Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:25

Ибраев: Маалымат үчүн эле камай берсе тартип жоголот


Байтемир Ибраев
Байтемир Ибраев

Мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев жемкорлукту ашкерелеген адамга акчалай сыйлык берүү демилгеси тууралуу "Азаттык" радиосуна маек берди.

Депутат Аида Салянова сунуштаган тиелешүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш үч окууда колдоп, президентке жолдоду. Демилгечилер мыйзам күчүнө кирсе, ири коррупциялык схемалардын бетин ачууга өбөлгө болорун айтып жатышат. Документте талап кылынган паранын 30 пайызын маалымат жеткирген адамга берүү маселеси камтылган.

“Азаттык”: Жемкорлук боюнча маалымат билдиргендерге акчалай сыйлык берүү тууралуу мыйзам долбоору коррупциянын бетин ача алабы?

Байтемир Ибраев: Коррупциялык иштер боюнча маалыматтар бул мыйзам болбосо деле жетиштүү. Кеп билбей калгандыктан коррупция болуп жатат деген маселеде эмес. Маселе коррупцияга бийликтин жасап аткан мамилеси, принципиалдуу көз карашында, бийликтегилердин өздөрүнүн айрым учурда жемкорлукка аралашып кеткенинде. Менимче, бийликке коомдогу коррупция тууралуу маалыматтар жетиштүү деңгээлде эле түшүп атат. Маселен, өткөн аптада Жогорку Кеңеш төрагасы Чыныбай Турсунбеков өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековго кайрылып, “Кытайдан топурак импорттолуп келүүдө деген маалыматка ишенесизби" деп суроо бербедиби. Жээнбеков “жок, мен ишенбейм” деп жооп кайтарды. Прокуратурада иштеп жүргөн адам катары мага бул эки ооз сөз түшүнүктүү болду. Топурак деп коюп анын ордуна башка товарларды ташып келип жатышат. Эми буга укук коргоо органдары жана бийлик качан реакция кылат деп күтүп отурам.

“Азаттык”: Бийлик бул мыйзамды оппоненттерин камоо үчүн колдонушу мүмкүн деген пикирлер да айтылып жатат? Кандай ойлойсуз?

Маалымат түшөт, далил жок, анткен менен кылмыш иш козгоп, камап коюп жатышат. Камакка алынган оппозициячылар буга мисал. Ошого жогоркудай ойлор айтылууда.

Байтемир Ибраев: Маалымат үчүн камай берсе, ал мамлекетте тартип, туруктуулук болбойт, нааразылык жана башаламандык орнойт. Ар бир билдирүү толук, кылдат текшерилип, андан кийин гана укуктук баа берилиши керек. Мисалы, өткөндө Белиз мамлекетинен алынды деген документтерге токтоло кетсек. Бул маалыматтар текшериле электе эле коомго маалым болуп калды. Ошого катуу талкуу болду. Негизи мындайга жол берилбеши керек эле. Укук коргоо органдарынын ишинде маалымат булагы болушу зарыл. Маалымат берилгенден кийин эле оппонентти куугунтуктайт, иш козгойт деген түшүнүк туура эмес. Тилекке каршы, азыр айрым учурлар кездешип жатат. Маалымат түшөт, далил жок, анткен менен кылмыш иш козгоп, камап коюп жатышат. Камакка алынган оппозициячылар буга мисал. Ошого жогоркудай ойлор айтылууда.

“Азаттык”: Башка мамлекеттердин ушул багыттагы тажрыйбасы кандай? Кыргызстандыктар акча үчүн жемкорлукту ашкерелейби? Коомдун менталитети буга жолтоо болбойбу?

Жемкорлор элдин баарына көрсөтүп иш жасабайт да. Ошондуктан, документтин иштеп кетиши кыйын.

Байтемир Ибраев: Бул мыйзам долбоору тиешелүү деңгээлде иштеп кетерине көзүм жетпейт. Жемкорлор элдин баарына көрсөтүп иш жасабайт да. Ошондуктан, документтин иштеп кетиши кыйын. Бирок бул нерсе чет мамлекеттердин тажрыйбасында бар. Балким, биздин эл да ошолорду көрүп, оңолуп калар. Аны убагы келгенде көрөрбүз.

“Азаттык”: Маалымат билдирген адамдын коопсуздугун өлкө камсыздай алабы?

Байтемир Ибраев: Алардын коопсуздугу сөзсүз камсыздалышы керек. Бирок бул үчүн көп мыйзамдарды карап чыгууга тийишпиз. Анткени, кылмышка шектелип жаткан адамдын укуктары башкалардыкына караганда кеңири. Анын арыз менен таанышып чыкканга, адвокат жалдаганга, көрсөтмө берүүдөн баш тартканга акысы бар. Ошондо маалымат билдирген адам тууралуу шектүүгө айтууга туура келет. Аны айтпай койсо, тергөө органдары шектүүнүн укугун бузган болуп калат. Ушул өңдүү карама-каршылыктар сөзсүз чыгат. Муну кылдаттык менен оңдоп чыгышпаса, бир мыйзам экинчисине, алар топтолуп үчүнчүсүнө каршы болушу мүмкүн.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG