Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:09

Административдик-аймактык реформанын бийликке кереги барбы?


Нарын шаары, 2010-жыл
Нарын шаары, 2010-жыл

Аксакалдар Кеңешинин Бишкекте өткөн жыйынында областтарды жана райондорду кыскартып ирилештирүү жөнүндө сунуш бийлик башчыларына жолдонду.

Советтик заманда партиялык жана чарбалык кызматта көп жыл иштеген, азыр жашы токсондон ашык калган Корчубек Акназаров жыйында сүйлөгөн сөзүндө экономикасы өчөйүп турган өлкө үчүн жети облус менен кырктан ашык районду кармап туруу ашыкча жүк жана чыгымга алып келип жатканын белгилеп, облус менен райондорду бириктирип ирилештирүү зарыл деп мамлекет башчыга сунуш жолдоду.

Облус менен райондорду кыскартуу жөнүндө маселе биринчи жолу айтылып аткан жок. Буга чейин ыңгайы келген жерде көп эле сөз болуп келатат. Өткөн жылы апрелде келген жаңы бийлик өкүлдөрү Баш мыйзамды жаңылоого киришкенде да ушул маселе козголуп, бирок өлкөдөгү кырдаал олку-солку болуп турганда административдик-аймактык реформа эртелик кылат деп токтотуп коюшкан.

Кыргызстанда союз таркар алдында Ош жана Ысык-Көл деп бөлүнгөн эки облус гана бар эле. Талас менен Чүй боорундагы райондор республикага түз баш ийип турган. 91-жылы эгемендик өнүгүү жолуна түшкөн Кыргызстанды Акаев алты облуска бөлүп башкарып баштаган. 1999-жылы Баткенге согушкерлер басып киргенде бул аймактагы коопсуздукту бекемдөө үчүн деп жетинчи Баткен облусу уюшулган. Ошентип азыркы күндө жети дубан жана кырк район бар.

Совет мезгилинде эл чарбасы бүтүндөй мамлекеттин карамагында болгондуктан аны натыйжалуу башкаруу үчүн район менен облустарды түзүү зарыл болгон. Эгемендик жылдары колхоз-совхоздор тарап, эл чарбасынын кабелтең бөлүгү жеке колго өткөндөн кийин өлкөнү район-облустарга бөлүп башкаруу өзүн актабай ашыкча чыгымга алып келүүдө. Облус жана район жетекчилери бийликке шайлоодо добуш топтоп берүү же башка саясий тапшырмаларын аткаруу үчүн гана керектелип, экономикалык жагынан зыяндан башка пайдасы болбой калганы көп айтылып келатат.

Нарын облусунун экс-губернатору Кемел Ашыралиев аксакалдар жыйынында сүйлөгөн сөзүндө губернаторлордун өлкө жетекчисин жана анын үй-бүлөсүн тосуп меймандагандан башка кылаарга иши калбаганын сынга алды.

Эгемендик жылдары Кыргызстандагы экономикалык реформалар Эл аралык валюта кору, Дүйнөлүк банк сыяктуу эл аралык ири донор уюмдардын сунуш көрсөтмөлөрү боюнча жүргүзүлүп келди. Өлкөнүн аймактык административдик бөлүнүшү экономикалык жагынан өзүн актабай калганын, ал түгүл ашыкча жүк болуп жатканын алар деле бөркүндөй көрүп турушкан жана бул жакта реформаны баштоо керектигин бийликке айтып келатышкан.

Эл аралык эксперттердин колдоосунда өлкөнү административдик-аймактык бөлүнүшүн реформалоо концепциясы Акаев бийлиги табында турганда эле иштелип чыккан. Бирок шайлоого келгенде кыйынчылык болот деген негизде эл аралык эксперттердин сунуштары четке ыргытылган бойдон калган.

Андан кийин административдик-аймактык реформа жүргүзүүгө 2007-жылы аракет жасалып, академик Турар Койчиев жетектеген комиссия иш жүргүзгөн. Аталган комиссия облустарды жоюп, райондорду ирилештирип аймактарды түзүү жөнүндө долбоор иштеп чыккан. Бирок бул комиссиянын дагы сунуштары ара жолдо калган.

Административдик-аймактык реформа жүргүзүү боюнча комиссиянын иштеп чыккан долбоорун ошол кезде да премьер-министр болуп турган Алмазбек Атамбаев жактырган менен президенттик администрациянын ошол учурдагы жетекчиси Медет Садыркулов каршы болуп, токтотуп койгон экен. Академик Турар Койчиевдин айтымында, ошол кездеги сунуштар ишке ашканда мамлекеттик бюджетке жүк кыйла кыскарып, башкаруудагы бюрократия кыйла азаймак.

Өткөн жылы шайлоодо бийликке келген партиялар дагы өлкөгө административдик-аймактык реформа жүргүзүү керек деген программалык максаттары бар экенин шайлоо өнөктүгү учурунда элге жар салышкан. Бирок Кыргызстанда азыркы президент менен коалициялык өкмөт облус-райондорду кыскартып ирилештирүү жөнүндөгү сунуштарга кайрылып жооп айта элек.

Байкоочулар баамында, балким алар бул маселенин айланасында ашыкча сөз кылууну туура көрүшпөйт, анткени бир шайлоо бүтсө, алдыда дагы бир саясий өнөктүк - президенттик шайлоо турат. Өлкөнүн азыркы башкаруу түзүмүн өзгөртүү шайлоону өткөрүүгө кыйла кыйынчылык алып келиши мүмкүн.

Экинчиден облус, райондорду кыскартуудан миңдеген атка минер ишсиз калат. Мындан нааразылык чыгып, жаңы толкундоолор пайда болушу ыктымал. Бул дагы бийликти ойлонотпой койбойт. Ошондуктан байкоочулар аймактык-административдик башкарууну реформалоонун элге кереги болгон менен, анын бийликке кереги жок дешет. Коомчулукта бул маанилүү маселенин бийликке шайлоо маалында элдин колдоосун алуу үчүн саясий чайкоочулук максатта гана керек окшойт деген ой калууда.

XS
SM
MD
LG