Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:56

Кыргызстанда премьер-министр райондук кеңештердин кароосуна акимдикке талапкерлерди сунуштады. Мындай аракет Баш мыйзам жана жергиликтүү бийликтер тууралуу жаңы мыйзамдын алкагында жасалууда.

Бийлик мындай кадам менен жергиликтүү башкарууну да демократиялык нукка салганын айтып жатат. Анткен менен акимдик орун саясий соодалашуунун бутасына айланат дегендер да бар.

2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзам жана "Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тууралуу" жаңы мыйзамга ылайык, райондун акимдерин дайындоонун эрежеси өзгөрдү. Эми премьер-министр район акимдерин түздөн-түз дайындабай, жергиликтүү кеңештердин макулдугун алууга тийиш.

Мыйзамды иштеп чыккандардын бири, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча улуттук агенттиктин мурдагы төрагасы Бахтияр Фаттахов район акимдерин дайындоонун жаңы тартибин мындайча түшүндүрдү:

- Бул биздин жаңы кабыл алынган Баш мыйзамдын негизинде болду. Ага ылайык район акимдери жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын макулдугу менен дайындалары жазылган. Ошого жараша жергиликтүү бийлик тууралуу жаңы мыйзам кабыл алынды. Бул мыйзамда өкмөт башчы райондук кеңештерге үчтөн кем эмес талапкер сунуштайт деп жазылган. Ал эми райондук кеңештин депутаттары сунушталган талапкерлердин бирин тандап, премьер-министрге жиберет. Андан соң гана премьер-министр акимдерди дайындай баштайт.

Дал ушул мыйзамга ылайык, өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов 24-январда 40 райондун акимдигине 120 талапкерди сунуштады. Эми жергиликтүү кеңештин депутаттары 15 күндөн кем эмес убакыт ичинде бир талапкерди тандап, премьер-министрдин кароосуна жөнөтүшү зарыл.

Өкмөттүн маалымат кызматынын башчысы Султан Каназаровдун айтымында, премьер-министр акимдикке талапкерлерди тандоодо бардык саясий күчтөрдүн пикирин эске алып, талапкерлердин билими жана тажрыйбасына басым жасады:

- Көрсөтүлгөн талапкерлерге атайын квалификациялык талаптар бар. Алардын алгачкысы катары билими жана тажрыйбасы деген эки критерий турат. Муну менен акимге көрсөтүлгөн талапкерлер боюнча саясий партиялардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын макулдугу алынган.

Өлкөдөгү жергиликтүү бийлик жетекчилеринин тандоодогу жаңычылдыктын колдонула башташы башкарууну борбордон алыстатып, демократиялык нукка буруу катары сыпатталууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Дыйканбаевдин айтымында, жаңы мыйзам элдин да, бийликтин да талабына төп келген акимди тандоого жол ачат:

- Бул абдан жакшы кадам. Себеби акимдер аткаруу бийлигинин өкүлү болсо да эл шайлаган жергиликтүү депутаттардын элегинен өтүп жатат. Экинчиден, өткөн жылкы ыңкылаптан соң райондордун акимдери кимдин күчү болсо, кабинетти ээлеп алмайга өткөн. Мына ушуну жокко чыгарып, өкмөт башчы карап көрүп, криминалга тиешеси жок адамдарды сунуштайт, ал эми депутаттар аны тандашат. Бул жерде балким ошол райондун эле кулуну эмес, өкмөт тарабынан сунушталган кесипкөй адамдарды тандоого шарт түзүлөт.

Шайлоо саясий чайкоочулукпу?

Деген менен акимдик орун саясий соодалашуунун бутасына айланаарын айтып кабатырлангандар да чыгууда. Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбековдун пикиринче, дайындоонун мындай жолу саясий чайкоочулукту жергиликтүү кеңештердин деңгээлине түшүрүшү мүмкүн:

- Бизде бир коркунуч бар: райондук кеңештин депутаттары кандайдыр бир соодагерчиликке барышы мүмкүн. Ар бир талапкерден "мынча акча бересиң, болбосо добуш мынча турат" деп добушун сатып жибериши мүмкүн. Мындай жорук бир эле райондо эмес, Жогорку Кеңеште деле премьер-министрди шайлоодо, төраганы шайлоодо саясий соодалашуу болуп жатпайбы. Ал эми кеңеш жөнүндө сөз кылыш абдан кыйын. Себеби ал жакта эч кандай көзөмөл жок. Бирок мыйзам кабыл алынган соң муну менен аягына чейин кетиши мүмкүн

Ошол эле кезде акимдерди жергиликтүү кеңештердин тандашы жердешчиликтин чырагына май тамызат деген пикирлер да айтылууда. Кыргызстан Коммунисттер партиясынын жетекчиси Исхак Масалиев райондук кеңеш депутаттары талапкерлердин адискөйлүгүнө карабастан, өз аймагынан аким дайындоо аракетинде болоорун айтып, кабатырланып жатат.

Кыргызстанда акимдерди гана эмес, шаар башчыларын жергиликтүү кеңеш депутаттары тандашынын тегерегинде да кызуу талкуулар жүрүп жатат.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG