Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:45

Алмазбек Кадыркуловдун Мамлекеттик мүлк фондун жетектеп турганына туура бир жыл болду. “Кыргызтелекомдун” башчылыгынан ызы-чуу менен кеткен соң анын азыркы кызматына көтөрүлгөнү талкуу жараткан.

Кадыркулов убагында мурунку президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин жакын адамдарынын бири болгону айтылат жана апрель ыңкылабынан кийин келген бийликтин тушунда деле майлуу-сүттүү кызматтардан түшпөй жүрөт.

Массалык маалымат каражаттары Алмазбек Кадыркуловдун өкмөт башчылардан тил укканын, атүгүл сөгүш да берилгенин, кызматтан алынганы жатканын, ошондой эле мурунку иштери, ал башкарган тармактагы алешемдиктер, мыйзам бузуулар тууралуу такай эле жазып келет. Бирок ээрден ообой, тескерисинче чоңураак кызматка көтөрүлүп келгендиктен тамаша-чыны аралаш аны “отко салса күйбөс, сууга салса чөкпөс”, “түшпөс хан” деп атагандар да бар.

Алмазбек Кадыркулов тууралуу өткөн айда эле Жогорку Кеңеште чоң сөз болду. Болгондо да аны Социал-демократтар фракциясынын айрым депутаттары айыптап чыгышты. Маселен, депутат Кожобек Рыспаев Кадыркулов мамлекеттин мүлкүн начар башкарып жатканын, “түшпөс ханга” айланып алганын айтып, өкмөткө чара көрүүнү тапшырды.

Дагы бир социал-демократ депутат Рыскелди Момбеков Кадыркуловду “Кыргызтелекомдун” жетекчилигинен кетип жатканда мыйзам бузууга барган деп айыптады. Мындан улам ага кылмыш иши козголушу керектигин билдирген:

- Азыркы Мүлк фондунун төрагасы Алмазбек Кадыркулов “Кыргызтелекомдун” жетекчиси кызматынан директорлор кеңешинин чечими менен ишиндеги кемчиликтер боюнча кеткен. Бирок ал жигит куулук кылган. Өзүнө өзү чечим чыгарган, Мүлк фондунан башкаруу тууралуу сунуш түшкөндө, өз арызым менен деп туруп фондго кетип калат. Муну кандай түшүнсө болот? Ишиндеги кемчиликтер менен кетирген кадрдын министр болуп дайындалышын кандай түшүнсө болот? Мен бул тууралуу өкмөттөн түшүндүрмө сурагам, бирок жооп жок. Мага “Кыргызтелекомдун” ардактуу ардагерлери документтерди көрсөтүп кетти. Кадыркулов документтерди жасалмалаган, бул деген кылмыш иши. Дегеле анын “крышасы” ким? Эркелеп бүттү го. Анан анын колдоочусу бар деп айтышат экен. Анын колдоочусу ким?

Мамлекеттик мүлк фонду сатыкка чыгарган 38 объекттин арасында “Кыргыз мобайл компани”, “Дастан” трансулуттук корпорациясы, “Кара-Балта” спирт заводу жана “Кыргызстан аба жолдору” деген компаниялар бар. Мунун баары улуттук стратегиялык объекттер. Буларды атүгүл Бакиевдин режими сатканга батынган эмес.

Анын колдоочусу ким экенин так айта албасак да, жок дегенде боолгош үчүн ушул жерден Алмазбек Кадыркуловдун эмгек жолун кеңири баяндай кетели.

Ал маркум профессор Апанди Кадыркуловдун уулу. Атасы иштеген Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетти 1995-жылы аяктаган. Адистиги боюнча финансист. Жогорку окуу жайды бүтөрү менен эле мамлекеттик кызматка кирген жана 2000-жылга чейин Салык кызматынын Бишкек шаардык жана райондук бөлүмдөрүндө инспектор болуп иштеген.

2000-жылы Курманбек Бакиев өкмөт башчы болуп турганда анын аппаратынын каржы бөлүмүнө референт болуп ишке кирген. Бир жылдан кийин эле Каржы министрлигинин алдындагы Банктар жана карыздар боюнча агенттиктин жетекчи орун басары болуп келип, эки жылдай иштеген.

Курманбек Бакиев президент кезинде Дене тарбия жана спорт агенттигинин статс-катчысы, билим берүү министринин орун басары, Улуттук байланыш агенттигинин статс-катчысы болуп иштеп турган.

2010-жылы бийлик алмашканда соңку кызматын сактап калган, ал тургай бир жылга жетип-жетпей Байланыш агенттигинин башчысы болуп көтөрүлгөн.

Кызматынан улам жогорулап, ташы өйдөлөй баштаганда “Люстрация кыймылы” анын мурунку кызматтарындагы тендерге байланыштуу айрым жагдайларды айтып чыккан. Атап айтканда, билим берүү министринин орун басары кезинде китеп чыгаруу боюнча 85 миллион сомдук тендерди уюштуруп, аны өткөрүүгө катышканы, анда Максим Бакиевге таандык делген “Континент” басмаканасы утуп, бирок бир да китеп чыгарбаганы тууралуу коомдун эсине салган. Козголду деген кылмыш иштин аягы билинбей калган, ал эми “Континент” басмаканасы Убактылуу өкмөттүн декрети менен улутташтырылган.

2009-жылы эл аралык “Манас” аба майданынын директорлор кеңешинин мүчөсү болуп турганда Курманбек Бакиевдерге таандык делген күйүүчү май ташыган “Аалам сервис” ишканасы менен мыйзамсыз келишимдин түзүлүшүнө катышканы, натыйжада өлкө казынасына 150 миллион сомдук зыян келгени боюнча сөз болгон. Бирок Алмазбек Кадыркулов мындай дооматтарга үн катпай кутулган.

2012-жылы жайында Алмазбек Кадыркулов Байланыш агенттигин жетектеп турганда ошол кездеги премьер-министр Өмүрбек Бабановдон тил уккан жайы бар. Өкмөттүн жыйынында Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Кадыркулов түрмөлөрдөгү телефон байланышын өчүрүү боюнча эч нерсе жасабай жатканын маалымдаган. Кадыркулов ошол өкмөттүн жыйынына катышпай АКШда жүргөнү үчүн жана бир канча ай мурун берген тапшырмасын аткарбаганына байланыштуу Бабанов катуу ачууланган, сөгүш берерин, кызматтан аларын эскерткен. Бирок анын баары сөз бойдон эле калган.

Алмазбек Кадыркулов “Кыргызтелекомду” 2013-2015-жылдары башкарды. Ишине байланыштуу бир топ олуттуу доомат айтылды жана ишкананын директорлор кеңеши менен ачык араздашкан. Натыйжада кеңеш аны ишин жөндөй алган жок, берилген тапшырмаларды аткарбады, каржылык тартип бузду деп айыптап кызматтан кетирүү тууралуу чечим чыгарган. Бирок ал кызматынан жогорулап кеткен.

Алмазбек Кадыркулов бир кезде "Кыргызтелекомдон" ызы-чуу менен кеткен

Алмазбек Кадыркулов бир кезде "Кыргызтелекомдон" ызы-чуу менен кеткен

Былтыр жайында байланыш тармагынын ардагери Буркан Жумабаев маалымат жыйында Кадыркулов Мамлекеттик мүлк фондунун башчысы болору менен “Кыргызтелекомдун” директорлор кеңешинен өч алып жатат деп даттанган:

- Директорлор кеңешинин азыркы курамы аны укпай, баш ийбей, анын эмес акционерлердин кызыкчылыгын колдогону үчүн Кадыркулов азыр аларды жоготкусу келип жатат. Мамлекеттик мүлк фонду “Кыргызтелекомдун” акционерлеринин кезексиз жыйыны өткөрүлсүн деп кат жөнөтүптүр. Ошондой эле директорлор кеңешин алмаштыруу үчүн өзүнүн үч талапкеринин тизмесин бериптир. Социалдык фонд да мындан башка үч талапкер сунуштаптыр. “Кыргызтелекомдун” директорлор кеңеши азыр үч адамдан турат. Булар болсо беш адамга чейин көбөйтүп, өздөрүнүн коррупциялык айла-амалын улантуу үчүн директорлор курамын өзгөртөлү деп жатат.

“Кыргыз чоролору” коомдук бирикмесинин мүчөсү Уран Рыскулов ошол маалымат жыйында мамлекеттин мүлк чекесинен сатыла баштаганын айыптаган:

- Улуттук стратегиялык объекттерди дүңүнөн сатуу башталды. Мамлекеттик мүлк фонду сатыкка чыгарган 38 объекттин арасында “Кыргыз мобайл компани”, “Дастан” трансулуттук корпорациясы, “Кара-Балта” спирт заводу жана “Кыргызстан аба жолдору” деген компаниялар бар. Мунун баары улуттук стратегиялык объекттер. Буларды атүгүл Бакиевдин режими сатканга батынган эмес.

Кадыркулов болсо дооматтарды четке каккан. Былтыр Кадыркулов жыл этегинде “Азаттыкка” курган маегинде Мамлекеттик мүлк фондунун ишин өзгөртүү тууралуу пландарын кеңири кеп салган:

- Мамлекеттик компания жана ишканалардын башчыларын жана алардын директорлор кеңешинин мүчөлөрүн шайлоодо бир катар маселелер бар. Азыр алар тестирлөө менен тандалып алынып кадрлар резервине киргендердин ичинен тандалып алынат. Эгер биз азыр Жоомарт Оторбаевди “РСК Банктын” деректирлер кеңешине киргизели десек же Аскар Салымбековду “Кара-Суу” базарына башчылыгына койгубуз келсе да кое албайбыз. Анткени алар тестирлөөдөн өткөн эмес. Бирок аларды тестирлөөдөн өткөрүүгө зарылчылык жок да. Ошондуктан биз аны жоюп, жаңы ыкмаларды колдонолу деп жатабыз. Мисалы, профилдик бирикмелер өздөрүнө керектүү адистерди өздөрү тандап бизге тизмесин жөнөтөт. Алсак, “Нефтетрейдерлер” ассоциациясы “Кыргызнефтегазга”, ал эми Байланыш операторлор ассоциациясы “Кыргызтелекомго” керектүү кадрларды өздөрү тандап сунушташат. Биз ушуга өтүү керек.

Анткен менен, Темир Сариев премьер-министр кезинде Кадыркуловдун ишин кескин сынга алып келген жана бир канча жолу эскертүү, сөгүш берген. Өкмөттө иштегендер Кадыркуловдун жыйындарга катышпай койгон же тең ортолоп калганда чыгып кеткен адаты бар экенин кеп кылып кылышат. Ушул тушта анын ишине дагы сын айтылып, Жогорку Кеңеште айрым депутаттар чара көрүүнү талап кылып жатат. Бирок азыркы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков деле анын ордунан козгой албайт шекилдүү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG