Ош облусунун Кашка-Суу, Чоң-Алай жана Жекенди айыл аймактарында кар тосуп калган жолдорду тазалап жаткан техника бузулду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 3-4-февралдагы кардан 16 айылда 124 чакырым ички чарбалык жолдор жабылган. Аталган мекеменин бир бульдозери тазалоо иштерин жүргүзүп, 21-февралда бузулуп калгандыктан жумуш токтогон.
Кардын калыңдыгы 80 см барабар. Жабылган жолдун 119 чакырымы тазаланды.
Андан тышкары, акыркы күндөрү калың кар жана кар көчкүлөрдөн Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облустарында да бир катар ички жолдор жабылып, тазалоо иштеринен соң ачылды. (SE)