Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:25

КТРК тууралуу мыйзам боюнча коомдук телерадиоканалдын редакциялык кеңешчиси Атыр Абдрахматова кеп салды.

“Азаттык”: Президент Алмазбек Атамбаев "Коомдук телерадио корпорация тууралуу" мыйзамга кол койду. Ал мыйзамга ылайык, КТРКнын жаңы Байкоочу кеңеши үч айдын ичинде шайланышы керек. Ал эми башкы деректирдин тагдыры кандай болот?

Атыр Абдрахматова: Ооба, мыйзам боюнча Байкоочу кеңеш үч айдын ичинде дайындалышы керек. Башкы деректир боюнча мыйзамда эч кандай сөз жок. Азыркы башкы деректир негизи 5 жылга азыркы Байкоочу кеңеш тарабынан шайланган. Ошондуктан бул кишинин беш жыл иштөө укугу бар. Бирок жаңы Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн пикири боюнча, же саясий позициялар боюнча кайра шайлайбыз деп маселе көтөрүп чыгышса, анда башкы деректирди кайра шайлоого башка себептерди таап чыгышы мүмкүн.

“Азаттык”: Биринчи Байкоочу кеңештин мүчөлөрүн шайлоо бир катар маселелер менен коштолгон. Бул ирээт кандай болот? Мыйзамда тартиби так көрсөтүлгөнбү?

Атыр Абдрахматова: Бул мыйзамда Байкоочу кеңеш үч тараптан сунушталып, аны Жогорку Кеңеш бекитет. Биринчи тарап, президенттин квотасы бар. Экинчиси Жогорку Кеңеш, үчүнчүсү жарандык коомдун квотасы бар. Бул кишилердин бардыгы Жогорку Кеңештин тармактык комитетине берилет. Мыйзамда рейтинг боюнча добуш берүү деп белгиленген. Анан парламент рейтинг аркылуу 15 кишини тандап алат.

Бул он беш киши үч айдын ичинде шайланабы, же шайланбай калабы, кандай процедуралар ишке кирет, бул тууралуу мыйзамда сөз жок.

“Азаттык”: Бул кийин проблемаларды жаратпайбы?

Атыр Абдрахматова: Эсиңиздерде болсо керек, бул мыйзам башынан эле проблемаларды жаратып келаткан болчу. Менимче, мындан ары да бул мыйзамдын тегерегинде сөз көп болот. Анткени ошол жаңы Байкоочу кеңеш үч айдын ичинде шайланышы керек деген норма дагы башка нормага түздөн-түз карама-каршы келип калат.

Мыйзамда иштеп жаткан Байкоочу кеңештин мөөнөтү бүткөнгө чейин үч айдын ичинде жаңы сынак жарыяланышы керек деген да норма бар. Ошондой сынак үч ай мурун жарыяланса, кайра эле ошол жерде жаңы Байкоочу кеңеш үч айдын ичинде дайындалышы керек деген норма киргизилип калган. Бул мыйзамдын өзүндө карама-каршылыктар көп.

Бул жерде тоскоолдук жарата турган дагы бир норма бар. Жарандык коом өзүнүн сунуштарын Жогорку Кеңештин комитетине берет. Парламент ошол сунушталган 10 адамды кандай жол менен тандап алаары белгисиз. Анткени комитеттин өзү эле буларды каалайбыз, ал эми буларды каалабайбыз деп бөлүп алышы мүмкүн. Анан Жогорку Кеңеш комитети берген 10 кишинин бешөөнү тандап алат.

“Азаттык”: Экс-президент Роза Отунбаева ушул мыйзамга эки жолу каршы пикирин билдирген болчу. Бул ирээт кандай болуп мыйзамга кол коюлуп калды?

Атыр Абдрахматова: Бул мыйзамды үч тараптуу: мыйзам чыгаруу бийлиги, аткаруу бийлиги жана президент болуп макулдашылган вариантты кабыл алышы керек болчу. Анан макулдашылган вариантты кабыл алып жатканда карама-каршылык эмнегедир калып кала берген. Отунбаеванын эң биринчи каршы пикири ошол карама-каршылыктарды жоюуга байланыштуу болчу.

Жогорку Кеңеште мыйзам каралып жатканда ошол каршы пикирди эске алып туруп, бирок ошол нормалардагы келишпестикти сактаган боюнча кабыл алышкан. Бул эми ар бир адамдын профессионалдуулугуна байланыштуу. Депутаттар каршы пикирдин маңызын түшүнүп иш кылгандыгы да чоң суроо.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG