Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:52

Раззаковдун бир жанып, кайра өчкөн жылдызы


Исхак Раззаков
Исхак Раззаков

Быйыл Кыргызстанда мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун 105 жылдык мааракеси белгиленип жатат.

Ал 1945-жылы Кыргыз ССР Министрлер кеңешинин төрагасы, 1950-жылдан 1961-жылга чейин Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болгон. Ага чейин Өзбекстанда жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеген.

Исхак Раззаков кызматынан алынгандан кийин Москвага Мамлекеттик пландоо комитетине которулуп, ал жакта 69 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. 2000-жылы кыргыз коомчулугу Раззаковдун сөөгүн Бишкекке алып келип, Ала-Арча мамлекеттик көрүстөнүнө сый-урмат менен көмдү.

Кезинде көрүнүктүү инсандар Исхак Раззаковго жогору баа берген экен. Мисалы Күлипа Кондучалова: Менде жакшы мүнөз, сапат болсо, анын бардыгын Исхак Раззаковдон үйрөнгөм, -десе;

Түгөлбай Сыдыкбеков: Мен жакшы эле кыйды кишинин сырын билүүгө тырышкан кишимин. Исхактын бирөөгө кекенип, жаман ой ойлоп, бирөөгө кек сактаганын байкаган жокмун, мен ушуну айткым келет... Дагы бир сапаты - сен оозуңду ачып айткыча оюңду билип ала койчу... Жанагы советтик партиялык аппаратта жүргөн үчүн гана жазуучулукка убакыт, чамасы жетпей калган го деп ойлойм... Өзбекстанда жүргөндө Антон Чеховдой классикти өзбекче которуп, Сергей Есенинди өзгөчө кастарлаган Исхак Раззаков эгер адабият же искусство жаатында иштеген болсо, өмүр тагдыры кандайча уланаар эле деген кытыгылуу ой да көңүлгө урунат...

Насирдин Байтемиров: Кыргыздарга өткөндө кут эки жолу түшкөн дешет. Биринчи кут - Жусуп Абдрахманов болуп түшсө, экинчи жолку кут - Исхак Раззаков болуп түшүптүр. Бирок түшкөн кутту кут сыягындай күтүп албаптырбыз... Исхак Раззаковичти учкан кометага салыштырам, куйруктуу жылдызга... Мындай жылдыз кылымдарда бир келсе келет, бирок келгенде да артында жапжарык из калтырат, - деп эскерген залкар инсандар.

“Биз таза болмоюнча өлкө өспөйт”

Кийинки мамлекеттик ишмерлердин бири Мамат Айбалаевдин айтымында, Раззаков мындай сый-урматка жөн жерден жеткен эмес. Ал кезинде жетекчи катары өлкөнүн өнүгүшүнө опол тоодой салым кошкон:

- Раззаков кыргыз элинин азамат жетекчиси болгон. Бул кишинин аты эч качан унутулбайт. Анын баарыбыз туу тута турган абдан жакшы сөзү бар: “Сен таза болсоң, мен таза болсом коом да таза болот” –деген. Бул абдан туура айтылган ой. Биз бул айтылган сөзгө жеткен күнүбүздө республикабыз өсө баштайт. Ал сөздү ишке ашыра албаган үчүн биз өспөй тура беребиз.

Мамат Айбалаев, Раззаковдун 105 жылдык мааракесин белгилөө иш-чарасы жөн гана шарттуу түрдө өтүп калбай, анын жетекчилик жана адамдык касиеттери азыркы мамлекет башчылары менен жаштарга сабак болгондой деңгээлде белгиленсе деген пикирин кошумчалады.

Исхак Раззаков атындагы республикалык фонддун төрагасынын милдетин аткаруучу Жалил Муркамаловдун айтымында, учурда Исхак Раззаковдун өмүр жолу ар тараптуу изилденип, китеп болуп басылып, кино болуп тартылып жаштарга сунушталып келет. Бирок азыр анын тарыхы толук изилденип бүтө элек:

- Биз азыр Раззаковдун эмгегин жайылтуу, жаш муунга жетирүү боюнча бир топ иш-чараларды өткөрүп, китептерди чыгарып жатабыз. Бирок азыр деле анын өмүр жолу толук изилденип бүттү деп айта албайм. Азыр анын Кыргызстандагы гана ишмердүүлүгү жазылып жатат. Анысы деле толук эмес. Ал эми Өзбекстанда, Тажикстанда жасаган иштери тууралуу эч кандай маалымат жок.

Раззаков ата-энесинен эрте айрылып, 1918-жылы багып алган атасы жүргөндө балдар үйүнүн кызматкери жолугуп калып, Хоженттеги балдар үйүнө алынат. Андан ары Өзбекстандагы жатак мектепке кирип, орто мектепти аяктагандан кийин Москвадан билим алып, Өзбекстанда жетекчилик кызматтарда иштеген.

Бишкек шаардык мемориалдык музейлердин директору Арман Момаханованын айтымында, Исхак Раззаковдун жумуштан алынгандан кийинки жеке тагдыры да өкүнүчтүү аяктаган:

- Анын тагдырын жашыбай туруп эстей албайм. Эки уулу каза болуп калган. Кызы оорукчан. Неберелери да оорукчан. Мен бул кишинин тагдырына абдан кейийм. Эки уулу тирүү болгондо жакшы болмок. Атаганат, турмуш деген ушул экен да. Эмне үчүн ушул киши үч жашынан баштап кыйынчылык көрүп, бийик даражага жетип, бирок өмүрүнүн акырында астма менен ооруп, “кыргыз элинин бир ууч топурагы буйруйбу”, - деп жатып көзү өткөн.

Учурда Бишкекте Исхак Раззаков 1950-жылдан 1961-жылга чейин жашаган үйү музейге айланган. Анда маркумга тиешелүү эки миңден ашуун экспонаттар жайгашкан. Экспонаттардын басымдуу бөлүгү архивдик документтер жана сүрөттөр.

Исхак Раззаков 1910-жылы 25-октябрда төрөлгөн. 1961-жылдын 9-майында улутчулдук саясат жүргүздү деп күнөөлөнүп, кызматынан алынган. 1979-жылы 19-мартта Мосвада каза болгон.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG