Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:55

Митингдерди тынч эле өткөрсө болбойбу?


Башаламандык коштогон митинг. Бишкек, 3-октябрь, 2012.
Башаламандык коштогон митинг. Бишкек, 3-октябрь, 2012.

"Арай көз чарайда" нааразылык акцияларын кантип тоз-тополоң, башаламандыгы жок өткөрүү маселеси талкууланды.

Катышуучулар: “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова жана “Асаба” партиясынын лидери Салмоорбек Дыйканов.


please wait

No media source currently available

0:00 0:09:40 0:00
Түз линк


“Азаттык”: Салмоорбек мырза, кечээки митингде сиз дагы жүрдүңүз. Маселе Кумтөр менен башталып, аягы ызы-чуу менен аяктады. Маселени чечүүнүн башка жолу жок беле?

Салмоорбек Дыйканов: Митинг болору эки жума мурда эле айтылып, билинип калган. Бийликтегилер ызы-чууну көтпөй элге чыгып, эмнеге Кумтөр ушул акыбалда турат, эмнеге улутташтырганга же келишимдерди кайра караганга болбогонун түшүндүрүш керек эле да. Эгер бийликтегилер туура кабыл алып, убагында түшүндүрсө мындай митингдер болбойт эле.

Митинг болгондо бийликтен эч ким чыкпайт. Буга чейин да биз элге түшүндүрүп бергиле деп кайрылганбыз. Эч ким келген жок, анан ушундай жыйынтык менен бүтүп атат.

Кыргызстандын акыбалы ушундай, митингсиз болбой жатпайбы. Буга чейин мен бийликке ушул жана башка маселе боюнча да кайрылгам. Эч кандай жооп, реакция жок. Мыйзам боюнча болбогондон кийин митингге келип жатабыз да. Биринчи, экинчи ыңкылап эмнеге болду эле. Ушул көрүнүш кайрадан кайталанып атат.


please wait

No media source currently available

0:00 0:14:11 0:00
Түз линк


“Азаттык”: Нааразылыктарды жол тосуу, басып алуу, чабуул жасоо сыяктуу мыйзамсыз аракеттер аркылуу билдирүүлөрдүн бат-бат кайталанышы тынч митингдерди өткөрүүнү каалагандардын укуктарын чектеп койбойбу?


Азиза Абдирасулова: Биз башынан бери байкоо салып турдук. Кечээки митингдин башы тынч эле башталган. Лидер, ораторлор чыкканда ар кандай сөздөр айтылышы мүмкүн. Бирок чогулгандардын колунда таш же башка нерсе болбосо, бийликти басып алууга же кимдир бирөөнүн өмүрүнө, ден соолугуна зыян келтириүүчү, мыйзамга каршы келген чакырыктар болбосо бул деле кезектеги тынч маанайдагы митинг болмок. Милиция кызматкерлери дагы четтен карап турмак.

Тилекке каршы мындай митингдер тынч жыйындарды өткөрүүгө көлөккө түшүрүүдө. Биздин он жылдаган мээнетибиз, жазып чыккан жыкшы мыйзамдарыбыз иштебестен кайра эле басып алуучулукка, күч колдонууга кетип жатабыз. Биз дагы иштешибиз керек. Балким пикет, митингдердин максаты кандай болушу керек, кандай өтүшү керектигин жалпы элге жетиштире албай жаткандырбыз. Азыр ар бир саясий партияларга өзүнчө тренинг, семинар өткөрүүнүн жол-жобосун түшүндүрүш керек деп пландап жатабыз.

XS
SM
MD
LG