Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:38

Мамлекеттик каттоо кызматы кыймылсыз мүлктү сатуу-алууда коррупция жана көз боёмочулукту азайтуу жолдорун издеп жатат.

Бул тууралуу аталган кызматтын департамент башчысы Нарынбек Исабеков 23-август күнү маалымат жыйында билдирди. Бирок байкоочулар коррупция азайбаганын, буга көп учурда мамкызматтын өкүлдөрү өздөрү аралашарын айтып келишет.

Кыргызстанда квартира сатып алып алданып калган, бир эле жердин бир канча адамга жасалма документтер менен сатылган учурлары көп эле кездешет.

Жанар аттуу бул жигит жер сатып алам деп шылуундарга алданганын, алардын арасында мамлекеттик каттоо кызматынын аттуу-баштуу өкүлдөрү болгонун айтып берди:

- Жерди өзүмө каттатайын деп барып терс жооп алдым. Териштирсем мага ортомчу болгон адамдар бир ай мурда камакка алынган жерди сатышыптыр. Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү билип туруп ушуну кылып жатышпайбы. Ошол жерде 55 участок бар болчу. Демек ошончо адам күйдү.

Жанар бул иш боюнча соттон сотко сүйрөлүп, акыры күч органдарына арыз жазып атып, жер саткан адамдардан акчасын төрт жыл дегенде араң өндүргөн:

- Шаардык сотко төрт, Жогорку Сотко төрт жолу бардык. Жогорку Соттун чечими даттанууга жатпайт деген менен жаңы ачылган жагдайлар деген берене менен Ленин райондук соту кайра сотко берип, бүтпөгөн ыр-жомок болуп ушул убакка чейин созулду. Аргам түгөнгөндө укук коргоо органдарына кайрылып акчамды өндүрүп алдым. Жер саткан мамкаттоонун кызматкерлеринен акчамды доолап жүргөндө, "анын ордуна буларды ал" деп төрт жер тилкесин көрсөтүшкөн. Мамкаттоонун башкы планын, кызыл китебинин, техникалык паспортунун көчүрмөсүн беришет. Ал жерлерди текшерсем, архитектуранын, Жерге жайгаштыруу департаментинин башкы пландарында жок экен. Анан эле мамкаттоо ал пландарды каяктан таап алганын түшүнбөйсүң.

Мамкаттоонун жетекчилери кыймылсыз мүлктү сатуудагы көз боёмочулукка өздөрүнүн өкүлдөрү аралашарын жокко чыгарбайт. Мисалы былтыр 40 кызматкерге кылмыш иши козголгон. Бирок экөө гана соттолгон.

Мамкаттоо кызматынын Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укукту каттоо департаментинин башчысы Нарынбек Исабеков үй, жерге байланыштуу кылмыш иштер көбөйгөнүн, бирок кармалгандарды соттор актап жиберип жатканын айтууда:

- Кыймылсыз мүлктүн баасы көтөрүлгөн сайын кылмыш иштер да көбөйүп жатат. Андан сырткары коррупцияга каршы иштин күчөшүнө байланыштуу да кылмыш иштер козголуп жатат. Бирок соттун өкүмү менен күнөөлүү деп табылган эки эле факт бар. Ошол кармалган киши сөзсүз соттолсо ушундай кылмыштар токтойт эле.

Аталган мамлекеттик орган бирок коррупцияны ооздуктоо иш-чаралары көрүлүп жатканын айтууда. Мисалы өзү алыс жакка кетип, узак мөөнөткө үйүн ижарага бергендер мындан ары мүлкүн өз арызы менен камакка коюп кете алат. Бул бөлөк бирөөлөрдүн жасалма ишеним кат менен үйдү сатып ийүүсүнөн сактайт. Андан сырткары кыймылсыз мүлктүн электрондук архиви түзүлдү. Бул дагы жасалма документтердин болушуна жол бербейт. Ошондой эле кыймылсыз мүлк сатып алганы жаткандар ошол жердин таржымалы тууралуу маалымат ала алат.

Анткен менен талдоочулар мындай аракеттерге карабай коррупция тыйылбаганын белгилешет. Укук коргоочу Рита Карасартованын баамында, коррупция жана көз боёмочулукка каршы системалуу аракет көрүү зарыл:

- Элдер соттошкондо көп эле иштер ушул мүлк талашууга байланыштуу келет. Көп кызыл китептер жасалма болуп чыгат. Баягы күнү эле бир аял ботодой боздоп ыйлап Сокулуктан келди. Сотко бериптир, сот болсо ага жер сатып, кызыл китеп жасап берген Мамкаттоонун кызматкерлерин актап жибериптир. Мен эми тиги көз боёмочудан акчамды кантип кайрып алам, кызыл китепке ишенгем да деп буркурайт. Эгер ушундайларга жол бериле берсе, анда бул система оңолбойт. Анткени каалаган учурда каалаган көз боёмочу жең ичинен акча берип, жазадан кутулуп кете берет. Коррупциядан арылганга системалуу түрдө аракет жасабасак, анда бул мамлекеттик структурага коомдун ишеними жоголот.

Бир канча жылдан бери эле коррупциянын деңгээли боюнча ар кандай сурамжылоо - иликтөөлөрдө Мамлекеттик каттоо кызматы сап башын ээлеп келет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG