Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Сасык тумоо күч алууда


Сасык тумоо.
Сасык тумоо.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий маалыматы боюнча, акыркы он айда сасык тумоого чалдыккандардын саны былтыркыга караганда 5,8% көбөйгөн. Жалпысынан Бишкек, Ош шаарларында, Талас жана Чүй облустарында сасык тумоо менен ооруган адамдар көп катталган.

Октябрь айынан бери гриппке чалдыккан 14679 киши ооруканага кайрылса, анын ичинен 1264 адам ооруканага жаткырылган. Булардын ичинен 1203ү он төрт жашка чейинки балдар. Бишкек шаарында сасык тумоого чалдыккан 237 киши ооруканага жаткырылса, анын 99% балдар.

Сасык тумоонун эпидемиялык сезону башталгандан бери өлкөдө 455 киши ооруканага жаткырылган, алардын ичинен 403 бала. Эпидемиологиялык босого Ош шаарында 28,5%, Бишкекте 0,3% ашып түшкөн.

Ушул тапта жалпы өлкө боюнча аба аркылуу жугуучу ооруларды, сасык тумоону көзөмөлдөө аракети уланууда. 29-ноябрдан бери жүргүзүлгөн мониторинг учурунда жалпы өлкөдөгү 1 029 500 баланын ичинен 21 742 бала мектепке келген эмес.

Бала бакчалардагы балдардын 2,8% ооруп жатканы аныкталган. Бардык мектептерде сасык тумоо, анын алдын алуу жөнүндө балдарга түрдүү маалыматтар берилүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG