Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:40

Бүгүн дүйнөдө расизм, фашизм жана антисемитизмге каршы эл аралык күн белгиленүүдө. 1938-жылы ушул күнү Германияда жөөттөр кызыл кыргынга туш болгон

Көп улуттуу өлкө саналган Кыргызстандагы абал, толеранттуулук маселелери тууралуу Нарын шаарындагы Чкалов орто мектебинин башталгыч класстар боюнча директорунун орун басары Татьяна Балаева “Азаттыкка” маек курду.

- Дүйнөдө расизм, фашизм жана антисемитизм адамзатка, адамгерчиликке доо кетирген көрүнүш катары эсептелинет эмеспи. Кыргызстанда ушул өңдүү көрүнүштөрдүн белгилерин байкай алдыңызбы?

- Биз алыскы Нарын шаарында жашап жатканыбызга байланыштуу бул жакта андай көрүнүштөр болгон жок, билинген жок. Бирок борбор калаа жакта, республикабызда анча-мынча бар деп угуп жүрөбүз.

Менимче, кыргызстандыктар андайга берилбейт болушу керек. Мен Ат-Башыда төрөлгөм, өмүр бою ушул Нарында жашап келе жатам. Биздин үй-бүлөгө, жеке эле нарындыктарга андай таасир тийген жок.

- Былтыркы июнь коогалаңынан кийин улутчулдук күч алды, кадрларды тандоодо бийлик бир улутка артыкчылык берип жатат деп сындагандар көп болууда. Сиз кандай ойдосуз?

- Мен жетинчи курултайдын катышуучусу болгом. Ал жакта деле бул маселе көтөрүлгөн. Чындыгында андай бар. Менимче, жаңы шайланган президент буга көңүл бурат болуш керек. Көп улуттуу мамлекет курулса, анда өнүгүп кетет деп ойлом.

- Мына ошол көп улуттуу мамлекетти канткенде түптөөгө болот?

- Башка улуттардын өкүлдөрүн көбүрөөк жаңы түзүлө турган өкмөткө аралаштырса. Илгери деле биздин мектеп көп улуттуу болчу, мына ошол салтыбыз эмдигиче уланып келе жатат. Азыр болгону төрт-беш улуттан адамдар калдык. Азыркыга чейин биримдик, интернационализм деген түшүнүк бар.

Ар улуттан гана эмес, ар бир облустан, ар бир региондон мамлекеттик кызматка аралаштырса жакшы болот. Анткени бизде ушундай бар: бийликке таластык бирөө келсе, таластыктар отуруп калышат. Нарындыктар келсе, жалаң нарындыктар бийликте болуп калат.

- Албетте бийлик өкүлдөрү өлкөдөгү ар бир улуттун кызыкчылыгын коргошу керек. Ошол эле учурда өлкөдөгү улуттук азчылыктардын да өзүнүн ынтымакты сактоодо өз ролу бар. Улуттук азчылыктардын өкүлдөрү өздөрү да башкаларга ачылбай, жабык болгондой сезилбейби?

- Андай байкалбайт. Анткени бул жерде деле 11-12 үй-бүлө калды. Менин апам 1947-жылы Москвадан Ат-Башыга медайым катары жөнөтүлгөн. Ал кишини айылга жөнөткөндө, ал жерде орустар жок болгон. Курсагы ачканда аргасыздан “нан берчи”, “суу берчи” дегенди үйрөнгөнүн айтат. Биз деле кыргыздардын арасында өсүп, өзүмдүн кызыкчылыгым болуп, мына, жакшынакай сүйлөп жатам.

- Сиздин балдарыңыз да кыргыз тилинде сүйлөйбү? Алар Кыргызстанда элеби?

- Азыр кызым да, уулум да кыргызча жакшы сүйлөшөт. Кызым Орусияда. Ал Кыргызстандан болгон жакшы нерселерди үйрөнүп кетти деп ойлойм. Анткени ал жакка барып да, бул жактан үйрөнгөн кичи пейилдигин, меймандостугун, бүт баарын аткарат. Балдарым ал жакта жүрсө да, “апа, курутту сагындык, жарманы сагындык” деп турушат.

- Рахмат.
XS
SM
MD
LG