Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:02

Текебаев: Баш мыйзам Кыргызстандын суверендүүлүгүн, коопсуздугун камсыздайт


Өмүрбек Текебаев

Өмүрбек Текебаев

Бүгүн Кыргызстандын Баш мыйзамы кабыл алынганына 23 жыл болду. 1993-жылдан бери Конституция сегиз ирет өзгөртүлдү.

Баш мыйзам улам жаңыланган сайын президенттин ыйгарым укуктары кеңейип отуруп, 2005-жылы эл бийликке каршы чыгып, Аскар Акаевдин башкаруу системасын кулаткан. Кийинки өзгөртүүлөр да президенттин укугун кеңейтип, 2010-жылкы апрель окуясына алып келген.

Баш мыйзамдын соңку өзгөртүүсү 2010-жылы 26-июнда элдик референдум аркылуу ишке ашырылган. «Азаттык» Жогорку Кеңештеги “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге бир катар суроолорду узатты.

“Азаттык”: Өмүрбек мырза, Кыргызстандын Баш мыйзамы канчалык өз миссиясын так аткарып жатат?

Өмүрбек Текебаев: Конституциянын негизги маселеси – бул бийлик маселеси. Кыргызстанда 2010-жылы кабыл алынган Конституциядан кийин парламенттик шайлоолор аркылуу эки жолу бийлик, бир жолу президент алмашты. Мына эмки жылы дагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин ордуна жаңы президент келгени жатат. Ошентип Борбор Азияда биринчиден болуп иштеп кеткен Конституция өзүнүн негизги миссиясын аткарып жатат жана ал кыргыз Конституциясы болуп атат.

Ал эми экинчи маселе бул мамлекет менен карапайым эл ортосундагы маселе. Тагыраагы, адам укугу жөнүндө айтып жатам. Азыркы Баш мыйзам буга чейинкилерге салыштырмалуу адам укугун эффективдүү коргоп жатат. Бирок сот реформасы, бюрократтар армиясындагы коррупция, адамдардын мыйзамга, сотко ишенбөө, пассивдүүлүктөн адам укугун коргоодо тескери жагдайлар болуп жатат.

“Азаттык”: Былтыр парламенттеги бир катар фракция лидерлери, анын ичинде сиз дагы Конституцияны өзгөртүү демилгесин колдоп, иш ордунан жаңы жылып баратып токтоду эле. Демилгенин токтоп калганына эмне себеп болду?

Өмүрбек Текебаев: Конституцияны өзгөртүү өтө эле татаал. Парламенттеги 80ден кем эмес депутаттардын демилгеси менен өзгөртүү көтөрүлөт, президент дагы жактырышы керек. Ошондо гана референдум жолу менен 2020-жылга чейин Конституцияны өзгөртүүгө киришсе болот.

Чын эле өткөн жылы президент да, парламент да Конституциянын бир-эки жерине өзгөртүү зарыл деп тапкан. Бирок баарыбыз билгендей эле президент “Конституцияны оюн кылбайлы” деп акырында макул болбой койгон. Бул өзгөртүүлөр акимдерди район депутаттары эмес, премьер-министр тарабынан түз дайындоо тууралуу болмок. Ошондой эле депутаттар бир эле учурда өкмөт мүчөлөрү боло алат деген норманы киргизмекпиз. Бул парламенттик өлкөдө кадыресе көрүнүш. Бул норма парламенттеги фракция лидерлерине жоопкерчиликти өзүнө алып, өкмөткө барганга шарт түзмөк.

“Азаттык”: Кечээ президент Алмазбек Атамбаев Конституциядагы улуттук суверенитет жана коопсуздукка коркунуч туурдурган беренелерге өзгөртүү киргизүүнү колдой турганын билдирди. Былтыр өзгөрбөй калган Баш мыйзамга быйыл өзгөртүү киргизүү канчалык зарыл жана зарылдык эмнеден улам чыгып жатат?

Өмүрбек Текебаев: Жогоруда мен эң зарыл деген пункттарды санап өттүм. Ал эми президент Атамбаевдин шек саноо, чочулоолору туура эмес. Бул 41-статья жөнүндө сөз кетип жатат. Бул берене Кыргызстандын суверендүүлүгүнө дагы, коопсуздугуна дагы эч залакасын тийгизбейт. Ал жарандардын Кыргызстандан адилеттүүлүк таппагандан кийин, Кыргызстан кол койгон, өзүнүн моюнуна алган эл аралык уюмдарга кайрылууга укугу бар. Эгерде ал уюмдардан жооп келгенде, аларды караш керек, реакция жасаш керек деген гана жобо.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG