Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:01

Кыргызстан башкы прокурору Аида Салянова “Азаттыкка” атайын маек курду.

“Азаттык”: Урматтуу башкы прокурор, суроону былтыркы июнь окуларынан баштайлы, анткени бул иш дагы далайга чейин созулчу өңдөнүп калды.

Былтыркы тополоңду уюштуруу, киши өлтүрүү, турак-жайга жана жеке менчикке зыян келтирүү деген кылмыштар боюнча прокуратура тарабынан канча иш ачылды эле, канчасы сотко ашырылды, канчасы дагы эле тергелип жатат жана ушунча созулушунун себеби эмнеде?

Аида Салянова: Өлкөбүздүн түштүгүндө болуп өткөн былтыркы коогалаңда тартип коргоо органдары тарабынан жалпысынан 5 миң 633 кылмыш иши козголгон. Алардын ичинен тополоң уюштуруу фактылары боюнча 39 кылмыш иш, адам өлтүрүү боюнча 476 иш, атайылап кара-санатайлык менен үй мүлккө жана жеке менчикке зыян келтирүү боюнча 2443.

Өзүңүздөр көргөндөй, козголгон кылмыш иштеринин басымдуу көбү үй-мүлккө жана жеке менчикке зыян келтирүү маселелери боюнча. Бүгүнкү күнгө карата тополоң уюштуруу боюнча 131 адам, адам өлтүрүү боюнча 92 адам, үй-мүлккө жана жеке менчикке зыян келтирүү боюнча 17 адам кылмыш жообуна тартылууда. Аталган иштер соттун кароосуна жиберилди, бөлөк кылмыштар боюнча тергөө иштери дагы деле жүргүзүлүп жатат.

Тергөөнүн жыйынтыктары биздин өзүбүздү деле канааттандырган жок, анткени иштердин 6,2 пайызынын гана бети ачылды. Негизги себеби жазага тартылчу адамдардын көбү качып кеткен. Анткени баягы жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте документтерди ала калып, кетип калышкан.

Ошондой эле эң башында тартип коргоо кызматкерлеринин башында коркунуч тургандыктан, биринчи күндөрү эч кандай ыкчам иштер жүргүзүлгөн эмес. Көп адамдар Өзбекстанга кетип калганына байланыштуу биз азыр Өзбекстандын Башкы прокуратурасы менен биргеликте жумушчу топ түзсөкпү деп ойлоп жатабыз. Анткени биздин талаптарыбыз Өзбекстан тарабынан аткарылбай жатат. Атайын мобилдүү бир топ түзүп, талаптарыбызды карап көрүп, балким дагы бир жылыштар болот деген үмүттөбүз.

“Азаттык”: Демек, качып кеткендердин көбү Өзбекстанга өткөн деп түшүнсөк болобу?

Салянова: Өзбекстанга качканы бар, Орусияга качканы бар.

“Азаттык”: Курман болгондордун басымдуу көпчүлүгү өзбектер, ал эми кылмыш ишине тартылгандардын дагы 80 пайызга жакыны өзбек тектүү жарандар деп айтып жүрүшөт. Тергөө иштеринде прокуратура же милиция органдары улутуна карап бөлөбү деп укук коргоочулар тарабынан жана эл аралык сындарда да айтылып жүрөт...

Салянова: Чынында эле ушундай факты бар. Мындан бир-эки ай мурун июнь окуяларына байланыштуу токтоп калган же жабылып турган иштерди кайра ачып, кээ бирлерин кайра жандандырдык. Чын эле жабыркагандардын көбү өзбектер болсо да, өзбек туугандар арасынан жоопко көбүрөөк тартылып жатат деген маселе турду. Мунун бир себеби: кээ бир иштер боюнча, мисалы, бир ишке өзбек улутундагы адамдар жоон топ менен барган. Бир эле иш боюнча 16-18 адам тартылган учурлар кездешет.

Анын үстүнө тартип коргоо органдарына каршы адам өлтүрүү фактылары боюнча дагы көп киши кылмышка барышкан. Ушуну эске алуу керек. Бирок биз улам инвентаризация кылып, өзүбүздүн кабыл алган чечимдерибизди сын көз менен карап, объективдүү жыйынтыктарга келебиз деген ойдомун.

“Азаттык”: Укук коргоочулар 2-3 жолу билдирүү таратышты эле, июнь окуяларынын маалында сексуалдык жана гендердик негизде зомбулук иштери кыргыз бийликтеринин жана укук коргоо органдарынын көңүлүнүн сыртында калды деп. Сексуалдык жана гендердик негиздеги кылмыштардын канчасынын бети ачылды?

Салянова: Июнь окуялары боюнча 7 кылмыш иши козголгон. Айрым адамдар издөөдө. Козголгон иштердин көбү жана мен жогоруда айткан себептер менен токтоп турат. Жоопко тартыла турган кишилер азыр Кыргызстанда жок.

“Азаттык”: Июнь окуяларына байланыштуу процесстерде адвокаттарга, сотторго, соттолуучуларга жабыр тарткан тараптан кысымдар көрсөтүлүп, ортодо чырлар чыгып кетип атпайбы. Сот процессин үзгүлтүккө учуратып, сотту тоготпой коюу фактылары боюнча прокуратура кызматкерлери эскертүүлөрдү берсе болобу?

Салянова: Негизи июнь жана апрель окуяларына байланыштуу сот процессинде мүчүлүштүктөр болуп атат. Бир-эки ай мурун Ошко барып, июнь коогасына байланыштуу кылмыш иштери кандай тергелип атат деп, укук коргоочулар менен, жабыр тарткан адамдар менен жолугуп келгем. Ошондо укук коргоочулардын прокуратурага, негизи ички иштер органдарына дооматтары көп болчу.

Мындан бир канча күн мурда Ошко барып, кайра эле ошол адамдар менен жолуктум, кайра ошол маселелерди талкууладык. Азыр мурункудай сын жок. Мен биринчи жолу барганда прокуратура органдарына тартип коргоочу органдары менен меморандум түзүп, тыгыз иштегиле деп айтып кеткем. Азыр ошондой иш болуп жатыптыр, анан бири-бирин түшүнүп иштегенден көп майда-чүйдө маселелер өзүнөн өзү чечилип калып аткан экен.

“Азаттык”: Эл аралык отчетто айрым тергөөчүлөр процессуалдык нормаларды бузгандыгы, тергелип жаткан адамдарга ар түрдүү кыйноолорду колдонуп жаткандыгы туурасында фактылар бар эмеспи, буга кандай комментарий берет элеңиз?

Салянова: Адамдарды кыйноо фактылары чынында эле кооптоно турган тенденция болуп атат. Мисалы, 2010-жыл боюнча отуздан ашык мыйзамга ылайык келбеген методдорду колдонуп, кыйноо фактылары козголгон болсо, быйыл жети айдын ичинде эле 33 факт катталды. Балким, мурун кээ бир фактылар ачыкка чыкпай же ачылган иштер аягына чейин тергелбей калганы себеп болсо керек.

Бул фактылар менен күрөшүш үчүн убактылуу кармоочу жайларды бат-баттан текшерип туруу боюнча прокурорлорго тапшырма бердим. Көбүн түнкү маалда да текшериш керек, жумушка баратканда, кечинде келатканда деле текшере бериш керек. Күтүүсүз текшерүү кыйноолорго каршы күрөшүүнүн бирден бир жолу.

Тартип коргоо органдары өздүк состав менен жакшы иштеш керек, түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек. Тартип коргоо органдарында иштеп аткан ар бир адам алардын балдары же туугандары ушундай кыйноого дуушар болбойт деп эч ким кепилдик бере албасын түшүнүшү керек.

“Азаттык”: 7-апрель боюнча банк кутучаларынын канча акча алынды, каякка чыгымдалды – ушул маселе боюнча прокуратурада кандай маалымат бар? Ошондой эле Бакиевдердин улутташтырылган мүлктөрү боюнча ар кандай эле күдүк сөздөр чыгат, башкалар ээлеп алыптыр деген, бул боюнча дагы маалымат бере кетсеңиз?

Салянова: Прокуратура органдары тарабынан 19 миллион 477 миң АКШ доллары банк кутучаларынан алынган жана Улуттук банкка атайын сактоо үчүн өткөрүлүп берилген. Андан кийин финансы полициясы аркылуу дагы 1 млн. 999 миң доллар алышкан.

Бардыгы 21 млн 476 миң долларды түзгөн. Бул акчалардын ичинен Убактылуу Өкмөттүн чечимдери аркылуу 3 млн. 284 миң доллар сарпталган. Бул турукташтырууга тиешелүү, негизи массалык маалымат каражаттарына кенен түшүндүрүп чыгарганбыз. Бүгүнкү күнү 12 млн. 384 миң доллар акча турат.

Мындан тышкары экс-коргоо министри Бактыбек Калыевден алынган дагы 5 млн. 800 миңден ашык сом мамлекетке кириштелген. Бул маселе дагы эле күн тартибинде турат. Ушул акчалар мыйзамга ылайык сарпталганбы же андай болгон эмеспи деп тергөө иштери жүрүп жатат. Текшерүү иштерин жүргүзүп, бизге материалдарды берсеңер деп эсептөө палатасына кайрылганбыз. Эсептөө палатасынын материалдарына жараша органдар жана жарандар боюнча иштерди карайбыз.

Рейдерлик фактысын айтып жатасыз. Мурда элге маалымдалгандай, 47 объект улутташтырылган. Азыр алардын тагдырын өкмөт парламент биргеликте чечип жатышат. Жаңы бийлик рейдерлик жол менен басып алуу боюнча менде факты жок.

“Азаттык”: Курманбек, Жаныш, Максим Бакиевдер, Данияр Үсөнов азыр сыртта жүрөт. Ошолорду кайтаруунун мыйзамдуу жолдору барбы? КМШ өлкөлөрүндө кабыл алынган Минск конвенциясында биринин аймагында жасаган кылмыш иштери боюнча бири-бирине өткөрүп берүү каралса керек эле?

Салянова: Туура, биз Минск жана Кишинев конвенциялары менен иштейбиз. Апрель окуясы болгондон кийин эле ар кайсы мамлекттерге ушундай талаптар коюлуп, бирок ал талаптарыбыз ушул күнгө чейин аткарылбай жатат. Мисалы, Беларус саясий мотивдер менен куугунтукка алып жатасыңар деп Курманбек Бакиевди берүүдөн баш тарткан.

Максим Бакиев боюнча ар кайсы мамлекттерге талаптарды жөнөтүп жатып, аягында Улуу Британияга келип түштү деген маалыматты угуп, ал жакка да ушундай талапты жөнөттүк. Азыр биздин өтүнүч Улуу Британиянын ИИМинин кароосунда.

Суталинов, Данияр Үсөнов боюнча дагы бир нече талаптар Орусияга, Казакстанга кеткен. Акыркы жолу ШКУга катышкан мамлекеттердин прокурорлорунун жолугушуусунда Казакстандын прокурорунун колуна ушундай талапты тапшырдым эле. Мына 27-июлда бизге жооп келди.

Биз оперативдик маалымат боюнча жашаган жерин, үйдүн номеринен бери жазып бергенбиз. Бирок алар текшерип, Казакстанда азыр мындай адамдар жок деп бизге расмий жообун берди.

“Азаттык”: Көлбаев менен Анапияев Араб Эмиратында кармалды, азыр кыргыз прокуратурасы аларды өткөрүп берүү өтүнүчүн жибериптир. Өтүнүч канчалык эл аралык мыйзамдын негизинде аткарылышы мүмкүн, себеби Араб Эмираты менен Кыргызстандын ортосунда андай келишим жок болсо керек эле. Кандай башка мүмкүнчүлүктөр бар?

Салянова: Чындыгында Араб Эмираты менен бизде эки тараптуу келишим жок экен. Бирок 2000-жылы башка өлкөлөр менен бирге Кыргызстан да, Араб Эмираты да ратифицикациялаган. Эл аралык уюшма кылмыштуулукка каршы деген конвенция экен. Ошонун негизинде биз Көлбаев жана Касенов тууралуу экстрадиция материалдарын Эмиратка жөнөттүк. Анапияев боюнча материалдардын баарын араб тилине которуп, аны да жөнөттүк. Бизде мүмкүнчүлүк бар деп ойлоп жатабыз. Азырынча ал жактан жооп боло элек.

“Азаттык”: Башкы прокуратура улуттук касташууга жол бербегиле деп эскертүү жаратты, мындайлар мыйзамдык жоопкерчиликке тартылат деп. Ушул күнгө чейин улут аралык кастыкты тутандыруу маселелери боюнча иш козгогон же эскертүү берген сиздерде маалымат барбы?

Салянова: Көбүнчө жеке жарандардан, маалымат каражаттарынан болуп атканына байланыштуу прокуратура алардын үстүнөн көзөмөл жүргүзө албайт. Чынында эле биз ушундай эскертүү жарыялаганбыз. Анткени ал мамлекеттик кызматкерлерге жана жергиликтүү бийликке тиешелүү болушу мүмкүн.

2010-жылы улуттук, расалык, диний жана регион аралык кастыкты козутуу боюнча 98 кылмыш иши козголгон экен. 2011-жылдын биринчи жарымында 61 кылмыш иши козголду. Негизи бул кылмыш иштери улуттук коопсуздук органдары тарабынан тергелет. Бизде жалпы көзөмөл деген түшүнүк бар. Ал жалпы көзөмөл жергиликтүү органдарга жана мамлекеттик кызматтагы адамдарга тиешелүү.

“Азаттык”: Жакында Кыргызстанда чоң саясий окуя - президенттик жарыш башталганы турат, азыр көп гезиттерди окусаңыз эле экиге-үчкө бөлүнөт экен деген сөздөр күч ала баштады. Кыргызстанды бөлүп жарууга чакырган сепаратисттик ураандарга карата кандай мыйзамдар каралган жана жазалоодон мурда кантип бөгөт коюп, алдын алса болот?

Салянова: Жазалоого чейин эскертүү даярдагыла деп тапшырма бердим эле кызматкерлерге. Мындай эскертүү жакында чыгат, кылмыш иштерин козгоодон мурда жалпы жарандарга ушундай бир эскертүү кылалы деп.

Эгерде улут аралык кастыкты козутуу же болбосо Кыргызстанды экиге бөлүүгө үндөгөн макалалар, ураандар, билдирүүлөр фактылары болсо, анда Кылмыш кодексинин атайын беренелери бар. Мисалы, сепаратисттик ишмердүүлүккө каршы, конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык болсо, же болбосо улуттук, расалык, диний же регион аралык кастыкты козутуу боюнча фактылар болсо, Кылмыш кодексинин беренелерине ылайык жоопко тартылат.

“Азаттык”: Ушуга байланыштуу суроо: мисалы, президенттикке талапкер болуп расмий каттоодон өткөн адам бир жерге барып биз баланча жерденбиз, баланча урууданбыз, ошон үчүн мени шайлагыла десе, бул саясий үгүтпү же кылмыш жообуна тартыла турган аракетпи?

Салянова: Эгерде эки региондун ортосунда кастыкты козутууга багытталган чакырыктар болсо, анда мен айткан беренелер боюнча жоопко тартылышы керек. Ушундай учурларда Улуттук коопсуздук комитети атайын экспертизаларды өткөрөт. Улуттук академиянын, Орус-кыргыз славян, Гуманитардык, Улуттук университеттеринин докторлорун, профессорлорун экспертизага тартышат. Анан алардын корутундусунун негизинде жоопкерчилик маселеси козголот.

“Азаттык”: Эркин микрофон деп коёбуз, өз оюңузду айта кеткенге биз ушундай мүмкүнчүлүк берген салтыбыз бар.

Салянова: Укукту туу тутуу, мыйзамдуулукту сактоо абдан манилүү. Ар бир Кыргызстандын жараны ушул нерсени жүрөгү менен сезип, жоопкерчиликти билүү менен мамиле кылса. Кайсы тармакты алба, эгер мыйзамдуулук, укук сакталбаса, өнүгүү болбойт. Ошон үчүн бири-бирибиздин укугубузду сыйлайлы, мыйзамдарды урматтайлы демекчимин.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG