Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:57

Ош облусунда жабдуулардын иштебей турганына нааразылык арбыды


Добуш берүү.
Добуш берүү.

Облустагы айрым шаардык жана айылдык кеңештерге шайлоо жүрүп жаткан жерлерде добуш берүү жана биометриканы аныктоочу жабдуулардын иштебей, шайлоочулардын узун кезегин жаратып жатканына шайлоочулар нааразы. Мындай мүчүлүштүктөр, Кара-Суу районунун Савай, Кызыл-Байрак жана башка айылдарында катталды. Савай айлынын өзүн Эрмек деп тааныштырган тургуну участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан бузулган үкөктөрдү ачуу аракеттери болгонун “Азаттыкка” билдирди:

-Эрте менен эле аппараттары иштебей, участок кеч ачылды. Анан кайра бир иштеп, кайра иштебей улам өчүп атат. Добуш бергени баргандар суукта сыртта туруп, кезек күткүсү келбегендер кайра кетип атышат. Бул аз келгенсип, бузулуп калган үкөктөрдү ачып да атышат. Үкөк деген кечки саат 8:00ге чейин ачылбашы керек да.

Ушундай эле нааразылыкты Кара-Суу районунун Кызыл-Байрак айылындагы №5241 шайлоо участогунда турган байкоочулар да билдиришти. Бул участокто да жабдуулар иштебей, мындан тышкары, шайлоочулардын тизмеси да так эмес болуп чыгууда. Айрым шайлоочулар келип, тизмеден өздөрүн таппай кетишкен.

Аймактык шайлоо комиссиялары мындай мүчүлүштүктөр бар экенин мойнуна алышканы менен, аны оңдоого аракеттер көрүлүп жатканын билдирүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG