Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:59
Бул блогду жазган каракулжалык Замир Базарбаев карындашынын жылдыгына жетип калайын деп туулган жерине бараткан. “Баарынан да эки чиедей кызым кыйналды” деген кат жөнөтүптүр.

Астанада турам. Көптөн бери кичи мекенимди көрө элек болчумун. Шашылып баратабыз. Төө-Ашууда, Суусамырда жамгыр, салкын. Мен эңсегендей болду.

Жалал-Абаддан чыга бериште, Барпыда жол тосулуптур. Бараткан жагыбыз Өзгөн. Алыс жолдон чарчап келе жатканда ушулардыкы жетпей турду эле дедик. Кичинекей эки кызым жолду катар кусуп, кыйналып келе жатканбыз. Жол тоскондорго барган айдоочу "бүт эле жаш балдар. Башкарган адамы деле жок" деп сөгүнүп келди.

Арасында кызуу адамдар да бар экен, сөгүнүп жүрүшөт. "Ошко, аэропортко такси бар, алып кетем" деп тамашалап каткырышкан, жол тоскон "эрдигине" маашыр болгон жаштар... Башкаларды билбейм, жамандыкка шашып бараткандарга бул жүрүм-турум катуу тиет экен.

Айрыкча апасы кайтыш болгон бир жаш бала чебелектеп "айланайын эл-журт, мени өткөрүп жибергилечи? Апамын тажыясына үлгүрүп калайын" деп микрофонго жалынганы жүрөк оорутту. Ажал баарына бирдей эмеспи... Мынча эмне жалдыратышты?

Боз үй дегенинин аты эле бар, арматурадан жасалган, ак мата менен оролгон. Эки адам көтөрүп кетсе болот. Ичи бош.

Шашып бараткан жаныбыз, жаш бала менен түнү бою жылбай отурдук. Бизге окшоп тургандар арасында "1000 сом бергендерди өткөрүп да жатат имиш" деген ушак тарады.

Кечки саат 21:20ларда келип, эрте менен 10го жакын өттүм. 500 метрдей бери көздөй жылып, башка такси менен келдим. Мени Бишкектен бери алып келе жаткан такси өтпөй, турган жеринде кала берди. Ал киши артка жыла албай, үй-бүлөсү санааркап жаткандыр...
  • 16x9 Image

    Карамат Токтобаева

    1998-жылы КМУУнун журналистика факультетин аяктап, 1997-2003-жылы “Асаба”, “Агым” гезиттеринде эмгектенген. Баткен окуясында курман болгондорго арналган “Жоокерлер кушка айланып учуп жүрөт” аттуу эскерүү китептин автору. "Азаттыктын" блоггери, Прага шаарында жашайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG