Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:04

Кыргызстанда тестиерлер менен өспүрүмдөр жарамазан айтуу менен тыйын табуунун кыныгын алышкан. Алар адатта кафе, унаа токтоочу жайларда, автобекеттерде туруп алып, ары-бери өткөн адамдардан акча өндүрүшөт.

Ал арада мобилдик телефондо же интернет аркылуу жарамазан айтып, акча салып койгула деп жатышат. Салт боюнча жарамазан белгилүү бир учурда кайсы бир жол-жоболор менен айтылып келген. Жаңы салт жарамазандын түпкү маанисинин кээринен кетирип жаткан сыягы бар.

Рамазан айы башталганы Бексултан өзү теңдүү курбалдаштары менен чогуу үйлөрдү кыдырып жарамазан айтып келатат. Кээде жакын турган дүкөндөргө, кафе-ресторандарга да айтып барышат. Тапкандарын кечинде баары бөлүшүп алышат:



Тестиерлердин айрымдары жарамазанды жөн эле кызыгуу менен айтышса, көптөрү акча табуу максатында чыгышат. Анткени так ушул Рамазан айында адамдар соопчулук үчүн деп атайын тыйын-тыпырларын камдап коюшат.

Калипа Исакова
Шаар тургуну Калипа Исакова ар бир келген жарамазанчыны кур кол кетирбей турганын айтат:

- Күндө келишет. Кичинекей балдар көп. Чоңдордон да айтып келгендер бар. Бул эми салт да.

Жарамазан айткандар кандай даярданса, аларга белек-бечкек бере тургандар деле ошондой камданышат. Мен орозо башталганда үйгө шириндик, оюнчук, майда-чүйдө нерселерди сатып алып келип койом. Кээде акча да берем. Алар атайын үмүт кылып келишкенден кийин бериш керек да. Берсең тим эле кудуңдап сүйүнүп калышат.


Шаар тургуну Нурбек Таабалдиев ай ортолой элек туруп жарамазан айткандардын саны көбөйүп кеткени тынчын кетирип жатканын айтат. Анын белгилешинче, бул салт Рамазан айы жарымдап калганда башталыш керек эле:

- Биз деле бала кезибизде жарамазан айтканбыз. Бирок эрежесин билет элек да. Рамазан айынын 15-күнү өткөндөн кийин анан баштачубуз. Азыр орозо баштала элек жатып эле баштап алышты. Биринин артынан бир келет. Эшикти каккылай берип тынчыңды алат. Муну тыйып койо албайсың, бирок анын да өзүнчө маданиятын сакташ керек да. Азыр нан, кант, токоч берсе албайт. Акча гана бериш керек экен.

Ал ортодо жарамазандын жаңы үлгүлөрү пайда болууда. Мобилдик телефондо же интернет аркылуу жарамазан айтып, акча салып койгула деген сөздөр оштук журналист Асанбек Каракозуевге саат сайын келип турат. “Бирок бул азырынча олуттуу кабыл алына элек” дейт ал:



- “Жарамазан айта келдим сайтыңызга,
Сайтыңыздын ичиндеги лайфыңызга.
Бирдик бергендер ушул айда байып кетсин,
Бербегендеринин ичи айнып кетсин!
Ажатканага араңдан жеткен кезде,
Ал жакта бирөө отуруп “занят” этсин!
Алып чык, алып чык,
Мына номерге бирдик салып чык!” дегендей электрондук жарамазандар көп эле келет. Телефонго да, интернет почтага да жазышат. Бирок мен бирдик салбайм. Мындай тамаша нерсе катары эле кабыл алып койом.


Асанбек Каракозуев
Жарамазан тууралуу динаятчылардын ою таптакыр башкача. Ош шаардык борбордук мечитинин имамы Ахмат Пахыровдун айтымында, жарамазан айтуу ачарчылык замандардан калган салт. Рамазан айынын шылтоосу менен ырдап, үйлөрдү кыдыруу шарыятта да каралган эмес дейт ал:

- Азыр эми муну салт кылып алышты. Кээ бир жаштар болсо жосунсуз эле бирөөлөрдүн эшиктерин тыкылдатып тынчын алып, ордуларынан козгоп коюп атышат. Жарамазандын кандай түрү болбосун туура эмес. Ал шариятта каралган эмес. Кембагалга да карабай, байына да карабай үйлөрдү кыдырып жарамазан айтып, акча суроо бул тилемчиликтин, же кайыр суроонун эле бир формасы болуп калат.

Деген менен ошол эле шарыятта жарамазан айтууга тыюу салынсын деп баса белгиленип, жазылган жери жок. Ислам дини жайылган Орто Азия өлкөлөрүндө бул салт ар бир Рамазан айы менен кошо келет. Ал эмес заманга ылайык, жарамазан айтуу да өзгөрүп, өсүүлөргө дуушар болуп жатканы айтылууда.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG