Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:58

"Ата Мекенди" коргогон митинг

"Ата Мекендин" тарапкерлери апрель окуяларынан кийинки талап-тоноочулук боюнча комиссия корутундусуна нааразылык билдиришүүдө.

09.50: Ак үйдүн алдына “Ата Мекен” партиясынын 200дөй тарапкери чогулду. Алар апрель окуяларынан кийинки талап-тоноочулук боюнча комиссиянын корутундусуна нааразылык билдиришүүдө.

Депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулоо ушул тапта Жогорку Кеңештин сессиясында уланып жатат. Бул маселе сессиянын күн тартибине өткөн аптада чыгарылган. Корутундуну комиссиянын беш мүчөсү колдоп кол койгон, ал эми калган бешөө баш тарткан болчу.

Комиссиянын төрагасы Курманбек Осмонов иликтеп-териштирүүнүн жүрүшүндө талоончулукка “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев менен Болот Шердин кыйыр тиешеси бар экенин, ал эми Туратбек Мадылбеков менен Райкан Төлөгөновдун түздөн-түз тиешеси бар экени аныкталганын маалымдаган.

10.30: Аянтта жүргөн кабарчыбыз Ак үй алдына чогулуп жаткандар эки миңге чамалап калганын билдирди. Үн күчөткүч аппараттар орнотулуп, митингде чыгып сүйлөөчүлөр үчүн жай даярдалды. Митингге байланыштуу Чүй көчөсү убактылуу жабылды.

11.50: Митингчилерге "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Бактыбек Калмаматов, Сайдулла Нышанов чыкты. Текебаев сөз сүйлөп, апрель ыңкылабы коргоого муктаж экенин билдирди. Ага чейин чыгып сүйлөгөндөр “атамекенчи” депутаттарды талап-тоноо боюнча айыптаган депутаттардын өздөрүн күнөөлөп, комиссиянын корутундусун жокко чыгарууну талап кылышты. Бул маселе боюнча калыс сөзүн айтуу өтүнүчү менен президентке кайрылышты.
12:41 13.2.2013

XS
SM
MD
LG