Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:33

22-декабрда Бишкекте көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун 100 жылдык мааракесине арналган жыйын өттү. Анда Исхак Раззаковдун Кыргызстандын Союздун курамында өз алдынча республика, андан кийин эгемендүү мамлекет болуп түптөлүшүнө кошкон салымы баса белгиленди.

Эгемен өлкө болуп турган Кыргызстанды эч бир мамлекетке көз каранды кылбай сактап калууга азыркы саясатчылардын кудурети жетеби?

Октябрь революциясынан кийин азыркы Кыргызстанды өзүнчө бир автономиялуу облус, кийин автономиялуу республика, соңунда Союздун курамындагы республиканын алдына бириктире алган өткөн кылымдын 20-30-жылдарындагы саясатчыларынын эмгеги зор болгонун тарых бүгүн тастыктап тургансыйт.

Кийин “улутчул” деп “эл душманы” катары атылып кеткен Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов жана башка ишмерлердин жолун улаган көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Исхак Раззаков жетимчиликтин айынан өзү туулуп-өскөн Лейлек районунан алыстагы Ташкен шаарында билим алып, ал жерде алгачкы эмгек жолун баштаган. Ал Өзбекстанда жогорку мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган. Кийин мекенине кайтып келип, кыргыз тилинин өнүгүшү үчүн жанын үрөгөнү белгилүү.

Кыргызстандын Президенттик аппараттын башчысы Эмил Каптагаев Искак Раззаковдун мекенчилдиги бүгүн көп саясатчыларга үлгү болушу керек деп эсептейт:

- Бүгүнкү күнү “мен деле президент, мен деле премьер-министр боло алат экем” деген түшүнүк күчөп, жетекчиликке, эл башында туруучу кызматтарга иштөөчү адамдарга болгон талап төмөндөп кетти. Мурда мына ошол Исхак Раззаковдой киши иштеп кеткен кызматка башкалар даап келе алчу эмес, алар эң мурун “менде да ошондой тажрыйба, билим барбы? Мен ошол кишичелик кызматка мамиле кыла аламбы?” деп ойлочу. Исхак Раззаковдун инсандык тазалыгы жогорку ролду ойногон, ал өзү эң таза, билимдүү, тажрыйбасы бийик киши болгон.

Президенттик аппарат башчысы аз күн мурун Москвага барып, Исхак Раззаковдун кызы менен жолугуп, улуу ишмердин мааракеси менен куттуктап келген.

Кылымга тете өмүр

Кыргыздын чыгаан уулу Исхак Раззаков Кыргызстанда гана эмес, жалпы Борбор Азиядагы төбөсү көрүнгөн мамлекеттик ишмер, кыраакы саясатчы болгон. Ал кыргыз, өзбек, тажик жана орус тилдеринде так сүйлөгөн. И. Раззаковдун демилгеси менен Кыргызстанда илимдердин Улуттук академиясы, бир катар жогорку окуу жайлары түптөлгөн. Исхак Раззаков көп жылдар бою Кыргызстан компартиясын жетектеп турган. 1961-жылдан 1967-жылга чейин бүткүл союздук мамлекеттик пландоо бөлүмүн башкарып турган. Ал ошол туштагы кыргыз бийлигинин куугунтугунан улам өмүрүнүн акырына чейин Москвада жашап, 1979-жылы дүйнөдөн кайткан. И. Раззаковдун 20 жылдан ашуун Москвадагы Кунцово көрүстөнүндө турган сөөгү 2002-жылы Кыргызстанга алып келинип, Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.

Орусиянын президенти Дмитрий Медведев жана "Ар-намыс" партиясынын лидери Феликс Кулов, 22-сентябрь, 2010-жыл
10-октябрдагы президенттик шайлоодон кийин коомдо “эмне үчүн төбөсү көрүнгөн саясатчылар Орусияга чуркап, кимдир бирөөлөрдүн көрсөтмөлөрүсүз демократияны куруп, башкалардан көз карандысыз жашоого болбойт” деген суроолор жаңыра баштады.

Саясат талдоочу Табылды Акеров Кыргызстандын өз алдынча мамлекет болуп түптөлүп, келечеги кеңейип кетүүсүнө каршы болгон күчтөр бар экенин айтат:

- Биздин учурдагы саясатчылардын, биринчиден, билим деңгээли төмөн. Ошондуктан Кыргызстанды күчтөндүрүүгө кудуретсиз болуп, ич-ара бөлүнүп-жарылып, жалаң кызмат талашуунун үстүндө болуп атышат. Экинчиден, Орусия сыяктуу мамлекеттер Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдү өздөрүнүн пайдасы үчүн колдонууга аракет кылып келишет. Орусиянын атайын кызматтары дайыма биздин саясатка ачык да, жашыруун да аралашып, өз саясатын жүргүзүүгө аракет кылып келишет. Мисалы 2005-жылы март ыңкылабынан кийин орустардын атайын кызматтары Кыргызстанда улуттардын партияларын түзгөн. Мисалы “Содружество”, “Ватан” же болбосо “Родина” партияларын. Бул атайын кыргыз коомчулугун бөлүп, бири-бирине карама-каршы коюу, мындайча айтканда түпкү улутту аз сандагы улуттарга каршы коюу максатында жасалган.

Айрым серепчилердин айтымында, Кыргызстанда улуттун кызыкчылыгын биринчи орунга коюу июнь коогалаңынан кийин күч алды. Буга себеп катары улутчул деп айтылып жүргөн улуттук-идеалисттик-демократиялык “Ата Журт” партиясынын шайлоодо эң көп добушка ээ болгону айтылууда. Ошол эле учурда кыргыздар эзелтеден улутчул болгон эмес, эң эле интернационал, өзүнөн башка элге достук менен мамиле жасаган деп да айтылып жүрөт.

Саясатчы Топчубек Тургуналиев кыргыздардын интернационалдык касиети тээ Манастан бери келе жатканын айтат:

- Бул тарыхта чыныгы интернационалист ким болгон десе, мен “Манас бабам болчу” деп айта алам. Анткени анын кырк чоросунун арасында калмактар, башка улуттар болгон. Манастын аскер колбашчыларынын бири, көздөй ишенген шериги – Алманбет деле Бээжин тарапта чоңоюп, кийин Манаска келген да.

Ушул тапта эл ишенип, тагдырын колуна тапшырган өкмөттү кураган үч партия Орусияны негизги өнөктөш көргөн партиялар. Байкоочулардын баамында, бирок Кыргызстандын келечеги толук алардын колунда деп айтууга али эртелик кылат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG