Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:34

Соңку убакта мамлекеттик сатып алууларды интернет аркылуу жарыялоо түшүмүн берип жатканы айтылып, коомчулук бюджеттин эсебинен сатылып алынчу керектөөлөргө көз салып туруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Электрондук сатып алуулар порталында дээрлик бардык мамлекеттик мекеменин ар түркүн буюм-тайымдарды сатып алуу үчүн тендер өткөрүп жатканын кездештирсе болот. Мекемени ремонттоо, кагаз, калем, кышка көмүр, айтор бардык бюджеттик сатып алуулар алгач порталга илинип, тендерге кимдер катышып-утуп алганын каалаганы көрө алат.

Мындай тендерлердин биринде Транспорт министрлиги 900 долларга ноутбуктарды сатып алганы да депутаттар арасында нааразычылыкты чыгарды. Депутат Жоомарт Сапарбаев андай ноутбуктар базарда 300 доллар турат деп, баалар атайылап көтөрүлгөнүн айтып чыкты.

Ал арада Транспорт министрлиги малдарды идентификациялоого деп сапаттуу жана жогорку класстагы компьютерлерди сатып алганын айтып, чындыгында айтылган суммадан арзан келгенин билдиришти. Транспорт министринин орун басары Эрнис Мамырканов:

- Тендер өткөндөн кийин алар башка баа менен арзан келди. Биз аны грант аркылуу сатып алып, Айыл чарба министрлигине бекер бергенбиз. Жалпы суммасы 2 млн. 200 миң сом болгон. Бирок бул ноутбуктар сапаттуу, Араб өлкөлөрүнөн расмий сатылып алынган. Булар Core i5 үлгүсүндөгү жаңы технологиядагы ноутбуктар.

"Креслолор" элдин эсинде

Депутаттар Транспорт министрлигине бир жума убакыт берип, финансылык отчетту берүүсүн талап кылып жатканы менен, сатып алуулар боюнча Жогорку Кеңештин өзүнө дагы нааразычылыктар күч. Алсак ошол эле сатып алуулар порталында жайында Жогорку Кеңешке 120 кресло керек деп жарыяланган тендер коомчулук бир “дүң” боло түшкөн. Жумшак отургучтарга парламент 2,5 миллиондон ашуун сом жумшаганга даяр экенинен чыккан нааразычылыктар тендерди токтоткон эле.

Бирок андан көп өтпөй эле ошол эле электрондук порталда кайра эле Жогорку Кеңеш жерге төшөгөнгө 5 млн. сомго килем алганы жатканы жарыяланган, акырында килемди 3 млн. сомго сатып алышканы белгилүү болду.

Коомдук ишмер Эдил Байсалов мамлекет бардык сатып алуулар боюнча тендерди интернетке коё баштаганы коомдук көзөмөлдү күчөтүп, оң натыйжасын бере баштады дегендерден.

- Мамлекет тарабынан электрондук соода жүргүзүүдө акыркы жылдарда позитивдүү жылыш болду. Мурда интернет эмес, гезиттерге чыкчу, бирок аны ашып кетсе 50 киши көрүп, ошо бойдон калып калчу. Азыр интернеттен 5 млн. адам баам салып, байкай алат. Бул кээ бир жетекчилердин алкымын да тыйып атат.

Байсалов кошумчалагандай, коомчулук ачыктыкты талап кылганы менен ага дайыма эле активдүү катышан жок. Себеби мониторинг күчтүү болсо, мындан дагы резонанстуу тендерлер ачыкка чыкмак. Жогорку бийликтеги алып-сатуулар көзөмөлгө алынып, ал эми башка жакта дагы деле көз боёмочулук болушу мүмкүн деген оюн тиркеп өттү.

Тендер адамсыз өтүш керек

Электрондук сатып алуу порталын ишке киргизүүдөгү эксперттик топтун мүчөсү Искендер Шаршеев жаңы ыкма коррупцияны толук жоюп ийген жок деген ойдо. Анын айтуусунда, портал толугу менен автоматташтырылмайынча, бул системанын деле эбин таап, акчаны сол чөнтөккө кымырып аткан боло берет.

- Мисалы, кайсы бир коррупционер 4-5 фирманы түзүп, өзү эле тендерге катышып, жетекчи менен сүйлөшүп, жеңүүчү болуп табылган фактылар бар. Система жаман эмес, бирок алдыда аны толугу менен автоматташтырыш керек. Бул деген тендердин эрежеси так жазылгандан кийин компьютер өзү жеңүүчүнү тандайт деген сөз. Анда адам ресурсу таптакыр жоюлат.

Финансы министрлигинен билдиргендей, электрондук сатып алуулар өлкөнүн 70% ашыгын камтып, бирок алыскы аймактарга азырынча жете элек. Антсе да мыйзамдын кабыл алынганына бир жыл боло электигин эске алсак, процесс ылдамдык менен кулачын жайып келатат.

Мындан башка аталган министрлик ай сайын мамлекеттик мекемелерге бюджеттен сарпталган акчанын көлөмүн интернетке жайгаштырууда. Алсак, ушул жылдын 6 айында парламентке 461 млн. сом бөлүнсө, анын ичинен байланыш үчүн эле 6 млн. сомго жакын мамлекеттин акчасы кеткен. Прокуратура менен президенттик аппаратка мамлекет 15 млн. сомго чукул акчаны 6 айда байланышка гана төлөгөн. Интернеттеги отчётко таянсак жарым жылда Жогорку Соттун транспорт каражатына 11 млн. сом берилген.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG