнөттө даярдаса абдан жакшы болмок. Азыр Москва, Санкт-Петербург сыяктуу Орусиянын ири калааларында биздин жакшы кызматтарда иштеген, илим жаатында эмгектенген мекендештерибиз бар. Ошолор да мигранттардан жардамын аябай, телефондон же интернеттен кеңеш берип турса жакшы болмок. Негизи эле миграциялык саясат азыркы учурда Кыргызстандын өнүгүү багытындагы олуттуу, курч тема болуп турат. Азыр аралыктан эле кыргызстандыктарды кеңеш берип, багыт бере турган окуу жайларды түзүү заманы келди. Болочок мигрант Кыргызстандан чыга электе эле, үйүндө отуруп, кеңеш алган деңгээлге жетиши керек.

«Азаттык»: Азыркы тапта Кыргызстанда Орусияда көчө шыпыргыч же кароолчу сыяктуу төмөңкү деңгээлдеги иштерди иштеген адамдардын балдары чоңоюп жатпайбы. Алар да мектепти бүтсө эле Орусияга барып ата-энесинин жолун жолдобойт деп ким кепил боло алат? Андай жаштарды кантип жогорку деңгээлге чыгарса болот?

Марклен Коңурбаев: Билесизби, мен ушуга бир эле мисал менен жооп бергим келет. Балким ушул мисалдын негизинде Орусиядагы мигранттарыбыздын акыбалын жакшыртуунун жолун издесек болот. Эгер сиз азыр Москвада жашасаңыз, анан бала багуучу издеп калып, тааныш-билиштерден сураштырсаңыз, алар сизге сөзсүз түрдө филиппиндик аялды сунуштамак. Эмнеге? Анткени филиппиндик аялдар Орусияда эле эмес, дүйнөдө мыкты бала багуучунун брендин жаратып коюшкан. Балким дал ушул бренд үчүн алар көп жыл иштеген. Алар улуттук кесипти жаратышты. Эмнеге кыргыздар ушундай боло албайт? Биз деле бардык билим, талантыбызды колдонуп, кыргыздар мыкты катчы же эсепчи деген түшүнүктү жаратсак болот да. Бул үчүн албетте, тийиштүү, жетиштүү билим алганга умтулуу керек.

Марклен Коңурбаевдин бизнес англис тили боюнча видео-сабактарынын бири

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG