Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:18

7-майда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Кыргыз радиосунун 85 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Ага катышкан Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева радионун мааниси, салмагы жана ролу жөнүндө бир катар маселелерди козгоду.

Мен такай радио уккан адаммын. Телевизор көргөнгө убакыт табалбайм. Талыкпай радио угуп отуруп, компьютерде иштегенди көп жылдар бою өздөштүргөм. Мен радионун ынагы, досумун. Радио бир гана менин эмес, жүз миңдеген мекендештерибиздин күндө жанында жүргөн досу, жан шериги деп толук ишенем.

85 жылдык тарыхынын 60 жылын биздин радио коммунисттик катаал идеологиянын тутумунан чыкпай, советтик радионун бир бөлүгү катары цензуранын туткунунда жашады. Ошол эле учурда өткөн жарым кылымдын ичинде Кыргыз радиосу адистерди конвейердей тынымсыз тарбиялаган кесипкөй мектепке айланды. Ал жерден мыкты кадрлар чыгып, алардын алды кыргыз тарыхын коштогон улуттун алтын үндөрүнө айланды. Кыргыз радиосунун өз стили, жүзү, турпаты, инфраструктурасы түптөлдү. Добушу жер-жерлерге, алыскы тоолуу аймактарга жетти. Ушул жерде кыргыз радиосунун, жалпы элибиздин улуттук руханий казынасы жөнүндө атайын сөз айтууга туура келип жатат. Бул кыргыз адабиятынын, искусствосунун, жалпы эле маданиятыбыздын залкарларынын оригинал үндөрү, чыгармалары жазылган “Алтын Фонд”. Улуу муундагы радио кызматкерлерине таазим этип, ыраазычылык билдирүү менен, биз бул фонддун мындан аркы тагдырын, анын сакталышын ойлонушубуз абзел. Бул маселеге мамлекеттик деңгээлде мамиле жасалып, каражат бөлүү керек, техникалык жактан колдоо зарыл. “Алтын Фонд” жалгыз гана Коомдук телерадиокорпорацияга жүктөлүп калуучу нерсе эмес.

Акыркы 25 жылда Радио биздин эгемен жаш мамлекетибиздин чейрек кылым жашоосун үзгүлтүксүз чагылдырып, өлкөбүз ашып өткөн оор ашууларда, чоң сыноолордо коштоп турду. Элибизди окутуп, үйрөтүп, тарбиялап, чачыратпай чогултуп, дем берип турганына баарыбыз күбөбүз. В.И. Ленин айткандай: «Радио – кагазсыз жана аралыксыз” маалымат каражаты катары жаш мамлекет пайдубалын түптөп, бутуна туруп жатканда уюштуруучу, агитатор жана пропагандист катары тынымсыз, чарчабай мыкты иштеп берди!

Жаңыланууга, реформаларга чакырып жатып Радио өзү да чечкиндүү реформадан өтүүдө, сөз эркиндигинин жолуна түшүп, окуяларды кооздоп сүрөттөөнү токтотуп, жаап-жашырбай, карандай чындыкты сүйлөгөнгө үйрөнүүдө. Элибизди жапырт жерине, улутуна, партиясына, айылына-шаарына карабай маңдай-тескей отургузуп, теңата сүйлөштүрүп, диалогго багыттоодо. Кыргызстанда ар бир жаран телефон чалып, жандуу эфирде түз суроо бере алат, оюн коркпой айтат – азыркы жаштар үчүн бул кадыресе көрүнүш болсо, биз, улуурак муун үчүн канча бир жыл илгери мындай көрүнүш ойдо жок нерсе болмок!

Авторитардык кылымдын чынжырларын үзүп, форматынан кутулууда, сөз эркиндигин киргизүүдө «Азаттык» радиосу кадр мектеби болгонун, үлгү болуп бергенин эч тана албайбыз! “Азаттык”, Би-Би-Си радиосу бүгүн да коомдогу өнүгүүнүн өйдө-төмөнүн ачык айтып, оппоненттерди тегерек үстөлгө отургузуп, “арай көз, чарай” сүйлөштүрүп, демократияга багыттап, демократияга карай көчтү баштап келе жатат.

Урматтуу радио угармандар жана күйөрмандар!

Радионун күчү – он чакты мыкты алып баруучунун колунда! Жадакалса жаңылыктарды окуу – бул оңой-олтоң иш эмес экенин бир нече ай мурун биздин өкмөт мүчөлөрү тердеп-кургап айгинелешкен. Бүгүнкү программа-презентерлер, алып баруучу журналисттер – басымдуу көпчүлүгү жаркыраган кыз-келиндер: жагымдуу шаңкылдаган үндөрү, компетенттүү, тунук акылдары, урмат-сый, сыпат манералары менен интервью убагында кимди болсо да токтотуп, жөнгө салып, суроо узатып, такалап, маселенин түп-тамырына жетип, анын мазмунун ачып бергенде гана тынышат.

Учурда КТРКнын Биринчи радиосунда бир топ аттуу-баштуу, бренди жогору, эл сүйгөн, күткөн программалар түптөлүп калды.

Менин баамымда ар бир өнүккөн өлкөнүн сүйүктүү улуттук радиосу бар, аны өз калктары башкага алмаштырбайт, үзбөй угат, четке кетсе кадимкидей сагынат, аны менен сыймыктанат. Радиосуз турмушун элестете алышпайт. Мен дагы биздин улуттук радио жан дүйнөбүздү байытып, суусатып, укпасак эңсетип, сагынткан радио болсо деген тилектемин!

Бүгүн өлкөнүн саясий-руханий өнүгүү багыт талаптарын мурунку күчтүү идеологиялык агрегаттын ордунда КТРК баш болгон бир топ жеке ТВ жана радио каналдар, 30-40тай гезит элге жеткизет. Радио күнүн бүгүн Кыргызстандын жыштыктарында иштеп, бутуна турган дагы жыйырмадай кыргыз радиокомпаниялары белгилеп жатышат. Бир тобунун үнү такшалып, алар угуучулардын арасынан таргет сегменттерди таап алып, мазмундуу берүүлөрдү түзүп, Биринчи радиого реалдуу атаандаштык жаратып жатканына күбө болуп олтурабыз.

Кыргызстанда бүгүн – 700 миң автоунаа бар болсо, демек, күндүзбү, түндөбү биздин жарандар жаңылык, музыка угуп, өлкөдөгү маалыматтарга сугарылып жатканы – кадимки факт.

Элибиздин жарымы кыздар, аялдар - радиодо биздин оюбузду, акылыбызды, жүрөгүбүздү козгой турган кайсы берүү бар?

Радио, сөз жок коомдун интеллектуалдык деңгээлин күзгүдөй чагылдырат. Илим жана техника, жаңы технологиялар, инновациялар 21-кылымды шаштырып, тездик менен кубалап келе жатат. Мындай шартта биз артта калып калбайлы. Бирок, менимче, биздин радиодо кулактын кычуусун кандырган бир да туруктуу программа жок бул темалар боюнча! Эл аралык абалдын анализи, терең ар тараптуу талдоолор улуттук радиодо өтө сейрек, орус тилдүү булактардан билип алгыла деген саясат.

Ошол эле убакта сансыз университеттерибиздин ар бир экинчисинде даярдалып жаткан эл аралык мамилелер боюнча адистерди бирөөлөр окутат да! Четте элчилик кызматта ийгиликтүү иштеп жүрүп келген, өтө билимдүү, биз сыймыктана турган ондогон дипломаттар эч кандай иши жок эле жүрүшөт! Бизде илимдердин жетиштуу доктор-кандидаттары бар, ВАК токтоосуз шакылдатып жаңыларын "чаптоодо", а радиодо болсо күндө баягы эле 3-4 дежурный комментаторлор…

Автордук программалардан «Инсанат», «Айыл турмушу», дагы бир нечесинен башкасын эстеп көргүлөчү! Радиодо чыгармачыл, инновациялык жолдор аркылуу коом үчүн маанилүү, жаңы темаларды киргизүү деген өтө аз.

Маселен, үч-айлык, жарым-жылдык системалуу долбоорлорду иштеп чыгып - инклюзивдик же болбосо эрте жаш балдар тарбиясы; тамактануунун маданияты, финансылык же экологиялык сабаттуулук; автоунаалар, жаңы китептер жөнүндө акыркы кабарлар, комментарийлер, дагы миң бир түркүн темаларды алып чыкса неге болбосун?!

Коомдо белгилүү адистерди Кыргыз радиосуна, телевидениеге чакырып, келишим түзүп, туруктуу түрдө атайын программаларды даярдап, аларды сүйлөткөнгө эмнеге болбойт?! Мындай программалар угуучулардын радиого ишенимин арттырат, силердин баркыңарды көкөлөтөт.

КТРКнын коомдук кенеши, мен ишенем, мындай багыттарды колдойт, каржылоосун бекитет. Ансыз деле жарнама мурункуга караганда көбөйдү, чет элдик төрт радионун ижара акысы казынага байма-бай түшөт.

Жогорку Кеңеш, өкмөт радиокомпаниянын чечкиндүү ички реформасын колдойт, өзүнүн таасирин билдирип, каражат маселесине жардам берет деп ишенем!

Урматтуу радио күйөрмандары!

КТРКнын коомдук кеңеши - биздин Орто Азиядагы, дегеле КМШ чөлкөмүндөгү чоң жетишкендик десем, жаңылбайм! Анын негизги мандаты – элди ар тараптуу, объективдүү, бай маалымат менен камсыздап, сөз эркиндиги принциптерин бекем жактоо болуп эсептелет. Биз коомдук кеңеш болсун деп, авторитардык режимге каршы чыгып, ачык күрөшкөнбүз! 2010-жылы телерадио берүүнү коомдук макамга өткөрүп, башкарууну мамлекеттен Коомдук байкоочу кеңешке тапшырып бергенбиз. Коомдук кеңештин эл алдындагы жоопкерчилиги чоң, азыркы сөз эркиндигин сактоочу «комитеттерге» жооп бере турган сөздү, жалаң эле бийликти алдыга салбай, силер да жооп айта турган маал келди.

Коомдук кеңешке КТРКнын перспективалык күн тартиби, артыкчылыктары тууралуу эскертүү айтып коюуга уруксат этиңиздер. Күздө Кыргызстан башка КМШ өлкөлөрүндөй эле Эгемендиктин 25 жылдыгын белгилейт, бул эң чоң саясий мааниси бар окуя. Көчмөндөр оюндары – андан кийин турат! Биз абдан татаал, өзүбүз гана эмес, башка элдерге да сабак болуучу жолду басып өттүк. Жогоруда «Бир жол – үч ашуу» деп абдан туура концептуалдык формула айтылды. Мына ошол ашуулар болгон 2002-жылдагы Аксы окуясынын, 2005-жылдагы Март революциясынын, 2010-жылдагы Апрель Элдик революциясынын маанилерин ачып, элге туура маалымат берүү, ошол окуялардын башкы себептерин, алардан алуучу сабактарды коомго жеткирүү учурдун өтө олуттуу милдеттери.

Биздин перспективдүү 2017-жылга чейинки программабыз - «Стратегиялык багыттар» бар, өкүнүчтүүсү, ал жыл сайын алмашылган өкмөттүн көз жаздымында калганы даана көрүнүп турат. Бул темалар, менимче, коомчулуктун тыкыр көзөмөлүндө жана көңүл борборунда болуусу кажет, радио жана телепрограммаларда талкуу токтобошу керек. Атүгүл, 2017 жылдан ары кандай болот, бизге 2030-жылга, андан ары 2050-жылга карата кандай стратегия керек, кандай өнүгөбүз деген талкуулар башталышы абзел.

Эң акырындай айтаарым: кыргыздар негизинен токтоо, ток, момун эл болобуз. Балдарыбызды женил-желпи болбо, жөнү жок күлбө, оор басырыктуу бол деп тарбиялайбыз. Бирок эч ким юморго, керек болсо сатирага каршы эмес да! «Баш кесмек бар, тил кесмек жок» деген сөз кыргыздарга таандык экенин эстен чыгарбайлы. Куйручук, Жоошбай, Бекназар куудулдар жөнүндө укпаган кишилер жок. Мидин Алыбаев, Байдылда Сарногоев жана башкаларсыз элибиздин мүнөзүн, жүрүш-турушун, кыйынчылыктарга чыдамкайлыгын элестетүү да мүмкүн эмес. Анда эмне үчүн мазмундуу берүүлөрдө - жок, жалаң эле адабият каналда эмес! - юмор, сатира, какшык деген жанрда берүүлөр, темалар такыр орун албайт? Айтылуу армян же англиялык улуттук юмордой багыт түптөлө элек болсо да, биз улутубузда мындай маданиятты багып өстүрсөк, бекем, күчтүү, дени сак, жеңилбес эл болобуз!

Мындай ишти идеологиялык машиналар мыкты жасайт. Алдыбызда машина туру, жолдо жеңил, сейилдеп, жайбаракат жүрбөй, газды катуу басалы. Дайыма эле үңкүйбөй, майданыбыз жарык, ыйманыбыз таза, акылыбыз тунук, максатыбыз ачык болсо, жолубуз шыдыр болот!

Майрамыңыздар менен, урматтуу радио кызматкерлери!

Роза Отунбаева, Кыргызстандын экс-президенти

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG