Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:51

“Манас” эпосу CD, DVD дисктеринде жарык көрдү


Анда азыркы манасчылардын катышуусу менен тартылган тасмалар орун алган. “Бейне-фильм” киностудиясы тарабынан тартылган тасмада “Семетей менен Сарытаздын жолугушуусу”, “Каныкейдин жомогу”, “Чубак менен Алманбеттин чыры” эпизоддору манасчы Самат Көчөрбаевдин аткаруусунда берилген. Буга чейин манасчылар Талантаалы Бакчиев, Рысбай Исаков, Замирбек Баялиев жана Дөөлөт Исаковдун айтуусунда тартылган тасмалар көпчүлүккө тартууланган.

Дисктер 3000 нускада чыгарылган. Анда 1 CD, 1 DVD диск бар.

Дисктердин жарык көрүүсүнө байланышкан салтанаттуу иш-чара 9-декабрда Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө өттү. Ага өкмөт мүчөлөрү, илимпоздор, Манас таануучулар жана манасчылар катышты.

Бул тууралуу мамлекеттик “Кыргызпатент” ишканасынан маалымдашты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG