Линктер

20-июнь - Бүткүл дүйнөлүк качкындар күнү. Качкындар бир чоң өлкөнүн бүтүндөй калкына тең келген дүйнөдөгү эң ири “диаспора” болуп саналат (60 миллион адамдын 20 миллиону качкындар, калганы өлкө ичинде айласыз ары-бери жер которгондор). Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин алкагында башкалка издеген качкындарга жана аргасыз ары-бери жер которгондорго арналган биринчи конференция Орусия Федерациясынын өкмөтүнүн демилгеси менен БУУнун качкындар иштери боюнча Башкармалыгы тарабынан уюштурулуп, ал Женевада 1996-жылы май айында болуп өткөн, мен бул эстен кеткис конференцияда теңтөрага болгомун. СССРдин кыйрашынан кийин пайда болгон конфликттердин жана согуштардын кесепетинен, жаңы эгемен мамлекеттерди түзүү маалында келип чыккан жаңжалдардан, ошондой эле КМШдагы бир канча мамлекеттердин ичинде пайда болгон жарандык согуштун айынан мурдагы советтик 9 миллион адам куугунтукка кабылып, туруктуу жашаган аймагынан аргасыз жер которууга мажбур болгон.

Качкындар менен иштөөдөгү алгачкы тажрыйбалар

Кыргызстан БУУнун мүчөсү катары, ошондой эле мындан туптуура 20 жыл мурда 1996-жылдын 8-октябрында1951-жылы кабыл алынган Качкындардын статусу жөнүндөгү Конвенцияга жана 1967-жылы кабыл алынган Протоколго кол койгон мамлекет катары 20 жылдан бери өз өлкөсүн калтырып, коопсуз жашоо издеген качкындарды кабыл алып келет. Булардын агачкылары 1992-95-жылдары Тажикстанда жүз берген жарандык согуштун кесепетинен бизге өтүп келген 20 миңге жакын тажиктер жана кыргыздар болуп саналат.

1997-жылы Качкындар иштери боюнча Жогорку Комиссар Садако Огата айымдын Кыргызстанга келгени күнү бүгүнкүдөй эсимде. Биз экөөбүз ошол маалда өлкө кырсыкка кабылган адамдардын массалык келишин биринчи жолу баштан кечирген жер -Баткен районуна түз эле учуп келгенбиз. Жаш өлкө өзүнүн калыптанып жаткан алгачкы жылдары зор гуманитардык көйгөйгө дуушар болду. Бул көйгөйлөр БУУнун Качкындардын иштери боюнча башкармалыгы жана эл аралык коомчулук тарабынан өз учурунда натыйжалуу жардам көрсөтүү менен чечилген. Качкындарга күнүмдүк жашоосу үчүн ар тараптан жардамдар берилген, алтургай качкындардын балдары үчүн мектеп да ачылган, ага ыраазы болгон айылдыктар мектепке Садако Огатанын ысымын беришкен. Этникалык кыргыздар негизинен биздин өлкөдө жашап калышты, тажиктер болсо 1997-жылы согуш токтоп, өз ара жарашуу орногондон кийин мекенине кайтышты. Тажикстандагы бейпилдикти орнотууда биздин өкмөттүн да аз эмес салымы болгон. Кыргызстан БУУнун мүчөсү катары олуттуу милдетти аткара алды. Бирок ал өзү азыр чоң коркунучтардын илеби согуп турган өлкөлөрдун курчоосунда калды. Мен бул жерде биринчи кезекте Ооганстанды айтам. БУУнун Качкындардын иштери боюнча башкармалыгынын маалыматы боюнча 2001-жылы дүйнөдө ооган качкындарынын саны 3,8 миллионго жеткен. 2000-жылдардын ортосунда ал жакта НАТОнун күчтөрү турган маалда качкындар саны азайган. Бирок коопсуздук кырдаалы курчуй баштаганда качкындар саны дагы өскөн жана 2005-жылы 2,6 миллионго жеткен. Ооганстандыктардын көпчүлүгү кошуна Пакистан жана Иранга качышкан. Евробиримдиктин статистикасы боюнча 2015-жылы 178 миң ооган Европадан башпаанек сурап кайрылганы катталган.

Өткөн жылдын сентябрь айында, качкындардын дүйнөлүк кризиси жогорку чекке жетип турган маалда Евробиримдик Эритреядан, Ирактан жана Сириядан гана качкындарды кабыл алаарын жарыя кылган. Бул жылдын башында болсо британ өкмөтү ооганстандык качкын статусун сурагандардын ичинен макулдук ала албагандарын өлкөдөн чыгарып жиберээрин билдирген.

Ооганстандык жана сириялык качкындар. Сербия

Ооганстандык жана сириялык качкындар. Сербия

2002-жылдан тартып үмүт оту кайра жана баштаганда 5,8 миллион ооганстандык БУУнун Качкындардын иштери боюнча башкармалыгынын репатриация программасынын колдоосу менен ыктыярдуу түрдө үйүнө - Мекенине кайтышкан. Бирок 2015-жыл 2009-жылдан берки өлкө үчүн эң кайгылуу жыл болду: БУУнун Качкындардын иштери боюнча башкармалыгынын 2016-жылдын биринчи кварталындагы ооганстандыктардын үйгө кайтышы коопсуздук кырдаалынын начарлоосуна байланыштуу “тарыхый минимумга” жеткенин ырастады. Биз кошуна өлкөдөн акыркы жылдары бейпайга салган жаңылыктарды тез-тез угуп калдык. "Кундузду талиптер ээлеп алды, анан бошотулду. "Ислам мамлекети" террордук уюмунун жоочулары Жалалабадда адамдардын башын алды" деген кайгылуу маалыматтар келүүдө. Бул болсо Кабулдан болгону эки сааттык аралыктагы жерде болуп жаткан окуя. Хельманд, Урузган провинцияларында согуштар жүрүп, адамдардын жашоосу ал жактарда кооптуу бойдон калууда. Ошондуктан, Ооганстанда өмүрүнө коркунуч туулгандыктан адамдар дагы эле өлкөнү таштап кетүүнү улантышууда.

Биздин өлкөдө 10 жылдан ашуун мезгил жашаса бериле турган тиешелүү уруксат-документтерди алган качкындардын 100гө жакын үй-бүлөсү бар. Алардын көбү ооганстандыктар. БУУнун Качкындардын иштери боюнча башкармалыгы алардын келишин легалдаштыруу жана аларды коомго аралаштыруу үчүн аракетин жасап келет. Алар биздин бюджетке оорчулугун тийгизбейт, аларга эл аралык коомчулук жардамын берет. Булар өз үйүн, тапкан-жыйнаганын таштап, кара башын коргоп калуу айласында өз Мекенинен кетүүдөн башка чарасы калбаган кадимки эле адамдар. 1916-жылы жүз миндеген кыргыздар да падышалык бийликтин таш боор куугунтуктоолорунан башын корголоп, Кытайга качкан. 2010-жылы Ош окуялары учурунда өмүрү коркунучка кабылган биздин адамдар Өзбекстандын аймагына массалык жер которууну баштан кечиришти. Бирок, көп өтпөй алар баары аман-эсен үйүнө кайтып келишти. Адамзат тарыхы тастыктагандай, көптөгөн өлкөлөрдүн мисалында качкындар жана жер которгондор аларга башпаанек берген өлкөлөрдө көбүнчө эч кимге зыяны жок жарандар, мыкты адистер болуп чыгышат. Чоочун өлкөдө, чоочун жагдайда, тил билбей, ар кандай кызматтардын кысымына кабылып,ыңгайсыздыктарга туш болуу качкындарга оңой болбойт.

Качкындар жана Кыргызстан

Мен өткөн жылы Качкындар күнүнө карата салтанаттуу иш чарада 15 жаштагы Элхам аттуу кызды жолуктурдум. Аны мага баскетбол боюнча улуттук команданын мүчөсү деп тааныштырышты. Кыздын үй-бүлөсү согуштан коргонуп, Кыргызстанга тогуз жыл мурда келиптир. Алар биздин өлкөдө убактылуу жашап, анан башка өлкөгө жер которушмак экен. Кыз мага Кыргызстанды өзүнүн Мекени деп сезээрин, бул жерде балалыгы өткөнүн, курбулары бар экенин, өзүн ушул жерден тапканын, өз күчүнө ишенээрин, келечекте юрист болоорун айтып берди. Ушул күндөрү анын үй-бүлөсү АКШга көчүп кеткенин уктум.

Ситора Саид Хаким үй-бүлөсү менен чогуу Кыргызстанга 1996-жылы келген. Кыргыз тилинде мыкты сүйлөйт, тилди билгени үчүн ар кандай кароо-сынктарда сыйлыктарды алган, кыргыз ырларын ырдайт, Юрий Бобковдун “Ырдайлы кыргыз ырларын” конкурсунда ырдап жүрөт.

Хила Абдул Малик Ооганстандан 1998 –жылы согуш учурунда кеткен. Орто мектепти аяктагандан кийин Кыргыз-орус Славян университетине кирип окуп жатат. Азыр да качкындар менен көп иштейт, аларга жардам берет, ден соолуктарына байланышкан маселелерде консультация берет, биздин өлкөдө калып иштеп, врач болгусу келет.

Хуссейн Кыргызстанга 1991-жылы келген. Келээри менен пилоттук мектепте окуган. Ал болгону төрөлгөнүнө 40 эле күн болгон кызын да алып келген. Бул жерде дагы эки балалуу болгон. Капыстан эле Ооганстанга кайра кеткен, кийин кайра Кыргызстанга үй-бүлөсү, балдары менен кайтып келди. Анын тун кызынын медициналык билими бар, ал медицина тармагында адистешүүнү улантып жатат. Кыздарынын бири күйөөгө чыгып, Ооганстанга кайткан. Орус жана англис тилдеринен сабак берген кыздарынын дагы бири рак менен ооруп, дарыланып, азыр жакшы болуп калды. Эң кенже кызы журналистика боюнча билим алып, БУУнун Качкындардын иштери боюнча башкармалыгына өнөктөш болгон бейөкмөт уюмда иштейт. Үч уулу ата-энесине дыйканчылыкта жардам беришет. Үй-бүлө БУУнун Качкындардын иштери боюнча башкармалыгынын жардамы менен жер, үй сатып алышкан. Бардыгы жапатырмак айыл чарбачылыгы менен алектенишет. Иштери жакшы, өздөрүнүн бизнесин өнүктүрсөк, башка адамдарга да кошумча иш орундарын түзсөк деген тилектери бар.

20 - июнь - качкындар күнү. Биздин коомдо айласыз тагдыр сыноосуна кабылган качкындар да бар экенин эстейли, алардын муктаждыктарына көңүл буралы, аларга кайрымдуу бололу.

Роза Отунбаева, Кыргызстандын экс-президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG