Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:11

Ош базарындагы орун талаш камак менен аяктады


Ош базары
Ош базары

Нааразылык акциясына чыккан Ош базарынын соодагерлеринен эки киши бир суткага камакка алынып, бир адамга 300 сом айып пул салынды. Башкалары эскертүү менен бошотулду.

Биринчи май райондук сотуна административдик мыйзам бузду деген айып менен келген 39 адамды 1-июлда Биринчи май райондук милициясы Ак үйдүн алдынан кармап кеткен.

Соттон эскертүү алып чыккан Айгүл аттуу соодагер кармоо учурунда милиция кызматкерлери күч колдонуп, орой мамиле жасаганын айтып арызданууда. Митингдин катышуучусу сот алардын арызын укпай койгонуна нааразы:

- Менин беш айлык эмчектеги балам бар. Эртеден бери камап койду, балам ыйлап жатат, же баламды эмизип келейин десем уруксат беришпеди. Баламды бул жакка алып келгенге эч ким жок, чиедей эки кызым үйдө ачка отурат. Сот болсо бизди уккан жок, биз ал жакка жыргаганыбыздан чыккан жокпуз да. Милиция койдой эле сүйрөп келип, автобуска тыгып салды. Колдору көгөрүп далайлары жүрөт.

Ал эми милиция буга чейин Ак үйдүн алдына чыккан соодагерлерге газонду тебелеп, жолду тоспоо тууралуу эскертүү берилгенин билдирүүдө. Биринчи май райондук милициясынын кызматкери Алмазбек Исаков кармоо учурунда орой мамиле жасалган деген дооматтарды четке какты.

- Кармоо учурунда эч кандай уруп-согуу болгон жок. Биз буларга кечээ эле эскерткен элек. Бүгүн да түшүндүрсөк укпай койду. Азыр соттун чечими менен эки адам бир суткадан камалды. Анан бирөөнө 300 сом айып пул салынып, калганына эскертүү берилди.

Эки күндөн бери Ак үйдүн алдына акцияга чыгып жаткан соодагерлер "эптеп нан таап жеп жаткан орундарыбызды шаар бийлиги алып коюуда" деп нааразы болушууда. Таттыгүл аттуу дагы бир соодагер майда-чүйдө сатып жан баккан соодасынан айрылганын айтып жатат.

- Бизди тазалайбыз дейт, мен ага макулмун. Бирок адегенде чоңдордон баштабайбы. Ош базарында чоңдор жол боюнда эле килейген имараттарды мыйзамсыз салып алган. Аларга унчукпайт, алы жеткени эле биз. Ушул жердегинин баары кара таман кедейлер. Эптеп алакандай жерге соода кылдырбайт. Жок дегенде саат төрттөн кийин чыкканга уруксат бербейби.

Буга чейин шаар бийлиги Ош базардын тегерегин иретке келтирүү чаралары жүрүп жатканын билдирген. Бишкек шаарынын Ленин районунун акимдин биринчи орун басары Канатбек Эшатов окуя боюнча буларды айтты:

- Биз Ош базарындагы башаламан сооданы жөнгө салып жатабыз. Бул соодагерлерге далай жолу эскертүү берген элек. Буларга жардам болсун деп "базардын ичине киргиле, жеңилдиктерди берели" деп сүйлөшкөнбүз. Алар такыр угушпайт. Эми маселени ушундай жол менен чечебиз дегени туура эмес.

Эки күнгө камалгандардын бири, “Кыргызстан таза оппозициялык кыймылынын” төрагасы Назарбек Нышанов митингчилерди колдоп барган. Нышановдун пикиринде, бул окуяда адам укугу одоно тебеленди.

- Баш мыйзамда "ар бир адам өз пикирин эркин билдирүүгө акылуу" деп жазылган. Бизди беш сааттан ашык камап жатты, бул эмне деген шумдук? Эми адамдар эркин чогулуп, нааразычылыгын айта албай калды беле? Мыйзамсыз иш аракеттерге соттор көз жумуп койду.

Камалгандардын көпчүлүгү кыз-келиндер болгон. Соодагерлер милициядан чыкканына же соттон эскертүү алганына деле кайыл. "Эртең кантип нан таап жейбиз" деген санаа менен үшкүрүнүп тарап кетишти.

Бишкекте Ош базарынын айланасындагы башаламан базар тартибин жөнгө салуу жүрүп жатат. Буга чейин да бир нече жолу базарды тартипке келтирүү аракети жүргөнү менен, иштин жыйынтыгы оң натыйжа бербей келет.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG