Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:06

Дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөй эле Кыргызстанда да сойкулук киреше алып келүүчү жашыруун ишкердиктин түрүнө кирет. Бирок аны менен катар эле сойкулукту кесип кылган кыз-келиндер арасында зомбулукка кабылгандар арбын.

“Азаттыкка” интервью берген каарманыбыз Лариса Каракол шаарында жашайт. Ал жаштыгын сойкулук менен өткөрүп, анын айынан өз жеринде зомбулукка кабылган, чет жерге сексуалдык кулчулукка сатылган кыргызстандык кыз-келиндердин бири.

Бактыга жараша, Лариса мындай тагдырга туш болгондордон айырмаланып, үй-бүлө куруп, бала-чакалуу болгон. Ошондуктан өзүнүн суранычы боюнча аты жана үнү өзгөртүлүп берилди.

Атасыз чоңойгон Лариса байыркы кесипти ишсиз жана каражатсыз калганда аркалаган. Ара жолдо турган кызды бул чөйрөгө чогуу окуган курбуларынын бири жетелеп келген экен:

- 1999-жылдан тарта түнкү көпөлөк иштей баштадым. Бишкектеги кесиптик-техникалык окуу жайлардын биринде окучумун. Менин группалашым сойкулук менен жан бакчу. Окуу жайды бүтүп, кайда бараарыбызды билбей турганда, ушул жумушту сунуштады. Биз аргасыздан макул болуп, жол жээкке туруп калдык. Беш-алты жыл жүрдүк ошентип.
Менин групалашым сойкулук менен жан бакчу. Окуу жайды бүтүп кайда бараарыбызды билбей турганда, ушул жумушту сунуштады.

Ал жылдары Ларисанын өмүрүнө, саламаттыгына коркунуч келген учурлар көп эле болуптур. Айрыкча Араб Эмираттарына алданып барып, сексуалдык кулчулукка кабылганы көкөйүнө тийиптир:

- Бир курбу кызыбыз Эмиратка барып, официант болуп иштеп келели деп сунуштаган. Биз кыздар менен көпкө ойлонуп, анан макул болгонбуз. Анткени, сойку болуп жашоодон чарчаган элек. Эмиратка барганыбызда сексуалдык кулчулукка түшүп калдык, бизди колдон колго өткөрүштү. Көп өтпөй бизди полиция кармап, кайра Кыргызстанга депортация кылды.

Каарманыбыздын айтымында, Эмираттарга ал эки ирет барган. Себеби аны биринчи жолу ал жерге жөнөткөн адамдар аны кайрадан жасалма документтер менен кетиришкен.

- Бир айча ал жерде иштеп, анан кайра депортацияланып, Бишкекке келдим. Бир катар башка жумуштарда иштедим, анан Караколго келсем, апам үйдү сатып, кетип калыптыр. Жашаганга жер жок, кичинекей Караколдо жумуш жок. Бишкекте бир аз жумуш бар болчу. Арга түгөнүп кайрадан сойкулукка өттүм.

Ларисанын айтымында, түнкү көпөлөктөр кардарлардын да, тартип кызматкерлеринин да зомбулугуна кабылышат.

- Мас болуп алып оюндагысын кылган кардарлар бар. Тартип коргоочулардыкы өзүнчө сөз. Биз алар үчүн бекер иштеп беришибиз керек. Башка аргаң жок. Чөнтөгүңө бир нерсе салып коюп “иштейсиң, болбосо ушул үчүн бир топ жылга соттолосуң”, - деп коркутушат. Ставкалары дагы бар болчу, ошол койгон акчасын төлөшүң керек же иштеп бересиң. Азыр болсо сойку кыздарды «мамашалары» чыгарып кетет. Биз болсо өзүбүз иштечүбүз.

Кээ бир тартип коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан, Лариса айткандай, кыздарга карата зомбулуктар болуп тураарын «Улукман дарыгер» коомдук уюмунун юристи Капар Ырысбаев да тастыктады:

- Бир саатка жалдап алышып, анан акча төлөгүсү келбей, ар кандай жалаа жаап, коркутуп алышат. Андайда кызды күнөөлөп, оюна келгенин кылгандар бар, өзү аз келгенсип досторун чакырган учурлар да болот. Бизге келген кыздардын көбүндө менин визиткам бар. Аны көрсөтүп, адвокат чакыртабыз дегенде сестенип, кыздарды коё бергендер болгон.

«Улукман дарыгер» коомдук бирикмеси Караколдо ВИЧ инфекциясынын алдын алуу максатында Глобалдык фонддун жана “Сорос-Кыргызстан” фондунун колдоосу менен 2009-жылы түзүлгөн. "Бул уюм сойкуларга укуктук, психологиялык, медициналык жардамдарды көрсөтүп турат. Жыныстык жугуштуу оорулар сойкулардын кесиптик илдети болуп саналгандыктан, аларды бекер медициналык кароодон өткөрүү, илдеттерден сактануучу каражаттар менен жабдуу милдетин да ушул уюм алат", - деди уюмдун ысымын толук атоону каалабаган Гүлмира аттуу дарыгер.

- Биз иштеп жаткан кыздардын тажрыйбасына таянсак, алар сойкулук ишке окуусу үчүн акыдан кутулуу, өз жашоосун оңдоо, ата-энесине, бир туугандарына жардам берүү үчүн барышат. Кыздардын айтымында, кафелерде түн жарымга чейин идиш жууп 250 сомдун тегерегинде акча тапса, сойкулар бир эле түндө 100 долларга чейин табышат.

Бирок түнкү көпөлөктөр менен иштеген адистердин айтымында, көпчүлүк кыз-келиндер тапкан акчасынын теңинен көбүн сутенерго карматат. Акыр-аягында саналуусу эле жакшы жолго түшпөсө, калгандарынын ден соолугу менен кошо тагдыры да талкаланат.

Караколдогу сойкулардын укугун буга чейин “Асият” уюму коргоп келген.

Кыргызстан аймагында сойкулук жашыруун ишкердиктин эң пайдалуу булактарынын бири катары саналат. Жакында Ички иштер министрлигинин Бишкек шаардык бөлүмү сойкулук жана аларга ортомчулук кылгандарды, акча табууга көмөктөшкөндөрдү административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу демилгесин көтөрдү. Божомолдорго караганда, сойкулук аркылуу каражат тапкан кыз-келиндердин саны өлкө боюнча үч жарым миңден ашат. Алардын ичинде Каракол шаарында сойкулук аркылуу каражат тапкан кыздар да бар.
  • 16x9 Image

    Мария Колесникова

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG