Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:50

Камактагыларга эки башка мамиле


“Террорчу” деген шек менен кармалгандардын жакындары, 24-февраль, 2011-жыл
“Террорчу” деген шек менен кармалгандардын жакындары, 24-февраль, 2011-жыл

24-февралда Бишкекте бири бирине каршы багытталган эки нааразылык акциясы өттү. Улуттук коопсуздук комитети “террорчу” деп атап, анда камалып отургандардын жакындары өз балдары бейкүнөө камалганын билдиришти.

Ага удаа жыл башында Бишкекте куралчан топтун кол салуусунан курман болгон үч милиционердин ата-эне, жакындары камалгандарды жазалоого жана милиция жетекчилигин жоопко тартууга чакырышты.

Камактагылардын жакындары: далилдер жетишсиз

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында отурган адамдардын ата-энелери жана жакындары колдоруна плакаттарды көтөргөн бойдон өкмөт үйүнүн алдына чыгышты. Алар балдары насыя кармалып отурганын, коопсуздук комитетинин далилдери чындыкка коошпосун айтып жатышты.

Ушул жылдын 5-январында үч милиция кызматкерлеринин өлүмүнө тиешеси бар деп, Бишкектен өйдө тоо этектеги Беш-Күңгөй айылында атайын операция өткөнү белгилүү. Ошондо колго түшүрүлгөн Эдил Абдрахмановдун жубайы Надира Сарыбаева жолдошунун курал кармап тартылган видеосу монтаждалган деп эсептейт:

- Ошолорду монтаж кылып салышкан. Мындай жөн эле үй-бүлөлүк видео эле болчу да. Жетинчи апрелден кийин алып келгенден кийин, тартып, сүрөткө, видеого түшкөнбүз. Анан кийин куралды алып барып тапшырып салган болчу.

Кеңешбек Дүйшөбаев 22-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев “террорчу” деген шек менен камалган Эдил Абдрахманов тартылган видеону журналисттерге тараткан. Ал тасмада Абдрахмановдун курал кармап, жардыруучу заттарды көрсөтүп жатканы бар эле. Ушуга таянуу менен башкы чекист Дүйшөбаев Абдрахмановдун айыптарын тастыктоочу далилдер жетиштүү экендигин айткан эле:

- Бул дагы бир жолу Абдрахманов Эдилдин “террорчу” топко таандык экендигин айгинелеп жатат. Анын өзүнүн да, келинчегинин да көрсөтмөсү бар. Дагы эмне деген далил керек?


Милиционерлердин жакындары: жазалансын!

Ушул эле күнү жыл башында Бишкекте куралдуу кол салуудан курман болгон үч милиция кызматкеринин жакындары жана ата-энелери тескерисинче, “террорчу” деген шек менен кармалгандарды жазалоо талабын коюшту.

Мындан сырткары милиционерлердин бөөдө өлүмүнө айрым ички иштер жетекчилеринин шалаакылыгы себеп болгонун да айтышты. Маркум милициянын бири Пиридинбай Исмановдун эжеси Алия Исманова мындай оюн ортого салды:

Алия Исманова
- Убагында террорчулардын изин жоготуп коюшкан экен. Эмне үчүн Бишкектин ал аймагында террорчулар бар экенин билип туруп милицияларды киргизип жиберет? Куралдуу болгондо мүмкүн өлбөй калышат беле? Жарадар болор беле? Ошондуктан бардык күнөөлүүлөр сот жообуна тартылып, сот болгуча камакка алынышын суранам.


Улуттук коопсуздук комитети эл аралык террорчу топторго тиешеси бар жана экстремисттик уюмдардын мүчөлөрү деп атаган элүүдөн ашык адам абакта кармалууда. Алардын бир даарына 2010-жылы ноябрда “Спорт ордосунун жанындагы жардырууну уюштурган”, андан соң “Сокулук районунан АКШ атуулун тоноп, анын унаасына жардыргыч заттарын салып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жанында жардырууга аракет кылган” жана “милиция кызматкерлерине кол салган” деген айыптар тагылган.

XS
SM
MD
LG