Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:07

Улуттук илимдер академиясы 10-ноябрь – Бүткүл дүйнөлүк илим күнүнө карата атайын иш-чара өткөрдү. Ал жерде абалы начарлап бараткан мекеменин чогулуп калган көйгөйлөрү да ортого салынды.

Жыйынга окумуштуулар, парламенттин, өкмөттүн өкүлдөрү катышты. Илимий иштердин көргөзмөсү уюштурулуп, бул жаатта өзгөчөлөнгөндөргө сыйлыктар тапшырылды. Бул иш-чарадан улам былтыр академиялык чөйрөдө кызуу талкууга жем таштаган реформа демилгесинин оош-кыйыштары тууралуу суроо жаралды.

Улуттук илимдер академиясын реформалоо демилгесин бир жыл мурун президент Алмазбек Атамбаев көтөрүп, бул боюнча президенттик аппараттын алдында түзүлгөн эксперттик топ “Илимдер академиясынын иши бүгүнкү күндүн талабына жооп бербейт” деген бүтүмгө келген. Ага ылайык Улуттук илимдер академиясына коомдук уюм деген макам берүү сунушталган. Бул сунушка академиянын жетекчилери макул болбой, өз концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу демилгесин көтөрүшкөн.

Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Камчыбек Кожогуловдун айтуусунда, учурда бул багытта иш-аракет өз шарты менен жүрүп жатат. Анда академиянын түзүмүн өзгөртүп, курамындагы институттарды кыскартуу каралган:

- Азыр Улуттук илимдер академиясында реформа абдан кызуу жүрүп жатат. 23 институт ирилешип, структуралары өзгөрүлүүдө. Бирок, эң биринчи көйгөй каражат маселеси. Каражат болмоюнча реформа толук кандуу жүрүшү кыйын. Каржылоонун көбөйүшү менен илимдеги натыйжалар да көбөйөт.

Камчыбек Кожогулов айткан реформаны физика жана техника институтунда лазердик технология боюнча иштеген жаш кызматкер Сыдык уулу Нурбек азыр байкай элек. Нурбек Улуттук илимдер академиясын реформалоону аталган тармактын материалдык базасын жакшыртуу деп түшүнөт:

- Орусияда, Европада илим кандай өнүгүп жатса бизге да ошондой жол менен өнүгүүгө чоң реформа керек. Албетте, буга мамлекет тарабынан чоң колдоо талап кылынат. Бизди биринчи кезекте каржы маселеси каржалтат. Эски шаймандарыбыз менен жаңы ийгиликтерди жаратышыбыз кыйын. Шайман дегенде эмне? Микроскоп, заманбап технология.

Реформанын алкагында мекемеге жаш адистерди тартуу да айтылган. Сыдык уулу Нурбек азыркы шартта жаштарды илимге тартуу кыйын экенин кошумчалады.

Улуттук илимдер академиясынын кызматкери, техника илимдеринин доктору Кушбакалы Тажиев болсо реформалардын жүрүшү менен окумуштуулардын айлык акылары көбөйөт деген ойдо:

- Бул жерде бир нече институттар, лабораториялар бириктирилет. Анын эсебинен айлык акыларды көтөрүшүбүз керек. Жаштар 5-6 миң сом айлыкка иштебейт экен. Бул жерде илимге берилген үчүн гана кармалып иштеп жаткандар бар. Мен бул багытта “Кут билим” гезитине да жаздым эле. Биз Улуттук академияны революциялык эмес, эволюциялык жол менен реформа кылып алышыбыз керек.

Кушбакалы Тажиевдин билдиргенине караганда, Улуттук илимдер академиясы сунуштаган концепция боюнча мекеменин түзүмү беш эсеге чейин кыскартуу каралган. Илим-изилдөө институттары ирилештирилип, анын ордуна заманбап жети институт түзүлөт.

Анткен менен Улуттук илимдер академиясын вице-президентти Биймырза Токторалиев институттар жөндөн-жөн эле кыскарып кетпей турганын айтты:

- Өзүнүн кайсыл жери реформа болуш керегин ар бир мекеме өзү жакшы билет. Ошондуктан биз академиянын ичинде реформа кылганда жалаң эле институттарды кыскартпастан, алардын сапатына, багытына карата мамиле кылышыбыз керек. Начар багыттарды сүйөмөлөп, өйдө көтөрүшүбүз керек. Өтө жакшы болуп бараткан жагыбызды эл аралык деңгээлге чыгарып, өзүбүздү көрсөтө билишибиз керек да. Реформа деп оозеки айта бергенден эч нерсе чечилбейт.

Биймырза Токторалиевдин пикиринде, илимий жайдын курамын кыскартуу менен эле реформа ишке ашып калбайт.

Улуттук илимдер академиянын президиумунун башкы катчысы Чолпонкул Арабаев мекемедеги реформа этап-этабы менен ишке ашарын, ал 2025-жылга чейин созуларын, 2015-2017-жылдары биринчи баскычында мекеменин курамы өзгөртүлөрүн айтты:

- Буйруса биз сунуштаган концепция Билим жана илим министрлиги менен бирдикте иштелип чыгып бекитилди. Ал жерде Улуттук илимдер академиясын реформалоо үч кадам менен жүрөрү көрсөтүлгөн. Биринчиден, бүгүнкү талапка жооп бербеген мекемелердин санын азайтуу керек. Чыгымдарды сарамжалдуу пайдалануу зарыл. Ал эми окумуштуулардын санын азайтуу мүмкүн эмес. Башкаруучулардын санын азайтышыбыз зарыл.

Чолпонкул Арабаев бул концепцияда жалгыз эле Улуттук илимдер академиясын эмес, өлкөдөгү жалпы илимге байланышкан тармакты реформалоо камтылганын билдирди.

Ошол эле учурда өлкөдө илимге бөлүнчү каражатты көбөйтүп, бул тармакты коррупциядан арылтмайын, ар кыл реформаларды ишке ашыруудан майнап чыкпайт деген пикирлер да арбын.

Учурда Кыргызстанда 39 академик бар. Алардын бирөө - Аскар Акаев Орусияда турат, калганы Кыргызстанда жашайт. Ал эми мүчө-корреспонденттердин саны 49.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG