Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:52

Кыргызстанда жыл башынан бери 700дөн ашык бала ар кандай зомбулукка кабылса, анын ичинен 137си зордукталган.

Зордук-зомбулукка туш болгон өспүрүмдөр кайрадан кадимки жашоого келиши үчүн алар менен тажрыйбалуу адистер кеминде үч-төрт жыл иштеши керек.

Учурда Бишкек шаарында ушундай оор тагдырга кабылган секелек кыздарга психологиялык жардам көрсөткөн Балдарды коргоо борбору иштеп жатат. Аталган борбордо 20 бала жашаса, алардын онго жакыны сексуалдык кордук көргөн секелектер.

14 жаштагы Мээрим каргаша тооруган күнү адатынча жайкы эс алууда туугандарынын үйүндө болчу. Көзүнө жаш алган кыздын айтуусунда, аны үч күн бою коё беришпей кордук көрсөтүшкөн.

- Таш менен уруп, чаап, качканыма карабай, кармалып калдым. Алар мени машинесине салып, талаа жакка алып барышты. Үч күн коё бербей кармашты. Зордукташты... Коркконумдан качып кете алган жокмун.

Мээрим үй-бүлөдө үч баланын эң улуусу. Атасы былтыр каза тапкан. Жалгыз бой эне балдарын өзү тарбиялап келаткан болчу. Бул окуядан кийин алар милицияга арыз жазып, кылмышка шектелген эки бала камакка алынган. Бирок сот жараяны али баштала элек. Мээрим болсо алты айдан бери психологиялык жактан жардам алуу үчүн Балдар укугун коргоо борборунда жашап келүүдө:

- Ал окуядан кийин мени өзүм окуган мектепке албай коюшту. Ал жактагы мугалимдер мага курдаштарымдан кысым көрсөтүлсө, жардам бере албай турганын айтып, тажрыйбалуу адистерге кайрылыш керек дешкен. Ушундан улам мени бул борборго алып келишти. Азыр бир аз көнүп, балдар менен аралаша баштадым.

Мээрим жашаган Балдар борборунда ал сыяктуу окуяга кабылган 20га чукул бала бар. Алардын онго жакыны сексуалдык зомбулукка кабылган секелек кыздар. Кыздардын эң кичүүсү беш жашта болсо, улуусу он беште. Бири өз атасынан же туугандарынан, экинчиси кошунасынан, айрымдары бейтааныш адамдардан кордук көргөндөр.

Психолог Ольга Биденко кыздарга алды менен алардын күнөөсү жоктугун түшүндүрүү керектигин айтат:

- Эң өкүнүчтүүсү, зомбулукка кабылган кыздар коомчулуктун терс пикирлеринен улам болгон окуяга өздөрүн күнөөлүү сезип, айрымдары өмүрүнө кол салууга да барышат. Эгер алар болгонун ачык айтпаса да, ичинде түрдүү ойлор болушу мүмкүн. Бул учурда сөзсүз тажрыйбалуу адистерге кайрылуу керек. Тилекке каршы, зомбулукка учураган бардык кыздар окуясын ачык айтып, жардам суроону каалай беришпейт. Кыздарды бул абалдан чыгарууга болот. Бирок бул аябай узак процесс. Маселен, секелек кыз окуясын жашырбай айтып берүүсү үчүн ал менен адистер кеминде жарым жыл иштешет.

Адатта сексуалдык зомбулукка кабылган кыз-келиндер тааныштарынын, жакындарынын катуу жектөөсүнө кабылат. Социалдык кызматкерлердин ырасташынча, өзгөчө кызы зордукталганын билген аталар көпкө чейин балдары менен байланышты үзүп койгон учурлар бар. Адистер сексуалдык зомбулукка кабылган балдар үчүн ата-эненин жардамы маанилүү экенин белгилешет.

21 жаштагы Элзат Казакбаева аталган борбордун социалдык кызматкери. Зомбулукка кабылган өспүрүмдөр менен иштешип жаткан кыздын башынан да каргашалуу окуя өткөнүн баары эле биле бербейт. Аны 15 жашында аталаш бир тууганы күчкө салып зордуктап салган. Ал башынан өткөн окуяны унутуп, жогорку окуу жайда билим алып, көздөгөн максатына жетүүгө көп аракет кылган.

- Мага ушундай деңгээлге жетиш үчүн үч-төрт жыл талап кылынды. Башында курбу досторумдан кадимкидей жалтактап коркчумун. Мага бардык эркектер баса калып зордуктап салчудай сезилчү.

Элзаттын ырасташынча, мындай оор жолду басып өтүүдө ата-энесинин колдоосу чоң жардам болгон:

- Зомбулукка кабылган кыз үчүн ата-эненин ролу, жардамы чоң. Алардын ишеничине да муктаж болосуң. Эгер жакындарың ишенсе, сен коркпой акыйкатыкка жетүүгө умтуласың. "Ак ийилет, бирок сынбай" турганын кыздарга айтып келатам.

Кыргызстанда жыл башынан бери 700дөн ашык бала зомбулукка кабылса, анын ичинен 137 өспүрүм зордукталган. Бирок бул расмий гана сандар, чындыгында мындан да көп кыз-келин кордук көрүшү мүмкүн экендигин эксперттер айтып келишет.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    2014-жылдын март айынан бери "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG