Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:36

Трамптын салыгын ачыктоо тууралуу петицияга 100 миң киши кошулду


21-январда Вашингтондо Дональд Трамптын АКШ президенти болуп ишке киришкенине каршы миңдеген адам катышкан нааразылык акциясы өттү.
21-январда Вашингтондо Дональд Трамптын АКШ президенти болуп ишке киришкенине каршы миңдеген адам катышкан нааразылык акциясы өттү.

АКШда "Биз элбиз" (We the People) деп аталган өкмөттүк сайтта өлкөнүн жаңы администрациясына “президент Дональд Трамптын салыктарын токтоосуз ачыка чыгаруу” талабы жазылган петиция жарыяланды. Бир суткада эле петицияга 100 миңден ашуун киши кол койгон. Эми буга Ак үй жооп берүүгө тийиш. Сайттагы маалыматка караганда, жооп 19-февралга чейин берилет.

We the People сайты 2011-жылы, сентябрда жарандык петицияларды жарыялоо үчүн ачылган.

Мурдагы президент Барак Обаманын администрациясы аны коомчулук менен байланышуу жана жарандардын бийликтин ишин сындоосуна мүмкүнчүлүк берүү максатында ачкан эле.

XS
SM
MD
LG